Туруктуу өнүгүүнү баяндоо маанилүү иш

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”


2030-жылга чейинки мезгилде Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби жөнүндөгү туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүү каражаттары катары Улуттук ыктыярдуу баяндоонун (Улуттук ыктыярдуу баяндоо – 2020) долбоорун даярдоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын кеңири маалымат алуусун жогорулатуу максатында «Парк отелде» Кыргызстандын ЖМКларынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинары болуп өттү.

Ал БУУӨПтүн жана Кыргызстандын мониторинг жана баалоо улуттук тармактарынын колдоосу менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган. 2015-жылдын сентябрь айында болуп өткөн БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 70-сессиясында, БУУга мүчө-мамлекеттердин катарында Кыргыз Республикасы да «Биздин дүйнөнүн кайра өзгөрүүсү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартип» резолюциясын колдогон.

Туруктуу өнүгүүнүн максаттары – бул 2030-жылга чейин БУУнун мүчө-мамлекеттери тарабынан жетишүүгө макулдашылган 17 глобалдык максат жана 169 тиешелүү маселе. Алар комплекстик жана бөлүнбөй турган мүнөздө болуп, туруктуу өнүгүүнүн үч компонентин – экономикалык, социалдык, экологиялык теңделишин камсыздайт. Жакырчылыкты жоюуга багытталып, планетанын ресурстарынын сакталышына, адамзаттын жашоосунун табигый негизин сактоонун зарылдыгы тастыкталган.

2020-жылдын июль айында БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунда Кыргыз Республикасы биринчи жолу Улуттук ыктыярдык баяндоосу менен тааныштырат. Улуттук ыктыярдык баяндоо – бул акыркы жылдары жасалып жаткан иштердин тажрыйбасын жана жыйынтыгын чагылдырган жөн гана документ эле болбостон, туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн кеңири иш-аракеттердин тартибин өзүнө камтышы керек.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө биринчи жолу Улуттук ыктыярдуу баяндоосу өткөрүлүп жаткандыгы жөнүндө, ЖМК өкүлдөрүнүн кеңири маалымат алуусу өтө маанилүүлүгүн жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды ЖМКларда ар дайым чагылдырып туруу зарыл экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн жана Кыргызстандын мониторинг жана баалоо улуттук тармактарынын координаторлору Нуршат Абабакиров жана Татьяна Третьякова семинардын катышуучуларына Туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен тааныштырып, анын жетишкендиктерин жана мыкты тажрыйбаларын эмне үчүн чагылдыруу керек экендигин түшүндүрүп беришти. Бул темада мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да сөз сүйлөштү.

Семинардын катышуучулары жакырчылыкты жоюу, планетаны коргоо, жалпы адамзатка тынчтыкты жана өркүндөп-өсүү боюнча универсалдык аракеттерге үндөгөн Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттары менен таанышышты.