Азаматсыңар, жол кыймылынын жаш инспекторлору

Кыргызстандын жол кыймылынын жаш инспекторлору кезектеги жолу тарбиячыларын жана ата-энелерин кубантышты. Бишкек шаарынын №49 мектебинин окуучуларынын “Түнкү патруль” командасы Россия Федерациясынын Краснодар крайындагы Анапа шаарында өткөн жол кыймылынын жаш инспекторлорунун 14-слетуна катышып, командалык мелдеште да, жеке мелдеште да байгелүү орундарды ээлешти.

Команданын жетекчиси, милициянын подполковниги Тилек Оторовго жана мектептин директорунун орун басары Толкунбек кызы Анарага ИИМдин жетекчилигинин атынан милициянын полковниги А.Исмаилов “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалын тапшырды. Медаль тапшыруу салтанатында сүйлөгөн подполковник Т.Оторов биздин окуучулардын атаандаштары Россиянын 40 регионунан, Беларусь, Азербайжан, Орто Азия республикаларынан келген 200дөй жашы теңдүүлөр болгонун белгилеп, биздин окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин мыкты билгендиги менен айырмаланганын баса көрсөттү.

С.СЯЧИН