Жазуучу жана журналист Жыпар АКУНОВА: «Менин үч канатым бар…»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Окурман журту журналист, акын жана прозаик Жыпар Акунованы “Шок жылдыз”, “Дилчырак”, “Каректе калган жаз”, “Жүрөгүңө барчу жолду издепмин”, ”Түштүккө түшкөн келин”, “Мөлтүрөк” сыяктуу ырлар жана прозалык жанрдагы чыгармалары аркылуу жакшы билишет. Бирок, автордун “Түштүккө түшкөн келин” аңгемеси боюнча тартылган “Түндүктүк келин” кинокомедиясы миңдеген көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан тасма болду. Жай алып отуруп көрсөң, чарчоонун кайда кеткенин билбей, эң сонун эс алып каласың. Мына ушул кинокомедия Жыпар Акунованын жазуучу катары чырагын жандырып, анын көркөм дүйнөсү жаңы бийиктикке көтөрүлдү десек болот. Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Жыпар Акунова менен акын Клара Кичинемолдоеванын поэзия кечеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлдү. Кечени “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду уюштурду. Аталган фонд ушуну менен отузунчу жолу сексенге жакын акындын чыгармачылык кечесин өткөрүп берди. Эки акындын лира кечесине жык толуп келген эл көркөм поэзиянын сыйкырдуу дүйнөсүнө арбалып отурушту. Жыпар жана Клара эжелердин өздөрүнөн башка эки акындын ырларын жаш жазуучулардын “Нурборбор “ клубу жана “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, КМУУ жаштары окуп беришти. Андан тышкары эки акындын текстине жазылган ырларды КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова, жаш ырчылар Бакыт Жакыпов, Мыскал Шабданалиева ырдап, залды шаңга бөлөштү. Кечеге экс-президент Р.Отунбаева өзү да келип, эки акынды куттуктады. Жыпар Акуновага чыгармачылык кече өткөндөн соң жолугуп, азын-оолак суроолор менен кайрылдым.

– Жыпар эже, “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду акындардын поэзия кечесин көп эле өткөрүп жүрөт. Ага акындарды тандоонун жана өткөрүүнүн жол-жобосу кандай экен?

– Бир жолу Клара экөөбүз чогуу барып, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусуна жазылып койгонбуз. Көрсө ал жерде акындардын лира кечесин өткөрүү боюнча тизмеге киргизип, кезекке тургузуп коет экен. Кезек жеткенде өздөрү телефон чалып кабарлашты. Чынын айтсам, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Анткени, быйылкы жылы кезек келээрин ойлогон эмесмин. Бул тууралуу адеп укканда кубанып, толкунданып алдым. Поэзия менен “ооруган” адам окурмандары менен жолугуп, ыр окугусу, өзү аздектеп сүйгөн ыр саптарына эл да кубанып алуусун каалайт, эңсейт эмеспи. Ал поэзияны баалаган, руханий дүйнөнү көтөрүүгө далалат кылган уюм экен. “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду лира кеченин бардык чыгымын көтөрүп, өздөрү уюштуруп беришти.

Клара экөөбүз университетте бирге окуп, студент кезде жатаканада беш жыл чогуу жашадык. Жаштардын чыгармачыл ийримдеринен калбай катышчубуз. Кийин Клара чыгармачылык менен агартуу тармагын бирдей алып кетти. Ал Жети-Өгүз районундагы Абылай Сатылганов атындагы орто мектепте 2000-жылдан бери директор болуп иштейт. Жетекчинин да түйшүгү көп болот эмеспи. Ошого карабай поэзияны бир күн да калтыра элек. Кечеде менин чыгармам боюнча коюлган “Түндүктүк келин” деген кинокомедиядан үзүндү көрсөтүлдү.

– Сиздин чыгармаңыз боюнча тартылган ушул көркөм фильм тууралуу айтып берсеңиз. Атайын кино сценарий жаздыңыз беле?

– “Мен 2014-жылы “Түштүккө түшкөн келин” аттуу аңгемемди фейсбукка чыгарып койгом. Бир жолу тааныштарымдын бири келип: “Жыпар эже, сиздин чыгармаңыз боюнча кинокомедия тартылып жатыптыр”, – деп айтып калды. Адегенде мындай жагымдуу кабарга ишенип-ишенбей, башка бирөөнүн чыгармасы менен чаташтырып жатышса керек дегем. Кино тасманын режиссеру Ырысбек Жабиров менен байланыштым. Менимче азыркы жаштар абдан мобилдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп бара жатышат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Айрыкча чыгармачыл адамдардын ички жан дүйнөсүндөгү “мен ушуну жасашым керек”, деген максаты тынчтык бербейт эмеспи. Ырысбек иним менен алгачкы көрүшкөнүмдө андан ушул жаштык мобилдүүлүктү байкадым. Ал мага: “Ии, эже, кинотасманы тартарын тартып алып, авторду издетип жаттым эле. Келгениңиз ырас болбодубу”, – деп калды. Ошодон тартып, мени “Түштүктүк келиндин” автору Жыпар Акунова деп көрүүчүлөргө тааныштыра башташты, – дейт акын эже.

Жыпар Акунова “Кыргыз Туусу” гезитинин редакторунун түштүк аймагы боюнча орун басары болуп иштөө менен өзү да мобилдүүлүк менен кабарларды жазып келет. Акын эжебиз кыргыз журналистикасынын айдыңында чейрек кылымдан ашык мезгилден бери кабарчынын оор түйшүгүн тартып, көркөм чыгармачылыкты да куштун кош канатындай чогуу алып келе жатат. Бул айрыкча аялзаты үчүн оңой жумуш эмес. Учурда КРнын Улуттук жазуучулар союзунун, журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргызстан жана Өзбекстандын жаш акындар фестивалынын лауреаты. КРнын ардак грамотасынын ээси. Өмүрлүк жубайы экөө балдарынын, неберелеринин сүйүктүү, аздектелген ата-энеси, чоң ата, чоң энеси.

Айрым учурда Жыпар эжеден: “Сиз чыгармачылыкты алдыга коёсузбу же үй-бүлөнүбү? деп сурап калабыз. Акын эжебиз сурообузга: “Менин үч канатым бар. Эң башкысы эне болуу, андан кийин акындык, үчүнчүсү – журналистика”, – деп калат.