Азыркы адабияттын кадыр-баркы кандай?

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Улуттук жазуучулар союзуна жетекчи болуп, менеджерлик кызматты аткарып келатам. Союз өтө оор акыбалда калыптыр. Мисалы, отурган оруну үчүн эле бир жарым миллион сом карызы бар экен. Ал аз келгенсип, анын үстүнө жүз канча миң сом пеня кошулуп, натыйжада, жазуучулардын имаратта ээлеген аянты кичирейип отуруп, кабылдама жана анын эки канатындагы төрага менен орун басардын кабинети гана калган. Мындай маалыматты КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жазуучулардын 13-декабрда өткөн кезектеги съездинде айтты.

“Эң негизгиси, Президенттин көзү түз…

” Төрага Нурлан Калыбековдун айтымында, ишке адеп киришкенде эле союздун чарбалык маселелерин чечүүнү колго алган. Эл жазуучусу Мелис Абакиров, эл акыны Акбар Рыскулов, Жедигер Саалаев, Бек Жылдыз, Абдымамбет Сариев ж.б. менен биргелешип ЖКнын профилдик комитетине үч маселе көтөрүп кайрылышкан. Биринчиси – карыздарды кечүүнү карап берүү, экинчиси — союздун улуттук деген статусун эске алуу менен, өкмөттөн жыл сайын бир жолу жардам берип туруу маселесин чечүү. “Болбосо, Жазуучулар союзу коомдук уюмдардын катарына кошулуп калгандыктан, бюджетке түздөн-түз тиешеси жок экен”, – дейт Н.Калыбеков. Үчүнчүсү – канча жылдардан бери иштеп келе жаткан союздун өзүнө караштуу имарат маселеси боюнча кайрылуу.

Төрага өз отчётунда ушул маселелер парламентте эки окуудан өткөндүгүн, үчүнчү окуудан өтсө, иш оң жагына чечиле турганын да айтты. Союздун 85 жылдык иш-чарасында Президенттин кеңешчиси Султан Раев бул ж.б. маселелер тууралуу кулак кубантарлык сөз сүйлөп, эң негизгиси, чыгармачылык союздарга Президент С.Жээнбековдун көзү түз экендиги тууралуу сөз кылды.

“Чыгармачыл союздар каралбай калды” деп туш-тушка чуркаганыбыздын шарапаты менен, башка – сүрөтчүлөр союзу, композиторлор, киночулар союздары сыяктуу чыгармачыл союздарга дагы көңүл бурула баштады”, – дейт Н.Калыбеков.

Адабияттын арабасы “кылдыроодо”

Союзда чарбалык иштерге удаа эле чыгармачылык жаатта да алгылыктуу иштер жок эмес. Мисалы, Казакстан жазуучулар союзу менен кыргыз жазуучулар союзунун ортосунда чыгармачылык келишим түзүлүп, казак жаш акындарынын ырларын кыргызчага, кыргыз жаш акындарынын ырларын казакчага которуу аракеттери ишке ашууда.

“Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы” Бакуда чыгып, 35 жашка чейинки жаш акындар төраганын жетекчилиги астында Азербайджан мамлекетине антологиянын бетачарына барып, чыгармачылык тажрыйба алмашып, кызматташуу меморандумуна кол коюп келишкен. Мындан сырткары, кыргыз поэзиясынын чыгармалары кытай тилине которулган.

Эмне үчүн “улуттук” статусу бар башка мекемелерге көңүл бурулуп, Улуттук жазуучулар союзу көмүскөдө калган?

“12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнү” экенин көп чиновиктер билбей тургандыгы да иш-чарада төрага тарабынан айтылды. “Анткени, бул күн залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн далдаасында калып, башка жазуучуларды кой, жада калса, Алыкул Осмонов эскерилбей калууда. Мына ошол себептүү, Жазуучулар күнүн 21-апрелге жылдыруу маселесин карап жатабыз”, – деди төрага.

Эске сала кетсек, бул маселени буга чейин да улуу муундагы жазуучулар көтөрүп чыгышкан болчу. Ал эми жазуучулардын эмне себептен 21- апрелди тандап жатканынын себебин, төрага 1934-жылы 21-апрелде жазуучулардын биринчи съезди болгону менен түшүндүрдү.

Төрага тарабынан съезддин катышуучуларын кубанткан дагы бир маалымат – учурда Президенттин аппаратынын юридикалык бөлүмүндө Жазуучулар союзунун “улуттук” деген статусуна юридикалык баа берүү маселеси каралууда. “Мисалы, улуттук деген статусу бар филармония, илимдер академиясы сыяктуу мекемелер мамлекет тарабынан каржыланат да, 2004-жылы улуттук статус берилсе да, Жазуучулар союзу каржыланмак түгүл, таптакыр кароосуз калган. Эгерде биз да башка улуттук мекемелер өңдүү каржылансак, гезитибизди чыгарат элек. Адабияттын арабасын алдыга жылдырат элек. Албетте, башка мамлекеттерден же башка тармактардан демөөрчүлөрдү табышыбыз керек, бирок биз Улуттук союзду жеке менчик ишканага айлантпашыбыз керек”, – дейт төрага.

Калыбековдун пикиринде, “баарынан мурда сөз болгон” деген икаяны эске алуу менен жана адабият – маданияттын туу чокусу экенин, башка маданий тармактардын баары адабияттын – сөздүн негизинде жаралып, жашарын эске алуу менен, 21-кылымда жазуучулар союзунун жана жазуучулардын кадыр-баркын көтөрүү – негизги милдеттердин бири. Ушунун негизинде К.Жусубалиев, А.Эгембердиев, К.Бакиров сыяктуу азыркы адабияттын залкарларына эл жазуучусу, эл акыны наамын алып берүү дагы съездде союздун жыл ичиндеги ийгилиги катары бааланды. Ошондой эле, жогорудагы маселелердин баары чечилип калса, китептерди чыгаруу менен катар, адабий сынды жандандыруу, сынчыларга калем акы кароо дагы алдыдагы пландарга кирген.

Сөзүнүн соңунда төрага жалпы жазуучу лардан мүчөлүк акыларын убагында төлөп туруу маселесин суранды. Анткени, ай сайын коммуналдык акыларды жана эмгек акыларды төлөө иш процесстери үчүн 32 миң сом керектелип турат жана азырынча бул чыгым мүчөлүк акылардан башка эч жактан келбейт.

Эгемендикке чейин 20, эгемендиктен кийин 72 роман жарык көргөн

Ал эми кыргыз жазуучуларынын, тактап айтканда проза жанрынын эгемендүүлүк жылдардагы акыбалы тууралуу эл жазуучусу Мелис Абакиров сүйлөп, эгемендикке чейин бар болгону 20 роман жарык көрсө, эгемендиктен кийин 72 роман жарык көргөнүн маалым кылды жана “Мунун канчалык деңгээлде жакшы, жаман жактары бар?” – деген суроону койду. “Албетте, жакшы. Анткени, бул – адабий процесс жүрүп жатканынан кабар берет. Ал эми анын жакшы, жаманын убакыт өзү иргеп алат”, — деп, бул 72 романдын ичинде К.Акматовдун, С.Раевдин ж.б. бир топ жазуучулардын романдарынын орду бийикте экендигин ырастады.

“Азыркы драматургдардын эң жашы – алтымышта…”

Акыркы он жыл ичиндеги кыргыз драматургиясы тууралуу сүйлөгөн Жаныш Кулмамбетов, азыркы учурда театрлардын репертуары үчүн 60 жаштан жогорку муун гана иштеп жатканына токтолду. Бирок драматургия боюнча эң жаш – 20-23 жаштагы жаш драматургдардын жоон тобу атайын окуудан өтүп, өсүп келе жатканын, алды ар кандай сынактарда байгелүү орундарды жеңип алышканын жана алдыңкы күндөрдө кыргыз сахнасынын репертуарлары жаңыра турганынан кабар кылды.

Белгилей кетсек, жогоруда айтылган жаш драматургдардын көчүн Ж.Кулмамбетов өзү баштап, окутуп келе жатат.

“Жазуучу болуш үчүн экзамен тапшырыш керек..?”

Учурдагы кыргыз поэзиясы тууралуу сөз кылган Аида Эгембердиева, поэзия тармагы эң активдүү иштеп жаткан тармак экенин эске салып, бирок бир-эки китеп чыгара коюп эле Жазуучулар союзуна мүчө болууну каалагандар көп экенин, айрыкча, 60 жаштан жогорку, буга чейин башка тармактарда иштеп, эс алууга чыгып алгандардын: “Эми адабиятка келдим, мени мүчө кылгыла”, — дегенин айтып: “Балким, алар эс алуу курагында поэзияны эрмек куралына айланткысы келеттир же жазуучулукту күбөлүктү көрсөтүү менен, ар кандай чөйрөдө өз аброюн көтөрүүнү каалайттыр?” – деген суроого токтолду. Ошондой эле союзга мүчө болчу калемгерлерди кабыл алуудан мурда адабий сынактан өткөрүү керек деген оюн билдирди. “Анткени, ар бир жазуучу адабияттын теориясы, ж.б. кабардар болушу керек”, – дейт.

Балдар адабияты, котормо, сын…

жашап жатат Съездде балдар адабияты, котормо жана эл аралык байланыш тууралуу да сөз болду. Котормо тууралуу кеп кылган Таштанбек Чакиев, котормочу катары К.Басылбековдун кумурскадай тынымы жок иштеп, бир канча чет элдик чыгармаларды кыргызчага жана кыргызчадан башка тилге которуп, бир канча китеби жарыкка чыкканы тууралуу айтты. Ошондой эле улуттук адабий көркөм сындын азыркы абалы тууралуу филология илимдеринин доктору, профессор Садык Тиллебаев кеңири кеп кылып берди. Анын айтымында, учурда сын жанры иштебей турат деген туура эмес. Жаш сынчылардын жоктугу эле болбосо, 60 жаштан жогорку курактагы сынчылардын бир топ эмгектери жаралып, адабиятка салымын кошууда. Мисалы, Осмонакун Ибраимовдун кыргыз адабиятынын тарыхы тууралуу эки томдугу кыргыз адабияты үчүн ат көтөргүс эмгек болуп саналаарын айтып, мындан сырткары да бир топ адабий сын жанры боюнча жарык көргөн эмгектерди атап өттү.

О.Ибраимов кечээги жана азыркы адабияттын абалы, бул жаатындагы илимий иштер тууралуу айрым маселелерге токтолду.

“Эмне үчүн жазуучулар кодуланган?

Анткени…” Жарыш сөзгө чыгып, сунуш айткан жазуучулардан эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин сунушу көпчүлүктүн бүйүрүн кызыгып, учурда коомчулукта: “Эмне үчүн парламентте чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү жок? Интеллигенция эмне үчүн баш көтөрбөйт?” – деген суроо туулуп жатканын айтты. “Анткени, алар кыйратып иштеген эмес”, – деп жооп берген саясатчылар да бар экенин эске салып: “Эсиңерде болсо, чыгармачылыктын өкүлдөрүнөн турган парламент тарыхта “легендарлуу парламент” деген түшүнүк менен калды. Анткени, ал парламентте эл үчүн күйгөн, элдин тагдырын ойлогон, эл үчүн ак кызмат кылган, алайын-жулайын дебеген чыгармачыл чөйрөнүн интеллигенттери отурган. “Булар биякка келсе, балакетке калат экенбиз”, – деп, кийин чыгармачыл интеллигенциянын, анын ичинде жазуучуларды параламентке атайылап жолотпоонун амалын, жолдорун издешти. Чыгармачыл чөйрө өгөйлөндү. Болбосо, партияларды карагыла. Баары итий партиялар. Ошолор ичинен депутаттарды чыгарып жатышат. Алар элге кантип жана эмне кызмат кылып жатканын, каякка бара жаткыбызды көрүп жатасыңар. Ошондуктан, мамлекеттин келечегин, элдин эртеңин ойлосоңор, парламентке чыгармачыл чөйрөдөн иштей турган жылаңач баатырларды алып барууга аракет кылып, жолдорун сунуштообуз керек!” – деген сунушун билдирди.

Съезддин соңунда делегаттар КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагалыгына башка талапкерлерди көрсөтпөй туруп, Н.Калыбековдун ордунда калып иштөөсүн бир добуштан колдошту.