Жаракат алгандардын абалы жакшы

Баткен районунун Тажикстан менен жамаатташ айылдары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардан арылбады. Үч ай өтпөй дагы бир чыр чыкты. Анда Максат айылында катуу кагылыш болуп өткөн. Бул жолу Көк-Таш айыл аймагында 18-декабрь күнү эртең менен эки тараптын тургундары бири-бири тарапка таш ыргыта башташкан.

Алган маалыматыбызга караганда андан алты кыргыз жараны жабыр тартты. Эки тараптын расмий органдары чыр чыккан жерге келишип, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Тажикстан тарап чыгарган октон Кыргызстандын ички иштер аскер бөлүгүнүн ыкчам кызматынын жоокери катуу жарадар болуп отурат. Ага Баткен облусунун борбордук ооруканасынын дарыгерлери тез арада операция жасашты. Азыркы учурда жоокердин абалы жакшы деген кабар келип жатат. Андан тышкары, Самаркандек айылдык кеңешинин 28 жаштагы депутаты Аман Абдилаким уулу сол колуна жаракат алган. Коңшулар тараптан үч адам түрдүү жаракат алышты.

Чыр чыккан аймакка эки өлкөнүн чек ара кызматынын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана тиешелүү күч түзүмдөрү барышып, абалды териштиришти. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунунун башчысы Раджаббой Ахмадзода Көк-Таш айылынын эли менен жолугушту. Эки жетекчи чарбалык кадыресе талаштарды чоң чыр менен коштолгон чатакка айлантып жиберүүдөн сактануу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтышты. Өкмөттүн тиешелүү түзүмдөрү чек араны делимитация жана деморкациялоо иштерин тездеткен чаралары көрө турганын, эки тарап бул иште ыкчам иш жүргүзүп жатышканын билдиришкен. Андан тышкары, аймактагы абалды турукташтыруунун жолун издешкен.

Ал жерге эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү барышып, абалды турукташтыруу тууралуу кеңешти. Кыргызстан тараптан чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев, Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков барышкан.

Аймактык кабарчыбыздын билдиргенине караганда облус жетекчиси А.Мадумаров кагылышта жаракат алган жарандарыбыз дарыланып жаткан ооруканага барып, алардан кабар алган. Жабыр тарткандар үчүн зарыл болгон дары-дармектер ооруканада жетиштүү экен. А.Мадумаров оорукананын башкы дарыгерине колдо бар бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, жабыр тарткандарды сакайтып чыгаруу тапшырмасын бериптир. Облус жетекчиси жаракат алгандардын туугандары менен сүйлөшүп, кырдаал тууралуу элдин пикирин укту.

Бизге жеткен кабарларга караганда Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында окуя болгондон үч күн мурда тажик жарандары макулдашылбаган жерге мыйзамсыз курулуш кургандыгы боюнча чатак чыккан. Аталган аймакта эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусу менен чектелиптир. Ал эми 17-декабрдын түнүндө кыргыз жаранын тажик тараптын жарандары сабаган окуя болуп өткөн. Ал эми 18-декабрда эртең менен эки тараптын тирешүүсү кайталанып, окуя курчуп кеткен.

Чек ара аймактарындагы улам кайталанып келе жаткан көйгөйлүү кырдаалды биротоло чечүүнү тездетүү боюнча кечээ парламент жыйынында да сөз болду. Мисалы, депутат Улан Пиримовдун пикири боюнча Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын башкы командачылыгын республиканын түштүгүнө биротоло көчүрүү керек. Чек ара аймактарында жашаган элдин социалдык маселелерин кечиктирбей чечүү, айлык маяна жана жөлөк пулдарды өз мөөнөтүндө жеткирип берүү сыяктуу бир катар иштерди туруктуу жөнгө салуу керектигин айтты. Тиешелүү жетекчилер эки тараптын чек ара маселесине биротоло чек коюлуп, чечилгенге чейин түбөлүк кошуна жашаган эки эл сабырдуулукту, өз ара түшүнүүчүлүктү сактап турууларын өтүнүштү. Жабыр тарткандардын абалы бүгүн жакшырып калганы маалымдалууда. 19-декабрдагы алынган маалыматка караганда учурда аталган аймакта абал турукташтырылды. Ал жакта күч органдары коомдук тартипти камсыздап жатышат. Ал эми Баткен облусуна жөнөтүлгөн мамлекеттик чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Эки өлкөнүн чек ара өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат.

Назира АЛИЕВА