Өнөр жай – экономиканын кыймылдаткычы

Шаарда электр энергиясы текши таралат

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна барган иш сапарынын алкагында борбор шаардагы «Таш-Булак» көмөк чордонунун ачылыш салтанатына катышты.

2018-2022-жылдарга карата электр энергиясын үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу программасын жүзөгө ашыруунун алкагында кубаттуулугу 40 000 кВ болгон күч трансформаторун орнотуу менен «Таш-Булак» подстанциясын реконструкциялоо жана экинчи кезегин куруунун эсебинен электр түйүндөрүн жүктөөнү оптимизациялоо каралган.

Заманбап жабдууларды жана жаңы трансформаторду орнотуу менен бул энергетикалык объекттин кубаттуулугу 3 эсе көбөйүп, көмөк чордонго социалдык жана өндүрүштүк маанидеги жаңы объектилерди туташтырууга, ошондой эле 110/35/6-10 кВ «Жалал-Абад» жана ВЛ-110 кВ «Төрөбаев-Жалал-Абад-1» подстанцияларын ашыкча жүктөмдөн арылтууга шарт түзөт.

Күнөсканада кыш болбойт

Айыл чарбасын колдоо аймактарды өнүктүрүүнү шарттайт. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы Араван районунун Интернационал айылындагы күнөскана комплексинин иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчыга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн технологиясы жана күнөскана комплексине киргизилген өндүрүштүк жаңы ыкмаларын көрсөтүштү.

Фермерлер Премьер-министрге жергиликтүү элдин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн күнөскана комплекси чек арага жакын жайгашкан райондо жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтып беришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев дыйкандарды колдоо жакшы натыйжа бериш керектигин жана аймактарды өнүктүрүүнү шартташы зарыл экенин белгиледи.

Ал дыйкандар жана айыл чарба тармагында иштеген экономикалык ишмердүүлүк субъекттери үчүн жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйтүү максатында каражаттарды издөө менен Өкмөт мындан ары да тармакты колдоо чараларын күчөтөрүн белгиледи.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда түзүлгөн Стратегиялык келишимдин алкагында келип түшкөн 5 млрд. сом аймактарды колдоого жана жаңы өндүрүш ишканаларын ишке киргизүүгө багытталат. Бул дыйкандардын кирешесин көбөйтүүнү, кошумча жумушчу орундарын түзүүнү жана жеринде экономикалык абалды жакшыртууну шарттайт.

Жакшы жол жакшы турмуштун белгиси

–Жолдор – бул экономиканын күзгүсү. Алардын абалына жараша калктын жашоо деңгээлине баа берилет, — деп билдирди Премьер-министр Ош шаарындагы оңдоп-түздөөдөн өткөн Шакиров көчөсүнүн ачылыш салтанатында.

-Каттамдын жакшырышы өлкөнүн өнүгүүсүнүн жолу. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында биз өнүгүүнүн негизи катары социалдык чөйрөнү алдык. Социалдык чөйрөнү жакшыртуу менен биз калкка кам көрөбүз. Жолдорду эле алсак. Көз карандысыздыкты алган убакыттан баштап 2010-жылга чейин өлкөдө болгону 661 чакырым жол курулду. Ал эми 2019-жылы 700 чакырымдан ашык каттам салынды. Анын 416 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул өлкө өнүгүүнүн туура багытын тандап алганын айтып турат», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы жол инфраструктурасын өнүктүрүү менен катар, башка бир нече милдеттер дагы аткарылып жатканын айтты.

«Таза Суу» долбоору – аракетте

Мамлекет бардык калктуу конуштарды жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз кылууну мерчемдеди. Бул тууралуу Премьер-министр Ош облусунун Төлөйкан айылындагы суу топтомонун ачылыш салтанатында билдирди.

Өкмөт башчы Президент Сооронбай Жээнбеков белгилеген «Таза Суу» долбоо­рун жүзөгө ашыруу мамлекеттин стратегия­лык максаты болуп саналарын бегиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев жакынкы жылдары комплекстүү программаларды жүзөгө ашыруу жолу менен мамлекет өлкөнүн бардык калктуу конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Билим – өнүгүүнүн кепилдиги

Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы Араван районунун ТөбөКоргон айыл аймагындагы А.Умаров атындагы орто мектептин ачылышына катышты.

-Учурда дүйнөдө мунай же алтын эмес, билим негизги байлык болуп саналат. Адам билимсиз ийгиликке жетише албайт, инсан катары калыптана албайт. Балдарды мектепке барган алгачкы күнүнөн баштап окууга болгон ынтызарлыгын, сапаттуу билим алуу менен өз өлкөсүн, айылын же шаарын өнүктүрүү тилегин ойготуу керек, — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы быйыл жалпы өлкө боюнча 400гө жакын социалдык объект курулуп жатканын, алардын ичинен 100дөн ашыгы билим берүү мекемелери экенин белгиледи.

225 орунга ылайыкталган А.Умаров атындагы мектептин курулушу «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган. Объекттин наркы 40,5 млн сомду түзөт.

70 кызматкер үйлүү болушту

Премьер-министр М.Абылгазиев Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 70 кызматкерине Жалал-Абад шаарындагы жаңы үйлөрдүн батирлерин тапшырды.

-Биз силердин ишиңер кандай оор экенин билебиз. Сиздер калктын эң оор бөлүгү менен иштейсиздер. Акыркы учурда силердин көпчүлүк кесиптештериңер көптөн күткөн батирлерин алышты. Мындай кубанычка бүгүн силер дагы жеттиңер. Ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда күткөн мына ушул жакшы саамалык куттуу болсун, чын жүрөктөн куттуктайм, — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы мекеме жетекчилигинин өжөрлүгүнүн негизинде ички реформалар жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Жакында эле бөлүштүрүлгөн коопсуздук системасын көзөмөлдөө мүмкүндүктөрүн бириктирген, өтө кооптуу кырдаалдарды автоматтык түрдө көзөмөлдөгөн жана аларга мекеменин аймагында жооп кайтарган мониторинг борбору ачылган. Ал ошондой эле калк жыш жайгашкан жерлердеги колонияларды жана тергөө абактарын шаардан тышкары которуу долбоору даярдалып жатканын айтып берди. Премьер-министр үйдүн короосундагы балдар аянтчасын жабдуу үчүн 100 миң сом тапшырды.

Кочкор-Ата – «Коопсуз шаар»

Премьер-министр М.Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун иши менен таанышты.

— «Коопсуз шаар» долбоорунун Бишкек шаарына киргизилиши менен жолдордогу абал жакшы жагына өзгөргөнүн тажрыйба көрсөттү. Жол кырсыктары кыйла азайды. Эми бул долбоорду Ош шаарында ишке ашырабыз. Келечекте «Коопсуз шаар» системасын өлкөнүн бардык калктуу конуштарына орнотуу ниетибиз бар, — деп белгиледи Премьер-министр.

Барды баралына келтирүү керек

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүүнү көздөйт, анткени бул чөйрө – ар бир мамлекеттин экономикасынын өнү­­­гүүсүнүн локомотиви». Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын иши менен таа­нышкан учурда ушундай деди.

Өкмөт башчыга завод банкрот болуу алдында турганын жана бүгүнкү күндө ишкана толук кубаттуулукта иштетилбей жатканын айтышты. Заводдон 40 түрлүү лампа чыгарылат, негизинен жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолот.

Ишкананын продукциялары сертификациядан өткөн, ИСО 9001:2008 жана ИСО 9001 эл аралык стандарттарынын талаптарына жооп берет. Бирок башка өлкөлөрдөн келген буга окшогон продукциялардын агымы чоң болгондуктан, ата мекендик продукцияга болгон суроо-талап аз болууда. Ишкананын жетекчилиги айнек идиштерди өндүрүүнү түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолу катары көрүүдө. Бул үчүн заводду жалпы наркы 300 млн. сом болгон кошумча жабдуулар менен жабдуу керек.

— Биз бул же тигил ишкананы жабуу жөнүндө ойлонбошубуз керек. Тескерисинче, эскилерин жандандырып, жаңы завод жана фабрикаларды ачуубуз зарыл. Өнөр жай – бул экономиканын кыймылдаткычы. Ошондуктан ишкананы колдоо маселесин карап чыгабыз, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Өкмөт башчы кыска мөөнөттүн ичинде «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсын каржылоо жолун карап чыгууну жана аны жүзөгө ашыруу боюнча сунуш берүүнү тапшырды.

Учурда «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 300 млн. даана электр лампасын түзөт, бир жарым миң киши иштейт. Жаңы цехтердин ачылышы менен жумушчу орундардын саны эки миңге жетет.

Социалдык объекттер – көңүл борборунда

Мухаммедкалый Абылгазиев ЖалалАбад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы спорт комплекстеринин ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөт башчы район элин заманбап спорттук шаймандар менен жабдылган жаңы социалдык объектинин ачылышы менен куттуктады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында бир нече социалдык объекттерди кыдырды. Өкмөт башчы Ош облусунун Араван районундагы Төбө-Коргон айылындагы ооруканага, Жалал-Абад №1 бейтапканасына барды. Мындан тышкары М.Абылгазиев БазарКоргон районундагы капиталдык оңдоптүзөөнү талап кылган мектептердин абалы менен таанышты.

Өкмөт башчы социалдык объекттерди кыдыруунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаңы социалдык объекттердин имараттарынын планын, ошондой эле башка объекттерде оңдоо иштерин баштоо үчүн долбоордуксметалык иш-кагаздарын даярдоо боюнча тапшырмаларды берди.

С.ОРОЗОБЕКОВ