Жаратман окуу жайдагы жаңыланган китепкана

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


20-декабрда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамаатынын, студенттердин жана жогорку окуу жайларынан чакырылган меймандардын, Москва мамлекеттик педагогикалык университетинин илимий китепканасынын өкүлүнүн катышуусунда жаңыланган санариптешкен Илимий китепкананын ачылыш салтанаты жана “Мамлекеттик “Санариптик Кыргызстан” программасын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын китепканаларынын ролу” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов заманбап санариптешкен илимий китепкананы ачуу иш-чарасы Президент С.Жээнбековдун “2019- жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” жарлыгынын алкагында ишке ашканын белгилеп, эми окуу жайдын студенттери, магистранттары, аспиранттары, докторанттары, ошондой эле жалпы эле профессордук-окутуучулук жамааты санариптешкен форматтагы көп тармактуу илимий китепканадан жана илимий китепкананын базасында аны менен кызматташ россиялык китепканалардын санариптешкен китепкана фондунан пайдалануу мүмкүндүк аларын билдирди. Ал илимий китепкананы реконструкциялоо долбоорун колдогон окуу жайдын окумуштуулар кеңешине жана китепкананын курулушу үчүн 1 миллион сом көлөмүндө демөөрчүлүк көрсөткөн адамдарга чын жүрөктөн ыраазычылыгын айтты.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Эгемберди Маанаев, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана педагогика илимдеринин доктору, профессор Айчүрөк Калдыбаева И.Арабаев атындагы университет Кыргызстандын экономикасынын, илим-билиминин ар кыл тармагында эмгектенишкен алдыңкы кадрлардын устаканасы болуп калганын белгилеп, кадрларды даярдоодо илимий китепкананын орду эч алмаштырылгыс экенин баса көрсөтүштү. “Далай эле жогорку окуу жайларынын окуу имараттарында болуп жүрөбүз, алардын айрымдары кедери кетип, жаңы окуу корпусун же китепкана имаратын курмак тургай, бар нерсесин актап-сырдап койбой, чалдыбары чыгып баратканын көрүп, жүрөк ооруган учурлар болот. Минтип, илимий китепкананын имараты реконструкцияланып, үстүнө бир кабат кошулуп, мурда суу каптап кеткен жертөлө бөлүгү да оңдолуп, үч кабат болуп, заманбап түргө келиши бул окуу жайдын жетекчилигинин уюштуруучулук ишинин натыйжасы. Буюрса, мындан ары да ушундай изги иштер көп болот деген ишеничтебиз” деп, окуу жайдын жетекчилигинин иштерине жогору баа беришти.

Ооба, ырасында эле, аталган университет республикабыздагы жогорку окуу жайларынын ичинен алгачкылардан болуп адистештирилген, атайын курулган, бардык шарттары бар, заманбап маалыматтык-техникалык каражаттар менен жабдылган илимий китепкананын жаңы имаратын куруп, университеттин студенттерине жана окумуштуулар жамаатына тартуулап отурат. Мурдагы бир кабаттын үстүнө бир кабат кошумча курулуп, жертөлө бөлүгү да толугу менен оңдолуп, заманбап маалыматтык технологиялар коюлуп жаңыланганы аталган окуу жайдагы жаратмандык иштерден кабарлайт.

Илимий китепкана 1952-жылы түптөлгөн жана республикадагы жогорку окуу жайларынын китепканаларынын арасында эң бир эскилеринен болуп саналат. Ал түптөлгөн алгачкы күндөн бай китепкана фонду түптөлгөн. Китепкана фондун калыптандырууда баштагы союздун педагогикалык жогорку окуу жайларынын салымдары чоң болгон. Архивдик материалдар китепкана фондуна даңазалуу профессор И.А.Батманов, Г.А.Сухомлинский, К.К.Юдахиндин коллекциясы келип кошулганын тастыктайт. Китепкана фонду кийин да университеттин окутуучулары жана профессорлору Ш.Жапаров, М.Рахимова, М.Ботбаева, А.Айылчиев, Р.Айтматова, А.Калдыбаева ж.б. өздүк китепканасындагы китептер менен толукталды. Айтылуу академик Абдыганы Эркебаев да өздүк китепканасындагы китептерден бир мезгилде өзү иштеп кеткен окуу жайдын китепканасына тартуу кылган. “СоросКыргызстан” фонду китепканага илимдин ар кыл тармагы боюнча 3 миң нуска китеп бөлүп берген.

Китепкана фондунда 1968-жылы 160 миң китеп болсо, бүгүн анын саны 480 миңден ашты. Акыркы жылдарда илимий китепканада жаңы маалыматтык технологияны пайдалануу менен, электрондук китепкана түзүлгөн. Ошондой эле, илимий китепкананын эл аралык кызматташтыгынын натыйжасында, анда россиялык алдыңкы жогорку окуу жайларынын китепканаларынын китепкана фондусундагы санариптешкен китеп фондунан пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында мындан 4-5 жыл илгери эле санариптешүүгө батыл кадам жасашкан.