Канат САДЫКОВ: «Айрым адистиктердин кайра жаралуу мезгили алыс эмес»

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков менен маек.

– Кыргызстанда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алып келишет. Бирок, бул системанын оң жактары менен катар эле терс жагы дагы бар экенин айткандар көп. Билим берүү системасында көп жылдан бери жетекчилик кызматтарды аркалап келген адис катары ЖРТнын күңгөй-тескейине токтоло кетсеңиз?

– Бул боюнча талаш пикирлер, талкуулар абдан көп. Эң бир идеалдуу тестирлөө, билимди баалоонун системасы Кыргызстанда түзүлгөн деп айтууга азырынча негиз жок. Анткени 2006-жылы бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен биздин айрым мектептердин арасындагы бүтүрүүчүлөр үчүн изилдөө жүргүзүлгөн. Ошондо алардын билим деңгээлди аныктоо критерийлерин биздикилер түшүнгөн да эмес. Биздин усулдук ыкма боюнча балдарды жатка билгенге, текстти кайталап айтып бергенге же болбосо эске тутуп калганга басым жасалчу. Бул мурдагы Совет доорунун окутуу ыкмасы эле. Бирок муну деле азыр танып, четке каккан эч ким жок. Ошондой болсо дагы бул чет элдик ыкманын артыкчылыгы—баланын өз алдынча логикалык ой жүгүртүүсүнө кеңири жол ачкандыгында болуп жатат. Бул жагынан алганда Бишкектеги №61-орто мектеп өз учурунда алдыңкы орунга суурулуп чыккандыгын кошумчалай кетсем болот. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан ЖРТ америкалык гранттын негизинде Билим берүү ыкмаларын баалоого окутуу борбору аркылуу ишке ашырылган. Бул мамлекеттик эмес, көз карандысыз тесттик система азыркыга чейин иштеп жатат. Бир учурларда, мен министр болуп иштеп турган чакта, улуттук системаны, кыргыз тестти киргизүүнү сунуштаган элем. Кыргыз тестти биз ошол учурда баштаганбыз. Менин билишимче 2010-жылдан кийин тестирлөөнүн жаңы принциптерин киргизип, 9-класстардын бүтүрүү үчүн эксперименталдык тестирлөөнү киргизип көрдүк. Ошондо мен катуу сынга кабылган элем. Мындай система коррупциялык схемаларга жол ачат дегенге чейин барышты. Бирок, бул учурда Тестирлөөнүн улуттук борбору Билим берүү жана илим министрлигинин алдында ачылып калган эле. Бул борборду ачуунун зарылдыгы эмнеден келип чыкты? Эл аралык тесттик системага биз каршы эмеспиз, бирок өзүбүздүн тесттик система өсөбү же жокпу? Эмне үчүн биз бул маселеде артта калдык деген суроолор турган. Мындай шартта биздин министрлик билим берүү тармагындагы саясатты жүргүзүүчү орган катары бышып жетилген маселелерди чечүүгө милдеттүү болчу. Ошол себептүү Улуттук тестирлөө борборунун базасында 2012-2017-жылдардын аралыгында кыргыз тилин өздөштүрүү деңгээлин аныктоо боюнча көз карандысыз, заманбап тест системасын киргиздик. Бул үчүн мамлекет тийиштүү каражатты бөлүп берди. Эми орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү болобу, жаңыдан кыргыз тилин үйрөнүүнү көздөгөн башка улуттардын өкүлдөрү болобу, алар ошол тестке барганда бир система аркылуу өз билим деңгээлдерин аныктап алышат. Жөнөкөй бир мисал, өткөн президенттик шайлоодо президенттикке талапкерлер Кыргыз Улуттук университетинин залында өздөрүнүн тилди билүү деңгээлин Кыргыз тесттин жардамы менен компьютердик системада далилдеп чыгышты. Буга жалпы элибиз күбө болду.

– Демек ЖРТнын оңдоп – түзөөгө муктаж жактарын да танууга болбойт тура?

– Азыркы ЖРТнын болгон эле кемчилиги – бул биздин өзүбүздүн тест эмес. Бул башта айтылгандай, көз карандысыз чет элдик тест. Алар өздөрү деле моюн га алышат, «биз бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин аныктап бердик деп айта албайбыз. Биз алардын орто мектептен кийинки жогорку окуу жайларына даярдыгын гана далилдей алабыз» – дешет. Анан ушул жерден айтып коюшум керек, эгерде биздин абитуриенттерибиз гуманитардык багытты тандап алып, таланттуу филолог же журналист болом десе, ал ЖРТнын жыйынтыгы менен төмөнкү баллды алып калышы толук мүмкүн. Анткени алардын билим деңгээлин баалоо системасында математикалыклогикалык тест кетет, мындан тышкары тексттерди окуу жана түшүнүү, ошол боюнча жыйынтык чыгаруу маселеси турат. Ушул жагынан балдар тийиштүү жооптор ду толук кандуу бере албай калышат. Жыйынтыгында жалпы баллдын төмөн болуп калышы күтүлөт. Бул тестти жамандайын деген оюм деле жок, бирок предметтик тесттердин жетишсиздиги көзгө урунат. Ошондуктан министрлик предметтик тесттерди көбөйтүүгө аракетти баштаган болучу. Мисалы, химия-биология боюнча тестти киргиздик. Анткени медициналык багыт боюнча атаандаштык чоң болгондуктан бул предметти тестке киргизбей коюга мүмкүн эмес эле. Экинчи бир багыт боюнча физика предмети кирди. Буга жаңы, заманбап адистиктерге зарылдык түрткү болду. Мына ушулардын бардыгы акыр – аягында жалпы республикалык тестке оң таасирин тийгизип, бүтүрүүчүлөрдүн конкурста жеңүүчү болуп калышына ыңгайлуу шарт түздү деген ойдомун. Дегинкиси, ЖРТнын антикоррупциялык механизмдери күчтүү, бул биринчиден. Ал эми экинчиден балдардын логикалык жактан эркин ой жүгүртүүсүнө чоң өбөлгө болгондугу да колго ала турган багыт.

– Учурда ЖОЖдордун эл аралык деңгээлге умтулуусу, алардын ич ара атаандаштыкка жөндөмү күн санап күч алып бара жатат. Анткени азыркы учурда ЖОЖдор арасындагы рейтинг кайсы бир жогорку окуу жайлардын кадырбаркынын жана жалпы элдик баалоосунун башкы көрсөткүчүнө айланды. Бүгүн силердин университет ушул маселеде кайсы деңгээлде турат деген ойдосуз?

– Кыргызстандын ичиндеги жогорку окуу жайлардын рейтингин ЖРТнын жыйынтыгы менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тандоосу аныктайт. Бул жагынан алып караганда, биздин университет алдыңкылардын катарына чыга албайт. Негизинен эле профили окшош университеттер арасында жаштар тандаган популярдуу адистиктер бардыгын жеңип кетет. Маселен медициналык академиянын рейтинги жылдан жылга сакталып кала берүүдө. Себеп дегенде бул окуу жайды тандоо бүтүрүүчүлөр арасында кадыр-барктуу болгондугуна ылайык конкурс өтө жогору. Мындан тышкары, бир профилдеги бир канча университеттер жаштарга жаккан адистиктер боюнча иш алып барышат. Айталы, юридикалык ба гыттагы, экономикалык багыттагы жогорку окуу жайлары, материалдык-техникалык базасы чыңдалып калган, демөөрчүлөрү күчтүү Борбордук Азия Америка университети – мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жана алардын ата-энелеринин көз жаздымынан эч качан калбайт. Ошого карабастан Улуттук университет атаандаштыкка бекем туруу менен жаштар арасындагы популярдуу адистиктерди тандоону жана бул багыттагы факультеттерди ачууну улантып келе жатат. Мисалы, Эл арлык байланыштар факультети, Кыргыз-кытай факультети, Экономикалык факультеттин эки тараптуу диплом алууга шарты бар Кыргыз-Европа багытындагы бөлүмү олуттуу атаандашдыкты жаратууда. Эгерде биз жылына 4,5-5 миңге чукул студенттерди кабыл алган болсок, алар 22 факультетке бөлүштүрүлгөндөн кийин университеттин жалпы рейтингине оң таасирин бере албай калат. Мисалы философ болом деген жаштар азайгандан азайып, ал тургай бюджеттик орундар да толбой калган учурлар жок эмес. Ушундай эле жагдай политология факультетинде байкалат. Ал эми география факультетин алып карасак, эртең география мугалими же эколог катары айыл жерине барып туруктуу иштеп калам деген студенттер аз. Мындан тышкары, табигый илимдер факультети, гуманитардык факультеттер – буларда эч убакта чоң конкурс болбойт. Бирок биз каалайбызбы же жокпу мындай кесип ээлерин даярдап чыгарууга милдеттүүбүз. Албетте, мунун бардыгы убактылуу көрүнүш. Ар бир кесип ардактуу дегендей, бул адистиктердин да кайра жаралуу мезгили алыс эмес. Ал эми жалпылап айтканда, рейтинг маселеси бул студенттердин тандоосу жана каалоосу десек болот. Ушундай шартта Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети 8-9-орунда келе жатат. Бул биздин өзүбүздүн туруктуу ордубуз бар дегендикти түшүндүрөт.

– Канат Жалилович, быйыл жайында биздеги ЖОЖдордун арасында көз карандысыз рейтинг, сурамжылоо жүргүзүлүптүр. Ушул рейтингдин жыйынтыгы сиздер үчүн кайсы багыттарды өнүктүрүү зарылчылыгын көрсөттү?

– Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттик биздин республикада 2014-жылдан тартып жогорку жана андан кийинки билим берүүнүн сапатын баалоодо ийгиликтүү иш жүргүзүп келүүдө. Адистерди даярдап чыгаруунун багыттары жана деңгээли боюнча билим берүү программаларынын рейтинг изилдөөлөрү жаатында эффективдүү системаны иштеп чыгып, ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо инструменти катары карала баштады. Ошол эле учурда ЖОЖдордун мамлекеттик заказдарды камсыздоого даярдыгы, институционалдык деңгээлде алып караганда алардагы менеджментти өнүктүрүү, билим берүү кызматтарынын мониторинги, профессордук-окутуучулар курамынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү – негизги көрсөткүч болуп калды. Көз карандысыз рейтингдин илим жаатындагы жыйынтыгына караганда Кыргыз Улуттук университети Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, так илимдер позициясы боюнча биринчи орунда, гуманитардык багытта үчүнчү орунда, эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар багытында бешинчи орунда турат. Ал эми бакалавриат (адистик) боюнча үстөмдүктү камсыз кылып келе жатат.

Мындан тышкары чет элден келип, бизден билим алып жаткандардын саны боюнча Улуттук университет алгылыктуу багыттарды тандап алды. Мисалы орус тилин үйрөнүүнү көздөгөн кытай студенттери көбөйдү. Аспирантурада 4 адам, калгандары орус тилин үйрөнүү боюнча факультеттерде, курстарда окуп жатышат. Ошондой эле биз М. Ломоносов атындагы МГУ менен келишим түздүк. Бул келишимге ылайык орус тилин чет тили катары окутууга шарт түзгөн сертификатка ээ болдук. Бул жаңылыкты уккан Кытайдын Хенань провинциясынын Лоянь университети жакынкы арада биз менен келишим түздү. Ошентип биз Кытайдын өзүндө КУУнун орус тили борборун ачтык. Ал эми Франциянын Пуатье университетинен келген өкүлдөр да биздин студенттердин тил билүү деңгээлине канааттангандыгын билдиришти. Натыйжада түзүлгөн келишимге ылайык экономика багытында окуп жатышкан студенттерибиз эми Пуатье университетинин 3-курсуна олтурууга мүмкүнчүлүк алышты.

Тиленбек АЗЫК