Акын Болотбек БӨКӨЛӨЕВ: «Кызыл беттер жашыл шаарга суктанышып, колдорунан китеп түшпөйт, айран, сүт жыттанышып…»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Боке, сизди мага ары досуңуз, ары классташыңыз, азыркы адабият сынчыларынын алды, андагы студент Аскар Медетов: “Кыргыздын болочок Есенини” деп тааныштырды эле. Ошондон бери кырк жылдай убакыт өтүптүр. Аскар досуңуз жаңылбаптырбы?

– Ооба, ал кезде кыргыз поэзиясына жаңы күч, жаңы дем менен мамиле кылып, жоокердей жооп берип, жалындап турган чагыбыз эле. Туура айтасың, чындыгында, мен Есенинди казып окудум. Студент чагымда Есенинге арнаган ырымдан бир үзүндү окуп берейин:

“Түбөлүк турсун тоолор, суулар,
Жаш акын Сергей Есенин атындагы” – деп жаздым эле. Аскар досум жаңылган жок. Бирок, заман өзгөрүп кетти. Мурдагыдай поэзиянын доору сүрүп турса, азыр поэзиянын желегин желбиретип турбайт белек.

Студенттик жылдар романтикага бай жылдар эле. Ыр деп жашачубуз. Ачка-тогубузду ойлочу эмеспиз. Ошентип, орус классикасынан Фет менен Есенинди башыбызга жаздап алып окуп, талдап окуп, колдон келсе, бир ырын эле төрт-беш вариантта мелдешип которор элек.

Котормолорубузду Жазуучулар союзундагы котормо бөлүмүнө көтөрүп барып, окутуп, алардан азбы-көппү баа алып “Алтын Бешик” жатаканасына кайтаар элек. Поэзиянын кылычын көтөрүп, эрөөлгө чыгып, ал кезектеги мыкты котормочулар Аман Токтогулов, Камбараалы Ботояров менен таанышып калдык.

– Университеттин жатаканасынын бир бөлмөсүндө бир жылдай чогуу да жашап калдык. Күйүп-жанып, кызыл чоктой жалбырттаган ырларды жазчу элеңиз. Калемдештериңиз да жогору баа беришчү. Анан эле көрүнбөй кеттиңиз да?

– Ооба, 1979-жылы Фрунзе шаарына жаңы келип, “Абитуриент” деген ыр жазганымда көпчүлүк окурмандардын колдоосуна ээ болгону эсимде.

“Кызыл беттер жашыл шаарга суктанышып,
Колдорунан китеп түшпөйт, Айран, сүт жыттанышып…” – деп. Ушул ырымдын ушул саптарын азыркы Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, ыраматылык Алик Акималиев, азыркы белгилүү журналист, ары акын Өмүрбек Тиллебаев, Конституциялык соттун өкүлү Жедигер Саалаев, Жогорку Кеңешинин депутаты Чыныбай Турсунбеков көпкө чейин жатка айтып жүрүштү.

Анан заман оодарылып кетти. Биз эмес, Европада китеп окулбай калды. Чыңгыз Айтматов Европадан келгенде, андагы Жазуучулар Бирлигинин төрагасы Надырбек Алымбеков:

– Кыргызстанда адабият окулбай калды, – деген экен. Анда Ч.Айтматов:

– Кыргызстанда эле эмес, Европада адабият окулбай калды,- дептир. Антсе да адабият жок болуп кетпейт, ырлар, чыгармалар бардык заманда, жадагалса согуш учурунда жазылган.

– Мага ошондо сиздер, Кыргыз эл мугалими Бектур Исаковдун окуучулары, адабият дүйнөсүнө мектеп партасынан эле чоң даярдык менен келгендей сезилчү. Аскар Медетов 1-курста эле адабий сындарды катыра жазчу, сиз ырларды, Секен Турдугулов деген классташыңыз мыкты сатирик эле. Анан эмне болду?

– Бектур Исаковдой мугалимдер азыр көбөйдү, бирок, замана, шарт башка. Секен Турдугулов деле Калканбай Ашымбаев, Мукамбеткалый Турсуналиев, Илгиз Гилязетдинов сыяктуу айтылуу сатириктердин катарын толуктамак. Эми көрбөйсүзбү, Секен дос сатирасын жазып жүрсө керек, бирок аны телерадио журналисти катары көбүрөөк билишет…

– Бир жылдары мамлекеттик ишмерлер тууралуу китептерди жаздыңыз, буга эмне түрткү болду?

– Ооба, бир жылдары “Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчылары” деген аталыштагы китеп жазганым анык. Бул китепти жазууга Мундузбек Тентимишов түрткү болду. Анда анын Өкмөттө иштеп турган учуру экен, мага чыгаан журналист катары: “Өкмөт башчылары тууралуу болгонун болгондой жаз, бул биздин тарыхыбыз”, – деп кеңеш берди. Мен дароо эле макул болдум. Китептин чыгышына андагы премьер-министр Апас Жумагулов колдоо көрсөттү.

Китеп жарыкка чыккандан кийин азыркы Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин астына Иманаалы Айдарбековдун, Абдыкадыр Орозбековдун, Баялы Исакеевдин, Исхак Раззаковдун, Абды Сүйөркуловдун, Төрөбай Кулатовдун, Болот Мамбетовдун, Арстанбек Дүйшеевдин, Султан Ибраимовдун эстеликтери тургузулду. Ошентип, менин китебим чыккандан кийин, “көздүү мончок жерде калбайт” дегендей, ошондой жакшы жөрөлгө болду. Мен “туура эле иш кылыптырмын” деп ичимден компоюп калдым.

– Анан санжырага кызыгып, жетиген элинин тарыхын жаздыңыз…

– Санжырага кайрылсак, бул иш дагы аманат катары атамдан калган керээз. Атам мен мектеп партасынан эле калем кармап, бир нерселерди, тактап айтканда, “Кыргызстан пионери” газетасына кабар жаза баштаганымды байкап, бир күнү чакырып алып: “Балам, жети элдин дилин билген, жети элдин тилин билген Чыныке бий деген чоң атаң болгон, ошол тууралуу айтып берейин, колуңан келсе китеп жазып көрсөңчү, анын үстүнө биздин уруубуз Жетиген деген элден…” – деп Чыныке бий бабабыз, жетиген уруусу жөнүндө көп нерселерди айтып берди. Анан 1977-жылы 8-класска келгенде агайыбыз Чынаалы Шакетаев үйүнө чакырып барып, ал агайым дагы көп материалдарды берди. Ошентип, арадан 30 жыл өткөндөн кийин китеп жарык көрдү.

– Чыгармачылыгыңыз кантип жатат? Ырлар жазылып жатабы? Бир кездеги студент Бөкөлөев менен бүгүнкү Бөкөлөевде кандай айырма бар?

– Жазылганы жазылып, айрымдарына кол жетпей калып жатат, тирлик деп. Баягы студент кезге караганда, калемибиз аябай эле такшалды. Түзөлдү, жонулду. Азыр ар бир сөзгө, айтып жаткан ойго абай саласың, этиет мамиле жасайсың. Биздин куракта начар ыр жазгандын өзү уят. Демек, студент кездеги Бөкөлөев менен азыркы Бөкөлөевдин айырмасы асман менен жердей.

– Ырдын жаралганын эмнеге салыштырат элеңиз, атып келаткан таңгабы, же батып бараткан күнгөбү?

– Ыр – жанар тоо сыяктуу. Ал көөдөндү козголоп турат, анан бир убакта сыртка атырылганда, аны токтото албайсың.

– Кыргыз ыры кандай болушу керек?

– Заман өзгөргөнү менен поэзия айдыңы башка болуп кеткен жок. Байдылда Сарногоев айткандай: “Ыр деген койлорго жем, туз берип жүрсөң дагы жаралат”. Биз азыр жеңилжелпини көздөп кеттик. Жакшы ырдын рецепти болбойт. Мисалы, Алыкул Осмонов сураныч, каалоо-тилек менен бир дагы дагы ыр жазбаптыр.

Кыргыз ыры кыргыз өңүндөй болгону дурус. Тигини туурап, муну туурап жазган, ал ара жолдо калат. Эмне үчүн биздин “Манасыбыз” кылым карытып келе жатат. Анда жалаң гана фольклор, оозеки чыгармачылык, жөө жомоктор, элдик накыл сөздөр, учкул сөздөр, макал-лакаптар уютулган кыттай болуп өз орду менен турат. Демек, биздин азыркы поэзия дагы, адабият дагы, драматургия дагы кыргыздын өңү-түсү менен жуурулушуп турганы жакшы. Болбосо, адабияттан алыстап калабыз. Эмне үчүн азыркы балдар адабияттан алыс, анткени, баары Европаны туурап жашагысы келет.

– Кимдерди окуйсуз?

– Мен баягы эле көнүп калган орус классикасын, жапон адабиятын, анан немец адабиятынан жана өзүбүздүн кыргыз адабиятынан кол үзбөйм.

– Адабий процесстин жүрүшүнөн кабарыңыз барбы? Кимдер келатат? Кимдер кала берди? Болочокко божомолуңуз кандай?

– Азыркы кыргыз адабиятынын арымы кенен. Прозадан Султан Раевди, поэзиядан Карбалас Бакировду, Динара Бейшеналиеваны, Майрамбек Токторовду кызыгып окуйм. Мындан башка жаштар дагы үркөрдөй болуп чыга калып келе жатышат. Кыргыз адабиятынан күдөр үзүүгө болбойт. Мындан катаал мезгилде да (1930-жылдагы колхоздоштуруу, 1937-жылкы репрессия маалында, 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда) Молдогазы Токобаев, Мукамбеткалый Дөгдүров, Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков, Касымаалы Жантөшев, Касымаалы Баялинов, Жоомарт Бөкөнбаев, Алыкул Осмонов ырларын жазышкан.

– Кыргыздан Нобель сыйлыгын алчулар чыгат деп ойлойсузбу?

– Нобелдик сыйлыкты алчулар кыргыз элинин кыйырынан чыкпай койбойт.

– Кийинки мезгилде басмакана ачып иштетип жатасыз, ишкерлик ишиңиз дурус жүрүп жатабы?

– Ырас, кийинки учурда басма иши менен алек болуудамын. Бул иш өтө татаал, атаандаштык көп. Ошентсе да, иштеп жатабыз.