Талас: Миллиард сомдук көпүрө

Келерки жылы Тараз-Талас–Суусамыр трассасында, Үрмарал суусунун дарыясынын үстүндө, Ак-Дөбө айылы жана Кызыл-Сай айылынын ортосунда 1 миллиард 148 миллион сомдук каражатка көпүрө курулмакчы. Аталган долбоор Япониялык «Жайка» программасы аркылуу каржыланмакчы.

Жогорку Кеңештин депутаты Тариел Жоробековдун маалыматы боюнча, долбоор Жогорку Кеңештен үчүнчү окуудан өттү. Көпүрө келерки жылы курулуп баштайт. Көпүрөнүн жалпы өтмөк аянты 1197 метрди түзүп, көпүрөнүн бир тарабында узундугу 500 метрлик тротуар да курулмакчы. Ошондой эле көпүрөнүн оң жак жээгине 180 метр аралыкка жана сол жак жээгине 120 метр аралыкка тектир, текче түрүндө блоктор төшөлүп, бекемделет.

Мурдатан белгилүү болгондой аталган эки айыл ортосундагы көпүрө чукул бурулушта жайгашкандыктан жана көпүрөнүн кууштугунан жол кырсыктары көп болуп келген. Ошондуктан эл аралык деңгээлдеги үлгү менен көпүрө куруу зарылдыгы келип чыккан.