Ысык-Көл: Көлүбүз качан тазарат?

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлеринин күчү менен быйыл көл айланасынан жана ичинен үч тоннадан ашык ар кандай таштандылар менен кытайдын узундугу он чакырымга жакын жүздөн ашык балык торлору чыгарылган.

Бирок, мындай аракеттерден натыйжа чыкпай, баягы көндүм ит адатыбыз кайталана берүүдө. Ошондон улам, быйыл Жогорку Кеңеште Ысык-Көл өрөөнүнө желим торлор баштаган бардык желим буюмдарын алып кирүүгө таптакыр тыюу салуу мыйзамы экинчи окуудан өтүптүр деген кабарды укканы менен, жергиликтүүлөр анын жүзөгө ашарына бир ишенип, мындан мурдагы, баалуу жапайы тоо жаныбарларын атууга мораторийге каршы чыккандай “ынтымакташып” кетишеби деген арсар ойдон улам ишенбей да турган убагы.