Баткен: 50 миңден ашуун эне «Энелер мектебинен» өтүштү

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Баткен облусунда келечек муундун билим, тарбиясынын сапатын жакшыртуу максатында “Энелер мектеби” долбоору иш алып барууда. Кезектеги облустук конференция Кадамжай районунда өтүп, ага облустун жалпы билим берүү кызматкерлери катышып, энелер мектебинин орду жана мааниси тууралуу сөз болду.

Анда КРнын Эмгек сиңирген мугалими, Билим берүүнүн отличниги, Гапыр Мадаминов негиздеген “Энелер мектебинин” иш тажрыйбасын жайылтуу, мугалим, окуучу жана ата-энелер арасындагы мамилени чыңдоо менен билим деңгээлин көтөрүү жөнүндө сөз жүрдү.

Мугалим менен ата-эне тыгыз байланышта болуп, окуучуга терең билим жана татыктуу тарбия берүү зарылчылыгы дагы бир ирет белгиленди. Бул аракет билим сапатынын жогорулашына зор өбөлгө болоору айтылды.

Катышуучулар, “Энелер мектебинин” маанисин, алгачкы натыйжаларын белгилеп, облус аймагында бул демилгени жайылтуунун үстүндө активдүү иш жүрүп жатканын билдиришти.

Энелер мектеби 1997-жылы №3-эксперименталдык гимназияда Г.Мадеминовдун демилгеси менен ачылган. Автор тарабынан 2001-жылы Бишкек шаарынан “Энелер мектебинин окуу программасы” жана “Ата-энелер үчүн окуу программасы” чыгарылган. Энелер мектебин бүтүргөн энелердин балдары ЖРТдан жогору упайларды алып, ЖОЖдордо бюджеттик бөлүмдө билим алып келишет.

Атап айтсак, КММАда 61 студент бюджеттик бөлүмдө, 51 окуучу чет өлкөдөгү ЖОЖдордо билим алууда. “Энелер мектебинин” жыйынтыгы менен Лейлек районунун Жаштык айылындагы №3 эксперименталдык гимназия мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТдан алган орточо баллы 175 болуп, республика боюнча биринчи орунду камсыз кылды.

Бүгүнкү күнгө чейин 50 миңден ашуун энелер, “Энелер мектебин” бүтүрүп чыкты. Мектептин иш тажрыйбасы Баткен облусунан сырткары, Ош облусунун Ноокат, ЧоңАлай, Араван райондорунда, Жалал-Абад облусунун, Бишкек шаарынын айрым мектептеринде, бала бакчаларында ишке ашырылууда.