Журналист Хашоггинин өлүмү боюнча беш адам өлүм жазасына кесилди

23-декабрда Сауд Арабия соту беш адамды журналист Жамал Хашоггинин (Хашкажи) өлүмүнө күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына кести. Бул тууралуу «Аль-Арабия» телеканалы жергиликтүү прокуратурага шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, бул иштин алкагында дагы үч адам 24 жылга эркинен ажыратылды. Азырынча соттолгон адамдардын аты-жөнү айтыла элек.

Телеканал тергөөнүн жүрүшүндө Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасынын мурдагы кеңешчиси Сауд аль-Кахтани суракка алынганын, бирок ага эч кандай айып тагылбаганын билдирди. Аль-Кахтани журналисттин өлүмүнөн көп өтпөй кызматтан кеткен. Мындан тышкары сот бул иш боюнча өлкөнүн Чалгын кызматынын мурдагы төрага орун басары Ахмад аль-Асирини күнөөлүү деп табууга жетиштүү негиз жок деп тапты. Ал дагы журналисттин өлүмүнөн көп өтпөй кызматынан алынган.

«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогги өткөн жылдын октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Кийинки жылдары журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген. Сауд Арабиясы Хашогги консулдукта өлтүрүлгөнүн бир нече жумадан кийин гана мойнуна алган. Анын сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Түркия журналистти жок кылууга Эр-Рияддагы бийликтин жогорку эшелону буйрук бергенин билдирсе, падышалык аны четке каккан.

Сентябрь айында бул өлкөнүн ханзадаасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман Хашоггинин өлүмү үчүн жоопкерчилик сезерин айткан. Бирок ал кылмышка жогорку бийлик өкүлдөрү аралашкан деген дооматты четке кагып, Хашоггини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарсыз болгонун билдирген.