Дүйнө тамекиге каршы күрөшүп жатат, а бизчи?

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Тамекиге акциз салыгын көтөрсө “айсберг” жылат…

Дүйнөдө тамекинин кесепетинен жыл сайын 7,2 млн. адам көз жумуп, майыптык алгандар да көбөйүп бара жатат. Кургак учук, СПИД жана малярия – үчөөнөн каза тапкандарды бириктирсе, тамеки тартуудан о дүйнө салгандардын санына жетпейт. ДССУ – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда 2030-жылга чейин тамеки чегүүнүн зыяндуулугунан ар жыл сайын 8 млн. адам өз өмүрү менен кош айтышат. Эгерде адамзат бул кооптуу көрүнүшкө каршы олуттуу күрөш жүргүзбөсө, ушул жүз жылдыкта көк түтүн 1 млрд.ка жакын адамдын өмүрүн алышы ыктымал. Кыргызстан тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча 2019-2025-жылдарга карата “Тамекисиз жаңы муун” улуттук программасын кабыл алган. Өлкөдө жылына 30 жаштан жогорку курактагы жалпы эле жарандардын өлүмүнүн 14 пайызы тамекиге байланыштуу. Ал эми жаш курагы 35-69ка чейинки эркектерди өзүнчө алсак, 28 пайызы тамеки тартуудан же анын таасиринен каза болууда. Бул тууралуу аталган уюмдун “Тамекиден шартталган каза табуулар” деген глобалдуу отчетунда келтирилген. ДССУнун улуттук кызматкери Алийна Алтымышеванын билдиргенине караганда көп өлкөлөрдө тамеки тармагындагы бизнеске салыктарды көтөрүү аркылуу, адамга көк түтүндүн таасирин азайтып, жүрөк-кан тамыр ооруларын кескин кыскартышууда. Буга Россия, Австрия, Дания, Финляндия, Испания, Ирландия, Исландия, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Швеция мисал болорун айтат. “Алыс барбай жакын мисалды алалы. Көк түтүндүн кесепетин жоюу боюнча региондо Түркмөнстан ат чабым алдыга кетти. Ал жакта калкынын 3,4 пайызы гана тамеки чегет. Мисалы, бизде коомдук тамактануучу жайларда тамеки тартууга атайын өзүнчө жай бөлүнөрү мыйзамда көрсөтүлсө, Түркмөнстанда бардык коомдук жайларда тыюу салынган жана 2025-жылга чейин бул терс адаттан тыптыйпыл кутулуу боюнча программасы бар. Ал жакта тамекиге каршы иш-чараларды бир дагы мамлекеттик орган жүргүзбөй калбайт. Тамеки бизнесине олчойгон салык салынган. Бир дагы коомдук жайларында тамеки кармаган адамды кезиктирбейсиң”, – дейт.

Адам тамеки тартып, алкоголдук ичимдик ичип өз ден соолугуна зыян келтирсе, дене көнүгүүлөрдү жасабаса, туздуу тамакты көп жесе, жашылча-жемиштин организмге пайдасын унутта калтырса ал өзүнө эле эмес, мамлекетке да оорчулугун салат. Ошондуктан ден соолукка кам көрүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзбөсөк болбойт.

Дүйнө мамлекеттеринде тамекиге акциз салыгын көтөрүү аркылуу анын зыяндуулугун кыскарткан тажрыйба арбын. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тамекинин бир кутучасынын баасы 65-70 сомдун – 1 доллардын тегерегинде. Европа өлкөлөрүндө ал дээрлик 7-8 евронун чегинде сатылат. Ошондуктан, ал жакта студенттин каражатын тамеки сатып алууга тартыш кылып коюшкан. Эксперттердин айтуусуна караганда тамекиге акциз салыгын кыйла көтөрсө айсберг ордунан жылмак.

2006-жылдан бери республика аймагында тамекини бир-экиден дааналап сатууга тыюу салынганына карабастан азыркы күндө да бул жаман адат тыйыла элек. Чоң-кичине соода түйүндөрүндө 13-15 жаштагы окуучуларга тамекини тартынбай сатып жаткандарды байкоого болот. Ал турсун айыл аймактарында окуучуларга «акчасын эртең алып келип бересиң» деп, тамекини дааналап карызга саткандарды балдар өздөрү айтып беришкен. Кыргызстанда тамекини ачык жарнамалоого тыюу салынган. Аны саткан супер-маркеттерде, чакан дүкөндөрдө гана кутучасын көрүнөө жерге тизип коюуга уруксат. Бирок, коомдук жайларда тамеки чегүүгө чектөө бар экенин түшүндүргөн маалыматтык иштер жеткиликтүү жүргүзүлбөйт. Ал тууралуу мыйзамды билсе да уруп ойнобогон ишкерлер толтура. Атүгүл теңирден тескери келген бир мисалды келтирели. КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин бет маңдайында жайгашкан кофе ичүүчү жайда тамеки чекпеген жарандар үчүн атайын таза бөлмө жок болуп чыкты. Мындай чектен чыккан көрүнүш – түтүндү көргүсү келбеген адамдардын укугун бузуу эмеспи.

Ошондой болсо да алгачкы жакшы жыйынтыктар бар. Мисалы, Бишкектеги КЭУ – кыргыз экономикалык университети тамекиге биротоло тыюу салган, Мамлекеттик спорт комитети болсо «Тамекисиз спорт» программасын кабыл алып, кеңсе кызматкерлеринде да, спортчулар арасында да бул кесепеттүү көрүнүшкө каршы туруу ишке ашырылган.

Тамеки экономикага 17, 5 млрд. сом зыян келтирүүдө

Өткөн аптада Бишкекте Кыргызстандын 2019-2025-жылдарга карата тамекини кыскартуу боюнча Улуттук программасын талкуулаган жыйын өттү. Анда “Тамекинин КРнын экономикасына келтирген коркунучу” аттуу отчеттун бет ачары болду. Бардык дарттардын ичинен дүйнө калкын эң көп өлүмгө алып келген оорунун төрт түрүн эксперттер өзгөчө бөлүп көрсөтүшөт. Төрт дарттын түрүнөн өнүккөн өлкөлөрдүн да, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин да калкы көп каза болуп жатышат. Булар – жүрөк-кан тамыры, дем алуу органдары, кант диабети жана онкологиялык оорулар. Калкыбыздын 51 пайызы жүрөк кан тамырынын оор жана жеңил дартына чалдыккандар. Тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр ооруларын 2,4 эсеге көбөйтүп жатат.

Англия тамекинин көйгөйүн 2040-жылга чейин биротоло «тукум курут» кылуу максатын көздөөдө. Кыргызстан дем алуу органдарынын дарты боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда экен. Анткени, тамеки тартуудан тышкары, абада газдуулук көп. Калктын 70 пайызга жакыны тоолуу аймакта жашаганына байланыштуу көмүрдү көп жагышып, уулуу абадан дем алып жатышат. Бүгүнкү күндө Бишкектин нормадан бир нече эсе ашып, булганган абасы да улам талкууга түшүп жаткан чагы. Тилекке каршы, Кыргызстан кант диабетинен жабыр тартып, оорулуулар бутуколун кестирип, көзү көрбөй калган ж.б. көйгөйү бар өлкөлөрдүн катарында. Ал эми онкологиялык дарттын алдын алуу үчүн 40 жаштан ашкан ар бир аял, ар бир эркек жылыга дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, ден соолугун кароо маданиятынын төмөндүгү кендирди кесүүдө.

Эл аралык эксперттер мамлекет өз жарандарынын дене тарбия иштерине, дарылоого канча каражат жумшары боюнча бир нече өлкөлөрдү иликтешкен. Алар Кыргызстандын шартында жашаган ар бир адам 80-85 куракка чейин жетип жашоосуна толук мүмкүнчүлүктөр бар экендигин келтиришкен. Бирок, жогорудагы төрт оорунун түрлөрүнүн пайда болушунда тамекинин кесепети өтө чоң. Бул боюнча А.Алтымышева мындай дейт: «Ушул төрт дарт жумушка жарамдуу калктын кыйла бөлүгүнүн өмүрүн жалмап, андан тышкары, өлкөнүн социалдык-экономикалык жагдайына да терс таасирин тийгизүүдө. Анткени, алар билим алып, профессионалдык тажрыйбага ээ болуп, өлкөгө пайда келтирип жаткан курагында дүйнө салууда. Мамлекет экономикага активдүү салым кошуп жаткан калктын бир бөлүгүнөн ажырап калууда. Андан тышкары, майыптык алгандарга мамлекет жөлөк пул чектеп берет. Мисалы, Өкмөт 2015-жылы оорунун ушул төрт түрүн дарылоого 3,7 млрд. сом бөлгөн. Тамекиден пайда болгон коркунучтуу дарттардын төрт түрүн дарылоого жана алардын алдын алуучу иш-чараларга саламаттык сактоо тармагы аркылуу Өкмөттүн тартып жаткан чыгымы айсбергдин төбөсү эле. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнөн келип чыккан экономикалык чыгымдардын көлөмү андан 4 эсе ашып, 14,6 млрд. сомду түзүүдө. Жалпылап алганда Кыргызстандын экономикасына тамекиден келтирилип жаткан бир жылдык чыгаша 17,1 млрд. сомду түзүп жатат”, – деп белгиледи.

 “4-класстын окуучусунан тамеки чыгып жатат”

«Ата-энелер өз баласынын күндүз кечке эмне кылып жүргөнү менен иши жок. Төртүнчү класстын окуучусунун чөнтөгүнөн тамеки чыккан фактылар бар. Милиция балада тамеки бар экенин билип турса да «чөнтөгүңдү көрсөт» деп айтууга укугу жок. Андай учурда ата-эне «милиция баламдын чөнтөгүнөн акча издептир» деп чуу чыгара салат. Айтор, республиканын аймактарында тамекинин зыяндуулугуна каршы күрөшүү күчөтүлбөй жатат. Коомдук тамактануу жайларында тамекиге тыюу салынганына карабай, ачык эле чеккендер толтура. Эмне үчүн акимдер апталык чогулуш өткөргөндө өз аймагындагы жетекчилерден бул тууралуу иштин натыйжаларын сурап турбайт?», – деп, Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков кыжалат суроо узатты. Полковниктин билдиргенине караганда өспүрүмдөрдүн арасында тамеки тарткандар, насвай, электрондук тамеки жана кальян чеккендер жыл өткөн сайын арбып бара жатат.

ИИМ тарабынан 2019-жылдын он бир айында жарандарды тамекинин зыяндуулук таасиринен коргоо боюнча мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 11 606 бузууларга протокол түзүлүп, анын ичинен 5585 кишиге эскертүү берилген. Ал эми жарандардан өндүрүлгөн айып пулдун көлөмү 1 230 000 сомду түзгөн. Аталган мезгил ичинде билим берүү мекемелери, түнкү клубдар, калкка кызмат көрсөтүү органдары болуп, жалпысынан 31097 ж.б. жайлар текшерилиптир.

“Насвай ооз рагын пайда кылууда”

– 2005-2019-жылдагы абалды салыштырып көрөлү. Аталган жылдар ичинде аялдардын арасында тамеки тартуу 3 эсеге, насвай чегүү 7 эсеге өскөнү байкалган. Насвай чегүү эркектердин арасында 3 эсе өскөн. Ал эми 2014-2019-жылдар ичиндеги өспүрүмдөргө жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча насвай чегүү эркек балдардын арасында токтоосуз тарап жатканы байкалууда. Адатта аймактардан шаарга келип окуган жаштардын арасында тамеки тартуу күч алат. Бул көнүмүш адаттан чыга албай калган жаштар кайра айылына барганда тамеки сатып алууга капчыгы жукалык кылып, насвайга туруктуу көнгөн тенденция бар, – дейт, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбордун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Ч.Бекбасарова.

Республикада насвайды колдонуп, ден соолугуна залака келтирип жаткандар өзүнө да, коомго да чоң көйгөй алып келишерин түшүнүшпөйт. Анын зыяндуулугу тамекиден бир нече эсе ашып түшөрүн иликтөөлөр көрсөтүп жатат. Насвай легалсыз өстүрүлүп, үйлөрдө, короолордо кустардык жол менен жанчылып жасалат, мамлекеттин көзөмөлүсүз базарларга чыгарылып сатылат. Насвайдын курамында ден соолукту талкалай турган зыяндуу заттардын көп экени менен эч кимдин иши болбой жатат. Аны чеккендердин арасында эриндин ички жука териси, ооз көңдөйү ракка айланган учурлар, өнөкөт дарттардын бир нече түрүнө чалдыгып жатканы тууралуу дарыгерлер айтып жатат.

Тамекиге каршы күрөшүүнүн 2023-жылга чейинки кыска мөөнөттүү улуттук программасында калктын тамеки чегүүсүн 5 пайызга кыскартуу каралган. Ал үчүн ресторан, кафе, бар жана башка коомдук жайларда тамекиге 100 пайыз тыюу салуу каралган. Тамекини жарнамалоону соода түйүндөрүнүн баарында биротоло токтотуу, акциз салыгын этаптуу түрдө көтөрүү ж.б. милдеттер тагылган. Ал эми 2025-жылга чейинки узак мөөнөттүү программасында тамеки тартууну 10 пайызга чейин кыскартуу каралып жатат. Ага чейин тамекинин зыяндуулугун мониторинг жүргүзгөн мамлекеттик бирдиктүү системаны калыптандыруу, насвайды өндүрүүгө, сатууга жана биротоло тыюу салуучу механизмдерди киргизүү сунуш кылынууда.