Көрүнө окуялардын көмүскүө жактары: Дүйнөдө бюджетти толтурган тармак бизде эмнеге чыгашалуу?

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Бишкектин мэри Азиз Суракматов маектеринин биринде: “Бүт дүйнө жүргүнчүлөр транспортунун эсебинен бюджетин толтурат, кирешелердин эсебинен жаңы чоң автобустарды сатып алуу мүмкүндүгү бар, Бишкек мэриясы гана чыгашаларга тушугууда”, — дептир.

Чынында мэрдин сөзүнө кошулууга болот. Бирок кептин баары мына ошол шаардык транспорт тармагынын маселесин чечүүгө шаар башчыларынын аракеттенбегенинде жана ал тармактын коррупцияланып кетишинде.

Анткени, шаардык транспортто чоң автобустарды жана экологиялык таза транспорт каражатты — троллейбусттарды каттатуу менен шаардагы тыгындарды, а эң башкысы – экология маселесин да чечүүгө болмок. А бул аягында келип шаар калкынын башкы байлыгы – ден соолугуна коопсуздукту азайтмак. Азыр эле медиктер көптөгөн дем алуу органдарынын илдеттерин мына ушул борбордогу экологиялык кырдаал менен байланыштырышууда.

Мына бир гана “бирок” бар. Ал – ошол микроавтобустар иштеген маршруттардын кожоюндарынын өздөрүнүн же ири чиновниктер болушу же алардын кожоюндарын ири чиновниктердин калкалап турушу. Мына ошондон улам, андайлар кээкээде бустарда жүрүү акысын көтөрүү жөнүндө маселени таштай коюшуп, коомчулук каршылык көрсөткөндө, аны кайра жокко чыгарышып, жалпысынан бул маселе чечилбей турат. Тармактын өтө кирешелүү экенин мэр А.Суракматов да айтып, жеке ишкерлер эч убакта өзүнө пайдасыз иштебей турганы менен өз сөзүн тастыктады.