Ысык-Көл: Жаңы жылда ыйлайбы, жаш балатыны кыйбайлы

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Жылыга жыл жаңырар алдында өткөн советтик доордо жедеп кан-жаныбызга сиңип, кайсы улуттан же кайсы динде болбосун, жаңыдан бой керип келаткан жашыл балатыны кыйып келип үйүбүзгө, иштеген мекеме-уюмдарга орнотуп алып, аны жылтыр-жултур оюнчук менен түркүн түстүү тасмаларга ороп көзүбүздү кубантканды өз алдынча мамлекет болгон 28 жылдан бери да улантып келатканыбыз негедир өөн учурап тургансыйт.

Мына, көнүмүш кокуй адатыбыз дагы кайталана баштады. Сүрөттө көрүнүп тургандай, мамлекеттик мекемелердин биринин кире беришинде кызыл-тазыл оюнчуктарга оронгон бечара жашыл балаты “Көз жашын көлдөтүп ыйлап тургандай” көрүндү менин ой-кыял сезимимде. Жыл жаңыргандан кийин ашып кетсе бир апта ушул абалында турар, анан ыргытылат да?! Адам пендесинин таш боордугубу, же акыл-сезиминин жетишсиздигиби? Биз качанкыга чейин эле бирөөлөрдүн каада-салтын ээрчип, жашыл токоюбузду четинен кыркып жоё беребиз?

Ал эми Караколдун Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтындагы бийиктиги 21 метр жасалма балатыны 2017-жылы шаардык мэрия 1 млн. сомго сатып алып, аны жылыга ушул маалда 300 миң сомду бюджеттен бөлдүрүшүп толук жасалгалап майрамдаганды адатка айлантып алышкан, мындай балатылардын жөрөлгөсүн өткөрмөйүн жаңы жылы жаңырбай калчудай. Жаңы жылды жөн эле тоссок болбойбу?!