Көрүнө окуялардын көмүскүө жактары: Жасалмалар жайнап кеткен го…

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

“Коопсуз шаар” системасында издөөдө 7 миң жасалма автомобиль номери бар экенин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ыманалы Саркулов парламенттин отурумунда билдирди.

Ал эми жасалма номерлерди укук коргоочулар гана эмес, жарандык адамдар да колдонуша тургандыгын ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев айтты. Аны менен катар эле оперативдүү калкалоо номерлери укук коргоо ведомстволорунун базасында тургандыгын да тактады.

Парламентарий Дастан Бекешев жасалма номерлерди кантип аныктап жатышканына кызыкты. Ы.Саркулов жол кыймылынын эрежелери бузулган учурда, номер базада жок болсо, анын издөөнүн өзүнчө системасына кошуп, андан кийин издөө жарыяланарын айтты. Учурда “Коопсуз шаар” системасында издөөдө турган 7 миң номерден 850сү аныкталганын, жасалма номерлер жол эрежелери бузулган учурда гана изделээрин кошумчалады.

Мунусу кызык экен. Ушундан улам жасалма номер менен жүргөн адам жол эрежелерин бузбаса, кылмыш жасаса да таптырбай кетчүдөй. Анда “Коопсуз шаар” системасынын өзүнүн маңызы жок болуп калбайбы?..