Ал «акын ар бир ырында өлүп кайра тирилиш керек» дечү, өзү да ар бир ырда өлүп, кайра тирилчү…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акын Жолдошбек Зарлыкбеков экөөбүз Кыргыз мамлекеттик университетинде катар окудук. Биз 1-курска киргенде, менден бир топ улуу болсо да Жолдошбек Зарлыкбеков 2-курста болсо керек эле. Филфактын жатаканасында да бир кабатта — төртүнчү кабатта ирегелеш жашап калдык. Биз азыркы сынчылардын асты Аскар Медетов, акын Болотбек Бөкөлөев болуп чогуу турабыз. Аскар менен Болотбек менден улуураак болгон соң, Ж.Зарлыкбеков менен тааныш-билиш экен. Күн сайын болбосо да, күн ара биздин бөлмөгө кире калганда, бир-эки ыр окумайынча кетпейт. Ал кеткен соң, Аскар менен Болотбек мага аны ыраса макташат. Ошентип, тааныш болуп кеттик.

Окууну бүтүп-бүтпөй Ж.Зарлыкбеков “Ленинчил жаш” гезитинин пропаганда жана адабият, маданият бөлүмүндө адабий кызматкер болуп иштеп калды. Ал убакта бул абройлуу кызмат болчу. Калем кармаган жазмакерлердин баары ушул орунга отурсам деп кыялданчу. Бир күнү аны жакынсынып, редакцияга барып калсам, жайдаңдап, күлүп-жайнап тосуп алды. Анын узун жаактарына куп жарашып калган жарым айдай жаркыраган күлкүсү ууртунан төгүлүп турганда, жүрөгүнөн күлкүсү төгүлүп тургандай көрүнчү. Кабинеттин төрүндө, бурч тарапта акын Нуралы Капаров, ал андан бериде отурчу. Нуралы байке пропаганда жана адабият, маданият бөлүмүнүн башчысы, Жокем (Жоке дегеним, аны тааныган улуу-кичүүлөр ага Жоке деп кайрылаар элек) адабият бөлүмүнүн кызматкери. Салам айтып, кол берип учураштым. “Ии, таластыктар жөн келчи эмес эле, бир нерсе апкелдиңби?” деди Жокем ийменип турганымды байкап. Ыр жазган блокнотумду сундум. Үстөлгө чалкалай отуруп, шашпай, баягы блокнотту бүтүндөй карап чыкты. Мен бериде тикемен тик турам. Ал бирде кабагын бүркөй калып, бирде кашын серпип, бирде жылмайып окуп жатты.

– Ии, калем таштаганы кандай экен? – деди акын Нуралы Капаров бир оокумда.

– Нуке, бу тапан балдардын жазганын кара, – деп бир-эки ыр окуп берди эле, Нуралы байке үндөбөй күлүп койду.

– “Поэзия это состояние души”. Эгер ырда жан дүйнөнүн абалы болбосо, анда уйкаштыгың да, ырда айткан оюң да, акылың да эч нерсеге арзыбайт. Акын ар бир ырда өлүп кайра тирилиш керек. Поэзия мына ошондо жаралат, – деди да мага ыр блокнотумду карматып койду.

Мен Жокемден ырларыма кандайдыр бир ой айтат деп күткөм. Сыягы ал менин ырларымдан жан дүйнөнүн абалын таба албады окшоду. Кийин тагдырдын буйругу экен, экөөбүз чогуу иштеп калдык. Ж.Зарлыкбеков бөлүм башчы болуп, мен адабий кызматкер болуп, анын ордунда отуруп калдым. “Ленинчил жаш” гезитинин пропаганда жана адабият, маданият бөлүмү гезиттеги эң чоң жана абройлуу бөлүм эле. Калем кармап, ыр, кара сөз жазгандардын баары: Кыргыз эл акынынан жаш талапкерлерге чейин бизге келишчү, Кыргызстандын булуң-бурчунан ырларын, аңгемелерин жөнөтчү. Айрымдар бүтүндөй бир повесттерин көтөрүп келип берчү.

Кээде тор сетка көтөрүп, кээде мата баштыкты асынып, ал убактагы кинорежиссер Дооронбек Садырбаев келип, кабинетти тамекиге ыштап кетчү. Өзүн “князмын” деген Эрнис Турсунов 1937-38-жылдарда репрессияланып кеткен интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү тууралуу макалалар сериясын апкелчү… Керелди-кечке киши үзүлбөй кирипчыгып, кечке маал гана кулак-мурун кескен жымжырттык каптачу. Жокем ошол келген адамдын баарынын көңүлүн таап сүйлөшүп, орундуу сөз айтып, кирген буурадай буркулдап, ачуусу мурдунун учунда келгендерди да күлкүсү жана сөзү менен жайгарып койчу.

1990-жылы жаш акындардын “Алыкулдун ак-боз ат” фестивалы өтүп калды. “Болот, жаш акындардын фестивалынын шылтоосу менен аты бейтааныш, тааныш акын жаштардын тушоосун кесип, ажаат ачалы. Мыктыларын ыр топтом кылып, калгандарын бирден-экиден ырын тандап, сандан санга поэзия бурчун даярда” деди. Ошентип, Жокем экөөбүз “Алыкулдун акбоз ат” фестивалынын шарапаты менен борбор калаанын жогорку окуу жайларында окуган ондогон студенттердин, Кыргызстандын төрт дубанынан келген көптөгөн жаш акындардын, атүгүл мектеп окуучуларынын да тушоосун кескенбиз. Бүгүн алардын алды Кыргыз эл акыны болду. Арты наам-сыйлык албаса да, мыкты акындардан. Көптөрүнүн көзү өтүп кетти, алардын тушоосун кескен Жокемдин өзүнүн да көзү жок.

Ал “Ленинчил жашта” адабият кызматкер болду, пропаганда жана адабият, маданият бөлүмүн башкарды, бирок өзү бир сап ырын да гезитке жарыялаган жок. “Кыргыз маданияты” гезитинде деле, “Ала Тоо” журналында деле Жокемди сыйлагандар иштечү, ал жакка ырларын берсе деле, сөзсүз кезексиз чыкмак. Бирок, Жокем ырларын гезит-журналга чыгара бергенди жактырчу эмес, анын мунусу мага ал ырларын суук көз, сук сөздөрдөн аябай коргогусу келгендей туюлчу. Атүгүл ырларын жаман колго карматпай ырым кылып, жаман адамдарга да окуп бергиси келбегендей таасир калтырчу. Анын акындык жана адамдык улуу касиети анын ырларына жасаган аёо мамилесинен да көрүнүп турчу.

Жокем үчүн ырынын жарык көргөнү эмес, ырынын кандай жазылганы, тирүү ыр болдубу, же эптеп чүргөгөн бир нерсе болуп калдыбы, ошол маанилүү эле. Ал поэзия үчүн жан дүйнөсүн супарадай жайып салып, кээде бир сап ыр үчүн кажынып, жанын таштап изденчү, кээде жарым күн, бир күн бир сөз жазбай, кагазды тиктеп отуруп, ордунан туруп кетчү. Бир ырыстуу сөздү бир ай изденип, өз жан дүйнөсү менен өзү жашап жүрө берген, ырдан эч нерсе аябаган, ырсыз жашай албаган, отурса-турса ой издеген, болгондо да ойду кармалап көрүп, аны тирүү сапка айланткысы келген чыныгы акын болчу.

Кайран Жокем, мыкты, чыныгы акын болгондой эле, ал сүйлөсө сөзү ширин, ойлосо ою ширин чыныгы адам эле. Анын бирге окуган курбусу Кабыл Макешов: “Бир далайыбыз стипендия алыш үчүн, жакшы баа алыш үчүн жан талашып, марксизм-ленинизмди, тишибиз өтпөгөн сабактарды жаттап жүрсөк, Жоке сабакта лекция жазбай, ыр жазып, кыялга батып, өз дүйнөсү менен болуп, эң арткы партада, куркуйган башын катып ыр дүйнөсү менен алек болуп отурчу эле. Же түнү менен китеп окуп, сабакка барбай же китепканадан башы чыкпай, андан келатып, пивоканага чалынып, же бир вино көтөрүп келип, Дүйшөн, Молдосалим болуп, аны бөлө тартып, кийинки курстагы балдарды кайра виного жумшап, аларды тамашалап, шылдыңдап, ырсалактап, оозун басып күлүп калаар эле.

Ал тубаса маданияттуу, ак сөөк жан эле. Эл сыяктуу санын чаап, каткырып күлбөй, сыпайы оозун жаап, сүлкүлдөп күлүп калчу. Атайын куудулданбаса деле отурган жерде элдин боорун эзип, күлкүгө бөлөп салчу. Окуудан дайыма эки сабактан карызы болор эле. Дене тарбия менен чет тил сабагын жек көрчү» деп жакшы мүнөздөмө бериптир.

Бир жылга чукул чогуу иштедик. Ыр, поэзия тууралуу көп сүйлөштүк. Кээде жан дүйнөсү ташып, өзүнө өзү батпай турганда, ушунчалык чечекейи чеч боло жыргап, ырларынан көркөм окуп берчү да, ар бир ырына, анда жазылган ар бир сапка, жадагалса, айрым сөздөргө да комментарий берип, бул сапты же тиги сапты кантип таап алганын, бул сөз үчүн канча кыйналганын айткандан эринчү эмес.

Бүгүн анын ырларын окуп отуруп, Жолдошбек Зарлыкбеков, кыргыз улуттук поэзиясын ага чейин эч ким жетпеген бийиктикке көтөрүп кеткенин, кыргыз салттык поэзиясына мүнөздүү тунуктукту, жөнөкөйлүктү, аруулукту кайтарып бергенин аңдадым.

«Экөөбүз…» деген сөздө канча жыл бар? Канча эргүү! Канча күтүү, канча кумар. Кылчайсам артта жылдар айдыңында улгайып барат улам кубанычтар.

Аттигиң!
Ушул сөздүн эпкининен жел тийген барик окшоп титиребейм,
кусадар болбойм эми өзүңө мен.
А бирок, кээде жаным кыстаганда,
көңүлүм көк музданып муздаганда,
бук-зарым буураланып буктаганда,
жонумдан бүт жылдарды силкип, сага
бой урам жылаңаяк чуркаганга!

Ошондогу тумаксыз чыккан кыштай,
о, көпкө-көпкө келдиң эстен чыкпай.

Калдык биз, караңгалгыр, калдык мына,
кар жаабас, издер түшпөс бир уюлда,
тагдырдын акыл жетпес туюгунда,
жылдардын айнектелген мис-кырында,
жүрөктүн чоочун көрбөс булуңунда,
күндөрдүн колдон түшкөн сыныгында,
чындыктын чырактандай бир ырында.

Жокем ушул ырын улам-улам кайталап окуганды жакшы көрчү. Улам тамшанып, улам жыргап окуур эле. Ал ушул ырын окуп жатканда, (Ошондогу тумаксыз чыккан кыштай, о, көпкө-көпкө келдиң эстен чыкпай) деген саптарын улам кайталап окуп, “бир жылы тумакка деген акчамды жоготуп коюп, бир кыш тумаксыз чыкпадымбы, азыр да эстеген сайын жүрөгүм бир зырп этет” – деп эстеп күлүп калчу.

Жолдошбек Зарлыкбековдо жасалмалуулук жок. Анын “БУЛ ӨМҮР – БЕРЕР ЖООБУ КЕЧЕҢДЕГЕН…” деген ырын окуп көрөлү:

“Тянь-Шань, кең асманың толо жылдыз.
Төккөн ай нурундай. Көөшүйт кыштак.
Желаргы. Токум булут сүзөт изсиз,
дайранын мээлүн күүсүн үзүл тыңшап.

Жетелеп сансыз майда толкундарын,
дайра агат бейпилдикти бузуп-бузбай.
Мелтейет Күңгөй-Тескей, олтургансып
эки чал маңдай-тескей унчугушпай.

А бул жол – алда неге сунулган кол,
арылап, аң-сезимде андан да ары.
Төбөдө тетир түшкөн Саманчы жол —
жылдыздар – жылдыз курттай шамалдагы.

А бул жол кеткен өрдөп тоо-талааны,
жээгинде чаалыгышкан чаңдан чийлер.
Бу жолдо ээсиз издер канча дагы,
бу жолдо артка кайтпай өткөн кимдер?

Кырка тоо – кудум кырк төө үргүлөгөн,
сан ойдун салбыратып чуудаларын.
Жол жутат жолоочуну түн жиреген,
басаңдап бабыргандын ыйлаганы.

Сен мага… түшүндүңбү? Туура түшүн,
же мейлиң, эчен-токон көзөлдөрдөн
өттү өмүр – жеңдей кыска, колдой узун,
өттү өмүр – берер жообу кечеңдеген».

Анын ушул ырындагы ар бир сап ушунча жөнөкөй, табигый чыккан.

Жокем да өз өмүрүн куду ушул ырында жазып койгонсуп, өмүрү «…жеңдей кыска, колдой узун, … берер жообу кечеңдеген» тагдырга айланды. Жокем ырларын бош убактыны өткөрөйүн, алаксыйын деп окуган болбойт. Анын ырларын окуш үчүн сен да жалбырактай делбиреп, канат кагып, белгисиз бир дүйнөгө учуп кетүүгө даяр болушуң керек, ошондо гана ырлары окурманга ачылат. Эгер, окурман антип күүгө келип, жүрөгүндө күү жаңырып окубаса, кадыресе уйкаштык, жымылдаган саптардан башка эч нерсе таппайт, ал ырлардан адамдын жан дүйнөсүнүн абалын: кайгысын, кубанычын, толкундоосун, бүтүндөй турмушундагы карама-каршылыкты, айтып-айта албай кеткен арманын сезе албайт.

Өткөн кылымдын башында кыргыз ыры жазма түргө өтө баштаганда, кыргыз жазма поэзиясы жалбырактын дирилдегиндей ырга мүнөздүү кооздукту, жандуулукту жоготуп, ыр саптарында акындын жан дүйнөсү жок супсак, борпоң, сенек ырларга, уйкаштыктар менен ырдын сөлөкөтүнөн турган ырларга айланган. Ал ырларда бир караганда, ырга мүнөздүү нерселердин баары: композициясы, сюжети, уйкаштыгы, айтыла турган ой, ырдын каарманы бар болчу, бир гана акындын жандүйнөсүнүн абалы, ырга кооздук жана жан берген касиет, табигыйлык, нукуралуулук жок болчу. Акын Жолдошбек Зарлыкбеков өзүнүн поэзиясы менен мына ошол табигыйлуулукту кыргыз улуттук поэзиясына кайтарып берди. Анын ырлары мына ушунусу менен баалуу.

Анын “СҮРӨТТӨГҮ ӨСКӨН ЖЕР” деген ырын окуп көрөлү:

“Жол кетет. Жолду жээктеп талаа кетет,
талаанын арты, билем, дагы талаа.
Кеткен жол илкип-салкып араң жетет
суу кечип, Боом өрдөп Тянь-Шанга.
Алкагы өрүк жыгач, буудай түс сыр —
эргүүдөн бүткөн сүрөт. Ойго тунам,
жанымдын дабаасына жазылган ыр
жаралган өңдүү жайсыз чындыгымдан.
О, айтпа, түшүндүрбө! Өскөн жердин
көгүндө күмүш канат булут шашып,
төрүндө дүйүм чөбү тамыр жайып,
жээгинде шамал дуулап, толкун ташып
жол келет. Жолду жээктеп талаа келет,
берилеп, улам жылган сайын дагы,
берилеп… илкип-салкып араң жетет
апамдын сөөгү жаткан айылга бу”.

Бали. Караңызчы, эмне деген сүрөт? Эмне деген керемет? Акын табиятты жөн гана сүрөттөп жаткан жок, аны менен жашап жатат, жол менен кошо жылып, апасынын сөөгү жаткан айылга жүрөк толгон сагыныч, кусалык менен баратат. Окурман бул ырды атажуртун чексиз сүйгөн акындын жан дүйнөсү менен окубаса, анда ал кусалыктын күчүн, сагынычтын кереметин, энесинен айрылган уулдун жаралуу жүрөгүндөгү эч кимге айтпас арманды түшүнө албайт.

Жокем тубаса ак сөөк эле, качан көрбө жакасына кир жугузбай, кийимдин мыктысын кийип, кыздардын сулуусун сүйүп, ырлардын мыктысын жазып, жүргөн жерин күлкүтамашага, шаңга айлантып иер эле. Ичинде кичине таруу жок, айтаар сөздү шарт эттирип курч кылычтай бетине айткан эрдиги бар болчу. Анын бир кемчилиги, бир арманы бар эле, никелүү аялынан, Асия жеңеден баласы жок болчу. Студент кездеги бир бөлмөдө жашаган досу Кабыл Макешов ошол бала менен байланышкан күйүтү тууралуу: “Бир жолу гезит базарынан карп-курп жолугуп калдык. Кызуу экенсиң, «мен дагы эл сыяктуу токол алдым. Жаш жеңең уул төрөп берди. Жакында тааныштырам» дедиң эле. Мен ылайым ошондой болгой эле деп, чын дилимден тилеген элем. Бирок, ал деле өзүңдү өзүң соортконуң, өзүңдү өзүн алдаганың окшойт. Балага зар болуп, ичтен сызып, бул тууралуу жан кишиге айтпай, арманың ичиңде кете берди окшойт, Жоке” деп жазыптыр. Андай арман көйүн мен да билем. Асия жеңеден болбосо да, белгисиз жеңеден баласы бар болчу. “Айрымдар мени Асия менен ажыраш. Бала төрөп берген аял ал деп айтышат. Төрөбөсө эмне экен, ажырашпайм. Балам бар. Жездеме (Мисиркул Ашыркуловду айтат – авт.) айтып, баламы УКМКга киргизип койдум” деди эле бир жолу аялы менен ажыраш деп айткандарга ачуусу келип.

Ал жашоосунда жалгыз болбосо да, анын көкүрөгүндө жалгыздык жашачу.