Бишкекте өспүрүм 9-кабаттан кулап каза болду

Бишкектин 12-кичи районунда тогузунчу кабаттан кулап каза тапкан 15 жаштагы баланын өлүмү иликтенип жатат. Шаардык милициядан кабарлашкандай, окуя 13-июнда кечинде болгон.

Маалыматтарга караганда, өспүрүм өз жанын кыйган болушу мүмкүн. Иликтөө учурунда аныкталгандай, ал туугандарына SMS жолдоп, жашоого татыксыз экенин, энесин таарынтып алганын билдирген.