Кылычын алып кыш келди, даярдык кандай?

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Биз жакында мектептердин кыш мезгилине карата даярдыгы, жылытуу системаларынын абалы, көмүр менен камсыздалышы жана балдарга берилүүчү түшкү тамактын сапаты менен таанышуу максатында Кара-Суу районунун эң алыскы Папан айыл аймагында болуп кайтык.

Кыдыруубуз райондук билим берүү бөлүмүнүн зоналдык инспектору Жанышбек Асанов менен бирге Кызыл- Туу айылындагы 2015-жылы пайдаланууга берилген №91 Э.Алыкулов атындагы орто мектептен башталды. Мектеп директору Таалайбек Муратов жана анын окуу боюнча орун басары Кылыч Акматов менен чогуу класстарга да кирип чыктык, жылытуу системалары талаптагыдай иштеп туруптур. Кирген класстагы окуучулардын жеңил кийинип олтурушкандыгы класстардын жылуу экендигин тастыктап турду.

Барыбыз от казан жайгашкан жайга кирдик. От казан кезектеги оңдоодон сапаттуу өткөрүлгөндүктөн, көмүрдүн күйүшү жакшы. Көмүр үчүн атайын бастырма курулган.

Мектептин ашканасына кирип, анын тазалыгы, ошол күнү бериле турган тамактын менюсу менен таанышып чыктык. Директордун айтуусуна караганда ата-энелер да каражат кошумчалап жаткандыктан 195 окуучу күнүнө бир ирет жылуу тамак ичет.

– Учурдан пайдаланып, – деп мектеп директору Т. Муратов сөзүн улантты, – мектептин интернетке туташтыргандыгын кошумчалап өтүүгө тийишмин. Ал олимпиадаларга даярданууда, тарбиялык сааттарды, ийримдерди уюштуруу, тегерек столдорду, диспуттарды өткөрүүдө чоң пайдасын берип жатат. Алсак, сүрөт ийримине катышып жүргөн 6-класстын окуусу Алмаш Аскарбекова жана Орозгүл Жумабаева быйыл республикалык конкурска катышууга укук алышып, алар КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин грамотасы менен сыйланып кайтышты.

***

Андагул айылында жайгашкан Ж.Шериев атындагы №121 орто мектеп 2000-жылы ашар ыкмасы менен курулган. Быйыл Папан айыл өкмөтү мектептин жылуулук системасын жаңылоо үчүн 800 миң сом акча каражатын бөлүп бергендиктен мектепке жаңы от казан орнотулуп, бардык класстарга жаңы батереялар коюлган. Класстар жылуу. Сезонго керектүү 29 тонна көмүр тартылып келинген.

Мектептин имараты эски болсо да, мугалимдердин аракети менен класстык бөлмөлөрдү жасалгалоо жумуштары талаптагыдай жүргүзүлгөндүгүн, компьютердик класста олтурган окуучулардын аны пайдалана ала тургандыгын байкадык. Мектепте түшкү тамак өз убагында берилет.

2007-жылдан бери жетектеп келе жаткан мектеп директору Жеңишбек Осмоновдун айтуусунда кийинки жылы мектептин жаңы имарат спорт залы менен кошо курулушу башталганы турат. Анын долбоору чийилген, азыр экспертизадан өтүп жатат.

***

Алмалуу айылында жайгашкан, 244 окуучу окуп жаткан А.Семетеев атындагы №113 мектептин директору Саламаткан Ажибаева менен кошо чогуу класстарга кирип чыктык. Мектептин ичи жылуу экендигин байкадык. От казан жайгашкан жайга барганыбызда от жагуучу Таалай Сартматов алгач келген көмүрдүн сапаты дурус экендигин, бирок, кийинки келген 28 тонна ири көмүр жамгыр тийгенден кийин майдаланып кеткендигин айтып калды. Мектептин директору бул көмүрдүн сапатсыз экендиги тууралуу акт түзүшүп, аны менен «Артроуд» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Кубат Аттокуров, айыл аймактын башчысынын орун басары Жумабай Пириев таанышкандыгын, башка көмүр келсе, кыштан кыйналбай чыга тургандыгын билдирди.

 Ж.Асанов мындай дейт:

– Быйыл райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен 17 айыл өкмөттүн баарында ата-энелер конференция өткөрүлдү. Анын ичинде июнь айында Папан айыл аймагында өткөрүлүп, бул айыл аймактагы 7 мектептен жана 1 бала бакчада балдары тарбияланып жаткан 400дөн ашык ата-энелер катышты. Иш-чарада ийгиликтер, кемчиликтер ачык айтылды. Анын негизинде бир катар көйгөйлүү маселелер чечилип, ал өз натыйжасын бере баштады.