Жүрөгүндө оту бар

Апакай кыздын сулуулугун арттырган жүзүндөгү жылдыздай калы өңдөнүп, кереметтүү кыргыз жергесинин чыгыш ыптасында алп тоолор менен төрт тарабынан бирдей курчалган чалкыган Ысык-Көл күндүн күмүш шооласына кактанып мелтиреп жатат. Ал бирде албуут толкун болуп чамынып, бирде мээримин төккөн энедей балкып мемиреп сырдуу да, табышмактуу да. Касиеттүү көлдүн түштүк тарабында күңгөй тоо кыркалары бозомук тартып, түндүк тарабынан жашыл манат жамынган тескей тоо кыркалары курчап, бири-бирине бой көтөрө заңкайышып, дөөлөт талашышкан сымал.

Батыш тарабынан Боом капчыгайынан өтөөр замат Улан шамалы зуулдап учуп, аны чыгыш тараптан күүлөгөн Санташ шамалы каршы алат. Көлдүн накта чыгыш аптасына көлдүн бүткөн жерине бир аз жетпей, саал түштүгүрөөк өңүтүндө кан жолдун боюнда Шалбаа айылы жайгашкан. Мына ошол айылда келечектеги чемпион, кыргыз спортунун легендасы Сабыр Усупов касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде ыр кураган ак жолдуу толкундардын арасында балыктар менен жарыша сүзүп, спортко алгачкы кадамын таштаган кайталангыс бактылуу балалык күндөрүн армансыз өткөрдү.

* * *

Чындап спорт менен машыга баштаган күндөрү КөкЖаңгакта шахтада иштеп жүргөн мезгилине туш келди. Шахтадагы оор кара жумуш өспүрүм үчүн чыдамкайлыктын, спортко такшалуунун мектебинен болгону ырас. Адам баласы турмушта кесипти жүрөгү менен сүйүп тандап алып, өзүнүн бүткүл шыгын, чыгармачылыгын жумшап, талбай эмгектенгенде гана өзүнүн сүйгөн асыл ишинен омоктуу майнап чыгара алат эмеспи. Бул оюбузду турмушта көптөгөн адамдар өз ишинен баар таап, айдан ачык далилдеп жүрүшөт. Мына ошондойлордун катарына ушул макаланын каарманы учурда ургалдуу жашап, иштеп, сексен жаштын сересин сермеген жана кадырман карылыкты баштан каадалуу өткөрүп жаткан Сабыр Усуповду кошууга болот.

Көк-Жаңгакта шахтада иштеп жүргөнүндө спорттун эркин күрөш түрү боюнча коомдук машыктыруучу Виктор Михайличенконун мектебинде машыгып, күрөштүн алгачкы ыкмаларын өздөштүрө баштады. Көп өтпөй аскердик милдетин өтөөгө аттанып, чыгышта Даманск аралында кызматын абийирдүү өтөп, аскерден кайтып келгенден кийин өлкөбүздүн борбору Фрунзе шаарындагы дене тарбия институтуна тапшырып, жолу болуп сынактан ийгиликтүү өтүп, окуп калды.

Сабыр Усупов бала чактан бери эңсеген кесибине акыры жетип, эми спорт дүйнөсүнө белсене киришти. Анын даңазалуу спорттук жеңиштери дал ушул студенттик курагына туш келет. Арадан көп өтпөй бул көлдүк тирикарак боз уланды бүтүндөй жамаат урматтап калды. Бул 1959-жылы ал Новосибирск шаарында өткөн Ыраакы Чыгыштын эркин күрөш боюнча биринчилигинде чемпион болгон күндөн башталды.

Ошондогу биринчи сыйлыкты тагынуу үчүн пъедесталга чыккан учурундагы толкундангандыгын айтпа. Бүт денеси калтырайт. Бул калтыроо баш айлангандыктан эмес, жаш спортчунун кесибине жан оту менен берилген сүйүүсүнөн улам, журт алдындагы жоопкерчилигин күчтүү сезгенден улам боло турган алгачкы кадамдардын калтыроосу эле. Бара-бара ал калтыроо тарап, керемет бир күчкө айланып, бүт дити менен спортко жуурулушуп кеткен. Ошентип спорттук такшалуунун жылдары өттү.

* * *

Күнү кечээ журналисттердин бири өткөндө легендарлуу маданият министри болгон Кыргыз Республикасынын баатыры Күлүпа Кондучалова жөнүндө “Жүрөгүндө оту бар аял” деп жазгандыгын таланттуу публицист Мундузбек Тентимишев өзүнүн китебинде баса белгилептир. “Жүрөгүндө оту бар” деп көрүнгөн эле адамга мүнөздөмө бере беришпейт эмеспи. Автордун айтымында, мындай таасын салыштыруу Күлүпа эже “легендарлуу министр” делип, канча бир көп жылдар даража-мансабы көкөлөп турган жалындуу мезгилине эмес, а “сыр аяктын сыры кетсе да, сыны сакталып” жатпайбы. Публицист нарктуу өмүр мүнөздөмөсүн жетиден бир бөлүгү гана суу үстүнөн көрүнгөн айсберг сыяктуу образдуу сүрөттөп жазган таланттуу калемдешинин баамчылдыгына таң калгандыгын жашырган эмес.

Мына ошол китепти окуп чыгаар замат дароо Ысык-Көл чөлкөмүнөн чыккан эркин күрөш боюнча оор салмактагы балбандар арасында Кыргызстандын он жолку чемпиону болгон СССР спортунун чебери, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Сабыр Усупов ага эсиме түштү. “Жүрөгүндө оту бар” деген учкул сөзгө жүрөктү бат-бат соктурган кандайдыр бир чоң маани, чоң ой-духтун жана максаттын бийиктигин, эрктин бекемдиги менен ыймандын тазалыгын далилдеген инсандык портрет жаткандыгы ырас.

Бир бүтүн өмүрдүн чындыгын камтыган бул сөздө кыргыз элинин легендарлуу спортчусу болгон Сабыр аганын нарктуу өмүр мүнөздөмөсүнүн жетиден бир бөлүгү гана суу үстүнөн көрүнгөн айсберг сымал карааны калдайып, ыраактан караган орошон баамчылдыгы баш багып турган жокпу?

Дал ошондой “жүрөгүндө оту бар” үчүн Сабыр Токтомуш уулу Ысык-Көл чөлкөмүндө “Биринчи спортчу” деген өлбөс-өчпөс каарманы болуп калгандыгы алаканды жүрөк тушка басып, жагымдуу эскерчү кайталангыс мисал экендиги айдан ачык. Көлдүктөр, өзгөчө Тилекмат тукуму ушул жагынанда жердешингин даңаза-даңкына таазим этүүгө милдеттүү жана кубанычтуу.

Казактын улуу акыны Абай Кунанбаевдин минтип таамай айткан сөзү бар: “…Эгер эстүү кишилердин катарында болгуң келсе, күндө бир мертебе, болбосо жумасына бир, эң болбосо айына бир жолу өзүңөн-өзүң эсеп ал. Түпкүлүгүндө адам баласы адам баласынан акыл, илим, мүнөз деген нерселери менен озот”. Ташка тамга менен басылгандай айтылган бул сөздөрдү сексендин сересине жетип калса да эли-жери үчүн абийирдүү кызмат кылып жаткан, карапайым спортчунун ой-мүдөөсүнө ортоктош болуу үчүн карыдым-арыдым дебей чемпиондорду чыгарууга аракеттенген каарманыбыздын жагымдуу таржымалынын оң жана түз маанисинде толук бойдон таандык кылууга болоору айдан ачык.

Өмүр таржымалы эки баракка опоңой эле сыйганы менен ысымы жана эл үчүн жасаган эмгеги ошол аралыкта ондогон орчундуу окуяларга бай болгондугу айгине. Анда эмесе белгилүү жазуучу Казат Акматовдун “Эки сап өмүрүндөгү” балдардыкындай каарманыбыздын да эки сап өмүрүнө токтолуп өтпөсөк болбос.

Алтымыш жылга жакындаган иш стажында бүтүндөйү спорттук кызматтарды аркалаган кыргыздын бул камчыга бекем сап болгон ишмер инсаны 1939-жылы Жети-Өгүз районундагы Тилекмат (Шалбаа) айылында төрөлгөн. Профессор. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүткөн. Эркин күрөш боюнча СССР спортунун мастери (1961-ж.), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу (1978-ж.) Эркин күрөш боюнча оор салмактагы балбандар арасында Кыргызстандын он жолку чемпиону (1957-1978-жж.), 1959-жылы Новосибирск шаарында өткөн Ыраакы Чыгыштын биринчилигинин чемпиону; 1961-жылы Львов шаарында өткөн СССРдин биринчилигинин чемпиону.

Советтик Армиянын Орто Азия жана Казакстан боюнча чемпиону (1969-ж.), СССРдин 4-, 6-спартакиадаларынын катышуучусу жана жеңүүчүсү (1967–1975-жж.). 1961-жылдан баштап машыктыруучулук ишке өткөн. 1961–1968-жылдары “Алга” ыктыярдуу спорт коомунун Борбордук кеңешинин улук машыктыруучусу; 1970-1972-жылдары Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасынын машыктыруучусу. 1972-1975-жылдары ыктыярдуу өспүрүмдөр орто мектебинин машыктыруучусу; 1975–1986-жылдары Кыргыз дене тарбия институтунун окутуучусу.

1987-1993-жылдары даярдоо бөлүмүнүн башчысы, КМУнун улук окутуучусу, “КМУ” спортклубунун төрагасы. 1993-жылдан К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия кафедрасынын башчысы. 2008-жылдан Кыргыз Улуттук университетинде уюшулган “Дене тарбия борборунун” башчысы, Финансы жана экономика институтунда декандын дене тарбия боюнча орун басары, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги (1982-ж.) профессор.

Сабыр Усуповдун күйөрмандары анын бүйүр кызыткан кызыктуу күрөштөрүн эмдигиче унутушпай айтып жүрүшөт. Алардын бири СССРдин чемпиону, атактуу казак балбаны Айхановду жыгып, намыс алып келгени. Дагы бир жолу республиканын кезектеги биринчилигинде Жумгал балбан Карыбай Бараканов менен финалга чыгат. Ал кезде К.Бараканов Беларуссия тандалма командасынын курамнда номур биринчи балбаны болгон. Экөөнүн күйөрмандары бир кезде Бөлтүрүк менен Кожомкулдун күрөшүн көргөнү келгендей чогулушат. Атаандаштардын мелдеши абдан кызыктуу өтүп, жеңиш Сабыр балбандын жеңиши менен аяктайт.

Кыргыз элинин сүйүктүү балбаны учурунда “Улутчул” деген жалаа менен куугунтукка учураган мезгили да болду. 1986-жылы декабрдагы Алматы окуясынан кийин, ал кездеги Союздук Республикалардын “улутчулдарды” издөө өнөктүгү башталган. Дене тарбия институтунун ар кандай партиялык чогулуштарында “айылдан келген студенттерге кыргыз тилинде сабак өтүү” туурасында маселе көтөрүп келген Сабыр Усупов да бул өнөктүккө кабылып, КГБнын куугунтугуна алынат. Далай сурактан өтүп, акыры бул өнөктүк күчүн жогото баштаганда гана иши жабылып, тынч уктай баштаган.

Ошону менен бирге актёрлук өнөрү да бар. ал “Караш-Караш”, “Ысык-Көлдүн апийимдери”, “Карышкырдын уюгу” фильмдеринде эпизоддук ролдорду аткарган.

* * *

Өлкөбүздүн улуттук коопсуздук кызматынын ардагери, белгилүү тарыхчы Кемелбек Кожомкуловдо бир уникалдуу фотосүрөт бар. Ал сүрөт 2017-жылдын 15-декабрында “Мега-полис” гезитине “Легенда кыргызского спорта” деген макала менен бирге басылган. Ортодо бою эки метр келген, кең далылуу, толмоч, ак калпак ийген, жүзүнөн сабырдуулугу байкалган адам турат. Ал биздин каарманыбыз – Сабыр Токтомуш уулу. Эки четиндегиси – профессор, географ Ибраим Оморов менен тарыхчы Кемелбек Кожомкулов.

Кеп мында: Сабыр Усупов XIX кылымдагы таластык кыргыздардын көрүнүктүү колбашчысы Ажыбек датканын тукум улоочусу. Кемелбек Кожомкуловдун бабасы Канай бий бардык чүйлүк кыргыздардын жол башчысы болгон. Үчөөнүн бирге сүрөткө түшүп калуусу кокустукпу же биздин унутулгус ата-бабаларыбыздын арбактарынын эркиби – өзүңүз ойлонуп көрүңүз…

* * *

Сабыр аганын үй-бүлөсүн спортчулардын династиясы деп коюшат. Уулу Тилек ата жолун жолдоп күрөштү тандап алган. Эркин күрөш боюнча СССР спортунун чебери, өлкөнүн он жолку, улуттук күрөш боюнча сегиз жолку чемпиону жана Кожомкул атындагы байгенин он жолку ээси. Ал эми небереси Акмат Усупов бокс боюнча Филиппинде жакында өткөн Азиянын жаштар чемпионатында байгелүү орунду ээледи.

Тынымсыз эмгек акыры өз жемишин берерлигине, коомубузда ак эмгек жогору урматталып, бааланарына биздин спортчулардын, алардын ичинрде КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Сабыр Усуповдун өрнөктүү өмүрү далил. Азыр ал жаш спортчулардын сүйүктүү насаатчысы.

P.S. Сабыр ага менен Асанкан эже узак жылдар бактылуу жашашып, балабакыралуу болушту. Аттиң арман, пешенеге жазганы ушул экен, өмүрлүк жубайынын көзү өтүп, кайгыга бөлөндү. Көз жашын төктү. Мезгил адамдын жаратын айыктырат экен, Сабыр ага чыйралып, өзүнүн сүйүктүү ишин уланта берди.

Жакынкы күндөрдө уулкыздары, неберелери бир чечимге келишип, 80 жылдык мааракесин жана үйлөнүү той үлпөтүн өткөрүштү. Ошентип Сабыр ага менен Ракыя эженин өмүрүндө жашоонун жаңы барагы ачылды.

Догдурбек ЮСУПОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун Ардактуу орун басары