Баткен: Кен казылсын, бирок, мыйзамдуу болсун

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Облус аймагындагы тоо кен ишканаларындагы коопсуздук маселелерин караган жыйын Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун жетекчилиги астында өттү. Жыйынга район-шаар башчылары, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйында акыркы мезгилде өзгөчө, тоо кен казуу ишканаларында техникалык коопсуздук сакталбагандыгынан улам, адам өмүрүн алган кырсыктардын чы гуу себептери жана кесепеттерин жоюу маселелери каралды. Учурдагы укуктук нормативдик актыларга ылайык, тиешелүү органдардын менчик ишканаларды текшерүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин белгилешти. Ошондуктан, маселени чечүү үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Ошондой эле, тоо кен өнөр жай ишканаларында кесиптик адистердин жетишпестиги да негизги маселе экени айтылды. Аны менен катар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кооптуу жайларда иштөө менен тобокелчиликке барбоо, мыйзамсыз кен казууга жол бербөө жаатында жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Сүлүктү шаарындагы “Ормон” ЖЧК көмүр шахтасында 4 адам газга ууланып каза болсо, 2019-жылы жалпы Баткен облусунда 12 адам көмүр шахтасында каза болгон.