Евразия мейкиндигиндеги кызматташуу өнүгүүдө

20-декабрда Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында (Россия) өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕАЭК) кезектеги жыйынына катышты.

Саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев жана Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон — көзөмөлдөөчү өлкө катары катышышты.

ЖЕАЭКтин жыйыны чакан жана кеңейтилген курамда өтүп, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчылары анын алкагында өлкөлөрдүн интеграциясын мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Алар: Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясынын багыттары жөнүндө; Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы жана жеке курамы жөнүндө; Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүүдөгү негизги ыкмалар жөнүндө; Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө; Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча макулдашууга кол коюу жөнүндө; Европа экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттери тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунун иштөөсүнө болгон тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди алып баруу жөнүндө; Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кээ бир секторлор боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө; Евразия экономикалык комиссиясынын иштөө регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө; Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүүгө багытталган иш-чаралардын планы жөнүндө; Евразия экономикалык биримдигинин төрагалыгы жөнүндө;

Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө. Евразия экономикалык кеңешинин Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылдын 1-февралында аяктагандыгына байланыштуу, ЕЭК Коллегиясынын төрагалыгына Беларусь Республикасынын өкүлү Михаил Мясникович шайланды.

Андан ары КМШ мамлекеттеринин жетекчилери бейформал жолугушуу өткөрүшүп, «1939- ж. Экинчи Дүйнөлүк согуштун башталышы» деп аталган тарыхый-даректүү көргөзмөсүн бирге көрүп чыгышты.