“Альянс Алтын” компаниясы ачыктыкты жактайт

Кыргызстандагы экинчи орундагы эң ири алтын кени болгон Жерүйдүн алгачкы алтын куймасын көрүүгө аз убакыт калды. Казуу иштерин туура бир ай мурун ишин баштаган “Альянс алтын” ишканасы бүгүнкү күндө 5 миң тоннага жакын кен казып, келерки жылдын март айында алтынды көрсөтүүгө катуу аракет кылышууда. “Мамлекетке, элге берген баардык убадаларыбызды толук аткарабыз. Бул үчүн тыным албай иштеп жатабыз”, – деген компаниянын башкы директору Михаил Шубин 12-декабрь күнү “Альянс Алтын” ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча отчеттук тегерек стол өткөрдү. Ага мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, тоо-кен тармагы, экономика, экология маселелери боюнча эксперттер катышты.

“Альянс Алтын” ишканасынын генералдык директору Михаил ШУБИН: “Чыгымына карабай, дүйнөлүк акыркы технологияларды колдондук”

– Биз башынан ачык-айкын компания экенибизди жар салып келгенбиз. Бүгүн дагы жасап жаткан иштерибизди, алдыдагы пландарыбызды жалпы коомчулук менен чогуу талкуулап, ачык диалог жүргүзүүгө кызыкдарбыз. Жерүй кени өзүңөр жакшы билгендей, Кыргызстандагы эң ири алтын кендеринин бири. 1 миллион 300 миң тонна кенди иштетүүнү пландап жатабыз. Алтын ылгоо ишинде, калдыктарды сактоочу жайда биз эң акыркы заманбап технологияларды колдонуп, топуракка, сууга зыян келбегендей процессти камсыз кылабыз. «Экология башкы орунда» деген позициябызды бек сактоо менен фабриканын ишинде колдонулган сууларды биз кайра иштетип, бир дагы литр тышка чыгарылбайт.

Жогоруда айтып өттүм, биз ишибизде азыркы замандын талабына жооп берген, канадалык, швециялык, италиялык, түштүк африкалык дүйнөлүк бренд фирмалардын технологияларын колдонобуз. Биз атүгүл россиялык жана кытайлык өндүрүштөгү технологияны колдонгон жокпуз. Албетте, бул көбүрөөк чыгымды талап кылды, бирок, биз келишимде көрсөтүлгөн эң мыкты технологияларыбызды колдонобуз деген талаптарды кынтыксыз аткардык. Лицензиялык келишимде 30 пайызга чейин өз кызматкерлерибизди алууга укуктуу болгонубузга карабай, бүгүнкү күндү биздин компаниядагы кызматкерлердин 90 пайызы жергиликтүү тургундардан куралды. Өндүрүш техника, заманбап технологиялар менен байланыштуу болгондуктан, көбүн өз эсебибизден окутуп келдик.

Бүгүнкү күндө алтынды бөлүп алуучу фабрика ишке кире элек, бирок курулуш иштерине 700 жумушчу эмгектенип жатат, анын ичинен 500 жумушчу жергиликтүү тургундардан алынган. Алтын өндүрүлүп баштаган соң, кызматкерлердин саны келишимде көрсөтүлгөндөй миңден ашат. Учурда кызматкерлердин орточо айлыгы 500 долларды түзөт. Айлыктарды өз убагында, ар бир айдын 10нуна чейин үзгүлтүксүз төлөп келүүдөбүз. Биз эч кандай киреше таба элек болсок дагы, 2015-жылдан ушул жылдын 1-декабрына карата мамлекеттик казынага салык катары 602 миллион сом төктүк. Ошондой эле лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн “Бакубат Талас” фондуна 450 миллион сом инвестиция жумшадык.

Талас облусунун башчысы Марат МУРАТАЛИЕВ: “Альянс Алтындын” аркасы менен Таласта жакыр үй-бүлөлөрдүн саны кескин кыскарат”

– Жерүй кенин иштетүү Кыргызстан үчүн, Талас облусу үчүн өтө зор окуя. Элдин турмушун жакшыртууда бул ишкананын салымын айтпасак да түшүнүктүү. Кендин өзүндө иштеген, тейлөө, кызмат көрсөтүү ж.б. кошумча фирмадагыларды кошкондо 2000ге жакын мекендешибиз бүгүн “Альянс Алтын” менен жашоосун жакшыртып жатышат. Талас облусунда быйыл 70дей чакан ишкана ишке берилсе, анын 20дайы “Бакубат Талас” фондунун жардамы менен ачылды. Жерүй кенин иштетүүдө мамлекеттик бюджетке түшкөн пайдадан сырткары, 2 пайызы Талас облусунун өнүктүрүү фондуна келип түшөт. Компаниянын адистеринин болжолу боюнча 400-500 миллион сом болот экен. Бул абдан чоң каражат. Облусубузду өнүктүрүүгө салымын салат.

Компанияга ишке орноштуруу ишинде атайын комиссия менен Талас облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишке жарамдуу мүчөлөрүнө өзгөчө көңүл буруп, катуу көзөмөл менен ылгап, ошолорду ишке орноштуруп жатабыз. Мыкты иштеп, 500 доллардан айлык акы алып иштешсе, жакынкы 2 жыл ичинде Кудай буйруса Талас облусунда жакыр үй-бүлөлөрдүн саны кескин кыскарат деп турабыз. “Альянс Алтын” ишканасы коомчулук менен тыгыз кызматташып, ачык-айкын иш алып баргандыгынын аркасында элдин ишенимине, колдоосуна ээ боло алышты.

Техника илимдеринин доктору Канат КОЖОБАЕВ: “Экологияга жоопкерчилик менен мамиле кылышууда”

– Жерүй долбоорунда колдонулуп жаткан акыркы үлгүдөгү технологиялар өз жемишин берип, экологиялык коопсуздук маселеси жогорку деңгээлде сакталууда. Сууну кайра иштетүү технологиясын колдонуп жаткан эң алгачкы ири өндүрүш катары “Альянс Алтын” коопсуз алтын өндүрүү ишин баштап жатат. Маселе анын аткарылышында. Эгер долбоордо көрсөтүлгөндөй баардык иш кынтыксыз, так аткарылса, экономикабызга өтө зор пайда келүү менен экологиябыз дагы чоң соккуга кабылбайт. Ошондуктан бул долбоорду колдошубуз керек.

Тоо-кен өнөр жай жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек ДҮЙШЕЕВ: “30 жыл багы ачылбаган Жерүй боюнча бир пикирге келгенибиз жакшы болду”

– 30 жылдан бери бийликтин акылсыз, жоопкерчиликсиз, өз кызыкчылыгын ойлогон коррупциялык иш-аракеттеринин натыйжасында Жерүй кени иштетилбей, ар кимдин колуна өтүп, өлкөбүзгө пайда эмес, жүк болуп келди. Жерүй Кыргызстандагы эң алдыңкы кен болуп эсептелет. Бүгүнкү тегерек столдогу айтылгандарды, компаниянын отчеттук докладын уктум. Абдан жакшы иштер болуп жатат, бир пикирге келип атабыз. Бул долбоор ишке ашып, өлкөбүзгө жакшы пайдаларды берерине ишенем. Баарынан дагы аймактарды өнүктүрүүгө бул компания өзгөчө басым жасап жатканы жакты. Өндүрүлгөн кирешенин 2 пайызын аймакка бергени абдан чоң иш. Каражаттын жарымын кайра пайда берүүчү ишкерчиликти өнүктүрүүгө берип, рентабелдүү жакшы жолду тандап алыпсыңар.

Экономист Азамат АКЕНЕЕВ: “Альянс Алтын“ Кыргызстанды көп чырдан куткарып кетти”

– Кыргызстандын кен иштетүү боюнча мыйзамдары абдан жакшы жазылган. Бирок көп жылдан берки практикабызда көргөндөй, мыйзамда жазылгандар менен иш жүзүндөгү реалдуулук эки ача болуп калууда. Ошондуктан тышкы жана ички инвесторлор кайсы бир долбоорду баштаардан мурун башка инвесторлорго болгон мамилени байкап, ошого жараша иш кылып жатышат. Ар кандай сыноолорго кабылган Жерүй долбоору ийгиликтүү ишке ашуунун алдына турганын көрүп чынында кубанып турабыз. Эми келишимдеги ар бир айтылгандарды инвестор эле эмес, өлкөбүз дагы кынтыксыз аткарууга көнүшүбүз керек.

Бизге жагабы, жакпайбы, эки тарап тең келишим шарттарын толук сактап баштасак, ошондо өлкөбүздөгү инвестициялык климат жакшырат. Чынында “Альянс Алтын” компаниясы бизди көп чырдан куткарып кетти. Өзүңөр жакшы билгендей, инвесторлорго болгон шалаакы мамиледен, келишим шарттарына кыянатчылык кылган жоопкерчиликсиздин айынан Кыргызстанды ири эл аралык арбритраждык соттор күтүп турган. Эл дагы нааразы болуп турган. Маселенин баарын “Альянс Алтын” өзүнө алып, бардык чырларды өздөрү чечти. Жергиликтүү элге дагы мыкты шарттарын түзүп, тилин тапты. Эми иш ордунан жылып, өлкөбүзгө жакшы пайдасын берет деген ишеничим чоң.

Даярдаган Тиленбек АЗЫК