Гүлмира БАИТОВА:  «Санариптештирүү бейтаптар үчүн ыңгайлуулукту жаратты»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинин директору Гүлмира БАИТОВА менен маек.

– Гүлмира Мусаевна, акыркы эки жылдан бери Президенттин жарлыгы менен региондорду өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө басым жасалууда. Сиз жетектеген мамлекеттик клиникалык мекемеде санариптештирүүнүн алкагында кандай иштер аткарылууда?

– Биздин Президент, аймактарды өнүктүрүү менен бирге санариптештирүү жарлыгын чыгарганы эң туура болду. Анткени кайсы гана мекеме болбосун санариптештирүүнүн алкагында электрондук система кирип, аны менен иш жүргүзүү бардык тармакта кыйла жеңилдеди. Бул учур талабы болчу. Региондордогу саламаттыкты сактоо багытын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу, аларды үйрөтүү боюнча быйыл Нарын облусуна барып, дарыгерлерге клиникалык конференция өткөрүп, биздин мекеменин хирургдары беш операция жасап беришти. Мындан сырткары алар менен чогуу бейтаптарды текшерүүдөн өткөрүштү. Жергиликтүү дарыгерлерге муун ооруларын дарылоонун бир нече ыкмаларын үйрөттүк. Учурда биздин клиника Нарын шаарындагы оорукана менен телемедицина байланышы аркылуу аралыктан байланыша алат, башкача айтканда, биз аларга кайсы бир оору боюнча алдын-ала кеңештерибизди берип тура алабыз.

2016-жылдан тартып биздин мекемеге санариптештирүүнү киргизүүнү мерчемдегенбиз. Анткени 2016-2017-жылдары Түштүк Корея, Түркия, Россия жана Чехословакия өлкөлөрүнө барып, саламаттыкты сактоо тармагы электрондук система аркылуу иштегенин көрүп келгенбиз. 2018-жылда “Барс” компаниясы Россиянын 32 регионуна телемедицина жана электрондук иш алып баруу системасын киргизген. Алардын жардамы менен биз санариптештирүүнүн биринчи баскычын, б.а, документтерди электрондук форматка өткөрүп баштаганбыз. 2018-жылы мекемеде ички серверди туташтырдык. Бул сервер аркылуу клиникадагы ар бир дарыгердин иш алып баруусун администрация көзөмөлдөп турат. Бардык кабинеттердин компьютерлер менен жабдылышында жана электрондук системага өтүүдө Президенттин иш башкармалыгы, өзгөчө Турдуназир Бекбоевдин салымы чоң болду. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында биз жергиликтүү “Мобайл сервис групп” компаниясы менен келишим түздүк. Алардын программасы биздин медицина тармагына ылайыктуу экен, компания бул программаны бизге акысыз беришти. Мындан сырткары электрондук системаны колдонууну бул компаниянын кызматчылары бизге үйрөтүштү жана аны алып жүрүшү боюнча келишим түздүк.

– Мекеменин ишмердигинин электрондук системага өтүүсү бейтаптар менен медицина кызматкерлери үчүн кандай ыңгайлуулукту жаратат?

– Июнь айынан тартып “Мобайл сервис групп” компаниясынын кызматкерлери толугу менен документтерди электрондук форматка өткөрүштү. Бул абдан түйшүктүү иш экендигине карабай, алар ар бир документти так, дыкаттык менен компьютерге киргизип, электрондук базаны түзүштү.

Бизде иштеп баштаган электрондук система үч модулдан турат. Биринчиси – администрациялык (башкы дарыгерлер, орун басарлар, клиниканын иши менен толук байланышта), мында мен өзүмдүн кабинетимде отуруп эле сервер аркылуу бухгалтердин ишин, кассаны, аптеканы, сапаттуулукту жакшыртуу бөлүмүнүн ишин, чарбалык-каражат иштерин жана эң негизгиси кайсы врач канча бейтапты кабыл алды, кайсы убактарга жазылган жана кезекте кимдер тургандыгынан өйдө көрүп, көзөмөлдөп турам. Мындай электрондук системаны колдонуу иштин сапаттуулугун арттырат жана бул программа дарыгерлердин ишин жеңилдетет.

Экинчиси – поликлиникалык модуль. Мында бейтапкананын ооруган жарандарды онлайн режиминде каттоого алуусу жана аралыктан телефон аркылуу байланышуу менен кезекке жазылуусу каралган. Мурда бейтап жарандар кайсы бир дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке туруп, убактысын коротсо, азыр үйүнөн эле алдын-ала жазылып, белгиленген саатта, кезек күтпөстөн дарыгерге көрүнүшө алышат. Бул система оорулуу жарандар үчүн абдан ыңгайлуу. Программаны киргизгени менден “поликлиникада эмнегн жарандар жок, эл оорубай калдыбы”, – деп сурагандар да болду.

Мындан сырткары жарандарды каттоого алууда топтолгон аябагандай көп документтер эки компьютерге эле батып калат, жарандарды каттаган кызматкерлердин да жумушу жеңилдейт. Кайсы бир жаранга керек болгон өздүк медициналык маалыматты компьютерден издеп табуу да жеңил. Дареги, аты-жөнүн жазуу менен эле жаран тууралуу маалыматты алса болот.

Биз электрондук система аркылуу бейтапканадагы вакцинация менен диспансеризацияны толук көзөмөлдөп турабыз. Менин орун басарым Гүлмира Биялиеванын иш алып баруусу да кыйла жеңилдеди. Анткени ал ооруп келген жаранды ооруканага жаткырууда, кайсы бөлүмдө канча орун бар экендигин же качан орун бошой тургандыгын компьютерден эле көрө алат. Санариптештирүүнү киргизүү менен биздин мекеменин ишмердиги ачык-айкын болуп калды.

Үчүнчүсү – стационар модулу. Мурда ар бир оорулуунун өздүк баракчасын ооруканага жаткандан кийин дарыгер колго жазса, азыр бейтапканадан жибергенде эле анын дарты жөнүндөгү маалымат электрондук базага түшөт. Бул ооруканадагы дарыгер үчүн жеңилдикти жаратат. Анткени жарандын анализдери, учурдагы дарты жана мурдагы оорулары тууралуу маалыматты ала алат. Анан дароо дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

– Сиздердин электрондук система башка саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелер менен байланышы болобу?

– Жогоруда айтылгандай эгер бул электрондук система бардык ооруканаларда колдонулса дарыгерлердин иши жеңилдеп, сапаттуулук артат. Бейтаптар үчүн да ыңгайлуу шарт түзүлөт. Президенттин жарлыгынын алкагында бардык эле мекемелерде санариптештирүү жүрүүдө. Жашоо бир калыпта турбайт, дайыма өзгөрүп, жаңыланып, өсүп-өнүгүп турат. Муктаждыкка, суроо-талапка жараша адам баласынын акыл-эси да жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча иш алып барууга умтулат. Президенттин бул жылда санариптештирүүнү киргизүү жарлыгын чыгарганы бизге стимул болду. Бизде иштеп жаткан программа “Түндүк” маалыматтык технологиялык системасы менен тыгыз байланышта. Бул система аркылуу башка ооруканаларга түшкөн жарандын электрондук өздүк баракчасын дарыгер сураса дароо жөнөтө алабыз. Айрым жарандар чет өлкөгө дарыланганы бара жатса да, дароо электрондук баракчасынан ал тууралуу маалыматты чыгарып берүүгө болот. Мурда ал боюнча маалыматты топтоп, анан өзүнчө компьютерге терчибиз.

– Сиз жетектеген клиникалык мекемеден кимдер дарылана алат?

– Бекитилген буйрукка ылайык жарандар, Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген коомдук ишмерлер, ардагерлер, академикпрофессорлор, художниктер, артисттер жана башкалар дарылана алышат. Мындан сырткары бардык жарандар үчүн акы төлөп дарылануу мүмкүнчүлүгү бар. Көбүнчө аккредитацияланган чет өлкөлүк “Кумтөр”, “Газпром”, “Мегаком” сыяктуу ири компаниялардын кызматчылары акы төлөп дарылануунун негизинде бизде каттоодо турат. Биз мамлекеттик мекеме болгондон кийин аларга өз баасында сапаттуу жардам көрсөтөбүз. Мисалы бизде бекилген эмгеги сиңген курулушчуну дарылоодо, жубайын кошо дарылай турган болсо, аны атайын эсеп аркылуу кошо дарылайбыз. Бул жеке клиникаларга салыштырмалуу арзаныраак. Биздин ооруканага жарандар өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан да келишет. Бүгүнкү күндө 25 оорулуу ооруканага жатса, анын ону Бишкектен болсо, он беши алыскы аймактардан келишкендер. Баткенден, Нарындан жана Таластан келгендер көп. Оорукананын жакшы жагы бир багытта эле эмес, ар тармактуу болгону. Анда неврология, кардиология, терапия, гинекология, урологиядан ж.б. багыттар боюнча ар тараптуу текшерүүдөн өтүп, толук дарыланып чыга алат. Ошондуктан дарылануу үчүн көпчүлүк жарандар, өзгөчө хирургия менен реанимацияга жатуу үчүн кезекке турушат. Мындан сырткары боорго эң көп операциялар биздин ооруканада жасалат. Жайында альвеакоккоз оорусунан жабыркаган 38 жаштагы баланын боорун тазалап, калганын салып берип, аман алып калдык. Мындай операция Борбордук Азияда биринчи жолу жасалды.

 – Медицина тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоонун жолу барбы?

– Врач үй-бүлөсүнүн тамак-ашы же кийим-кечеси жок отурганын ойлонбой, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн толук ишине жумшаш керек, анүчүн алгач иштеген адамдын эмгек маянасы жогору болуш керек.. Саламаттыкты сактоо тармагына санариптештирүүнү киргизүү да оң натыйжа берет. Себеби ар бир дарыгердин жасаган иши көзөмөлдө турат. Жадагалса УЗИ аппаратынан канча адамдын өткөнү, канча төлөм түшкөнүнөн өйдө көрүнүп турат. Биздин ооруканада жарандар үчүн карта менен төлөнө турган жана посттерминалдар орнотулуп жатат. Бул кассага түшчү каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыздайт.

Мен 20 жыл бою Кардиология институтунда М.Миррахимовдун кол астында иштедим. Союз кулаган мезгилде, акчанын артынан түшкөндөрдүн баары медицинадан кетишкен. Ошол кыйынчылык учурда айлыктардын аздыгына карабай өз кесибин сүйгөндөр гана калган. Ошол жылдары, мага Түркиянын, Россиянын клиникаларынан сунуштаганын айтсам, менин атам “Кызым, дарак бир жерден көгөрөт” деген. Менимче медицина тармагында кимдир бирөөлөр жеке кызыкчылыгын көздөсө же ишине шалаакылык менен мамиле жасашса, демек алар өз кесибин сүйбөгөндөр жана бул кесипке жаңылыш келип калгандар. Биздин кесип баарынан кымбат адам өмүрүнө байланыштуу болгондуктан жаңылууга жол берилбеши керек. Менимче, кыйынчылыктардын баарына чыдап, 6-7-жыл билим алгандардын 95 пайызы өзүнүн кесибин ардактагандар…