Акысыз жактоочуң бар бурадар!

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” (МКЮЖ) мыйзамынын күчүнө киргенине он жыл болду. Аталган документ үч жыл илгери толукталгандан кийин жеке жарандар акысыз жактоочуга жана кеңеш алуу укуктарга ээ болушту. Бирок, калк катмарында мындай мыйзам тууралуу эшите электер арбын экендиги айкындалууда.

Маалымсыздыктын мейкиндигинде

Нарын шаарынын тургуну Бактыгүл Сейитова декабрь айында Нарын облустук юстиция башкармалыгынын калкка акысыз кеңеш берүү-укуктук жардам көрсөтүү боюнча Нарын облустук борборуна келип, документ алуу үчүн ээлик кылуу укугун танууга карата арыз менен кайрылган.

– Мен 2008-жылдан бери тамдын документин бүтүрө албай жатам. Тиешелүү жактарга арыз жазганым менен эч жыйынтык чыккан жок. Маселе сот аркылуу чечилет дешкенинен ал жакка кайрылганга каражатым жетишпейт экен. Адвокат жалдаш керек. Азыр баарысы келип эле акчага такалат да, – деген каарманыбыз Нарын шаарынын борбордук аянтынан өтүп бара жатып, топтошкон элге кабылып калат. – Мен акыбалымды айтсам обл. юстицияга келиңиз дешкенинен кайрылып, айткан документтерин топтодум. Мага эми бир адвокат бекер жардам берет экен, — деп ыраазы болду.

– Мүмкүнчүлүккө жараша ар бир районго барып жыйындарды өткөрүүдөбүз. Сурамжылоо боюнча калктын 70 пайызы акысыз жактоочу боюнча маалыматтары бар, – дейт жогоруда аталган борбордун координатору Асел Ишенова.

Бирок, тилекке каршы, акысыз жактоочулардын бар экендигин элеттегилер биле бербестигин биздин сурамжылоо айкындады. Нарын шаарынын борбордук базар аймагын аралап, айылдыктарга собол таштадык. Баарлашкан 15 адамдын 14үнүн жооптору, пикирлери терс болду.

– Иним кырсыктап, анан акысыз жактоочулар бар дегенди угуп, кызматын пайдаланганбыз. Бирок ошондо деле кур коё албай иним кошумча тыйын бердим деген. Эми жеке адвокаттар “мага баланча сом бересиң” десе бербеске аргаң канча. Абдан эле жеңилдик болот экен, – деди өзүн Таш-Башат айылынан болом деген жигит.

Өксүктөр жана үшкүрүктөр

Мындай караганда ыргыткан таш адвокаттарга тийгендей сезилет. Бирден сумканы көтөрүп же колтуктап жүргөн жактоочулар менен байма-бай кезигишип турганың турган. Бирок акыбал биз ойлогондой эмес болуп чыкты.

– Биздеги эң башкы көйгөй – жактоочулардын жетишпегендиги. Нарын облусунда лицензиясы бар 33 адвокат бар. Бирок алардын он жетиси гана толук кандуу иштешет. А бизде болгону бешөө. Бирөө Ат-Башыда, бирөө Кочкордо, үчөө Нарын шаары менен Нарын районунда. Ак-Талаа менен Жумгал районунда жактоочуларыбыз жок. Чакырсак, макул болушпайт, – дейт А.Ишенова айым.

Көп көрүнгөн жактоочулардын мамлекеттен акы алып, элдин муктаждыктарын коргогонго чыкпагандыгынын сырын Ыдырыс Асанов ачты.

– Чындыгында каражаттары тартыш эл үчүн иштегиң келет. Мисалы мен эле ноябрь айында 25 ишке катыштым. Бизге алтынчы күн кадимкидей эле жумуш күн. Кээ бир учурларда жекшемби күнү иштеймин. Жумуш ушундай. Ошондуктан жактоочулардын көбү кулак-мээси тынч, “потолок” акчаны сурап, эч кимге эсеп-кысап бербей жүргүлөрү келишет. Экинчи себеп – биз деле Нарын шаарында жашайбыз. Кышы катаал, бийик өрөөндүү жер. Мамлекет тарабынан бюджетте иштегендерге албетте 50 % коэффициент жана башка женилдиктер, кошумча төлөөлөр берилет. А бизге жалпы өлкө боюнча бирдей тариф. Мына ушуну дагы мамлекет мыйзамдуу чечиши керек. Эгер өкмөт калк катмарына кепилдеген юридикалык жардамды камсыздайбыз десе, жактоочуларга дагы тиешелүү шарттарды түзүүсү керек, – дейт ал.

Ыдырыстын мындай үшкүрүгүнө борбордун координаторунун үшкүрүгү кошулду.

– Биздин борбор быйылкы жылдын он бир айында жалпысы үч миңден ашык кепкеңештерди бердик. 480 иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталыптыр. Бирок 35 жаран акысыз жактоочулардын кызматынан пайдалана алышкан жок, – деп билдирди А.Ишенова. Көрсө ал жарандар эптеп жашоо үчүн насыя алууга кириптер болушат. Айласы жок жеке ишкер деп катталууга аргасыз. А мыйзам ченеминде жеке ишкерлер акысыз жактоочуга укуктуу эмес экен.

Сасыткы саткынчылык качан калат?

Карапайым калктын жонунан кайыш тилген жагдай МКЮЖ тутумун кыйгап өтпөптүр. “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандар” ошол эле айыл өкмөттүн айрым башчылары, кээ бир мекеме-уюм жетекчилери экен.

– Үстүбүздөн саткандар чыгууда. Мен бир жолу андай учурду анык билдим. Көрсө ал жетекчи: – Мен Ыдырыс деген жактоочуну жакшы тааныймын. Ал сага бекер эле иштеп берет”, – деп кардарды ишендирип мага жиберет. Мен мыйзам чегинде жумушту аткаргам. Көрсө, ал тиги байкуштан “мен сүйлөшүп бердим” деп керектүү суммадагы каражатты алып сол чөнтөккө солоптур. Тескерисинче, ал элге мыйзам тууралуу түшүндүрсө жакшы болмок да, – деп кейиди жактоочу Ы.Асанов.