Сапсандан – сапаттуу билим

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, “Кыргыз Туусу”


21-декабрда борбор шаарыбызда SAPSAN интеллектуалдык өнүктүрүү мектеби ачылды. 6-17 жаш аралыгындагы жеткинчектер жумасына эки жолу бир жарым сааттан көнүгүүдөн өтсө болот. Аземдин катышуучулары – балдар менен алардын ата-энелери интеллектуалдык тестирлөө сынактарын тапшырышты.

Мектептин директору Шарбат Бекмаганбетова ата-энелерге билим ордосунун максаты, артыкчылыктары жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, SAPSANдын окутуу программаларын М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин адистери иштеп чыгышкан. Эл аралык патентке ээ. Башкы кеңсеси Алматы шаарында жайгашкан билим ордосу КМШ өлкөлөрүндө ишмердигин жүргүзө алат. Казактандын бардык ири шаарларында жана Россиянын жети шаарында филиалдары иш жүргүзүп жатышат. Бул – Кыргызстандагы биринчи филиал. Учурда орус тилинде жүрүп жаткан сабактарды, келечекте кыргыз тилинде өткөрүү ниети бар. Окутуу алты принципти өзүнө камтыйт: ой жүгүртүүдөгү логика; так сүйлөө; ыкластуу болуу; эске сактоо жөндөмдүүлүгү; окуганын, укканын, көргөнүн тез кабыл алууга көнүгүү; тез окууну үйрөнүү. Мектепте билим берүү окуучулардын жаш курагына карай, үч топко бөлүп жүргүзүлөт.

Жаңы билим борборунун ачылыш аземине катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мындай интеллектуалдык мектептердин өлкөбүзгө керек экендигин билдирип, мугалимдерге жана окуусун баштаган балдарга жана ата-энелерге ийгилик каалады.

________
*Сапсан – тез кыймылдаган алгыр куш.