Талас: Медицина борбору – «май талкандын» ордосубу?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


12-декабрь күнү өткөн облустук укук коргоо, фискалдык ж.б. органдарынын координациялык кеңешмесинин жыйынында Талас облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Б.Жолдошев баяндама жасаган. Анда облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна мыйзамсыз чыгымдалган 7 млн. 793 миң сом каражат тууралуу аргументтер жана фактылар маалымдалган.

Мыйзамсыз чыгымдалган каражаттын 98 пайызы ваканттык орундар үчүн үнөмдөлдү деген себептер менен чыгымдалган. Аталган мекеменин 6 кызматкери ай сайын айлык акыларынан тышкары 50 миң сомдон 90 миң сомго чейин кошумча эмгек акы алып турушкан. Мындай «май талкан» канча жылдан бери орун алып келаткандыгы тергөө иштери аяктаган соң ачыкталаар, бирок облус прокурору Г.Кашкарова бул эки жылдын аралыгында жасалган мыйзамсыз иштер экенин айтты.

— Биз Талас облусунда 130дай врач жетишпейт деген маалыматты дайым угуп келебиз. А бу жерде врачтардын айлыктарын мыйзамсыз алып жүргөн адамдарда деги уят барбы? — деди Г.Кашкарова. — Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Талас аймактык башкармалыгын кайсыл мамлекеттик органдар текшерет? Эсеп палатасы, ички аудит эмне үчүн миллиондогон сомдук мыйзам бузууларды аныктап, тапкан жок. Биз кеңештин чечими менен аталган мамлекеттик текшерүүчү органдарга бул маселе боюнча кат жөнөтөбүз.

Облус прокурору кыңыр иш аталган мекеменин бир кызматкеринин Башкы прокуратурага кайрылуусунан улам айкындалып, натыйжада кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Талас обулустук башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин айтты. Жыйынга үйбүлөлүк борбордун директору координациялык кеңешменин жыйынына неге келген жок деген анын суроосуна А.Шадиевдин 1-орун басарынын: “Ал тергөө иштерине кетсе керек”, — деген жообу кызык болду.

Анткени УКМК жетекчилиги: “Тергөө облустун аймагында биздин орган тарабынан жүргүзүлүп жатса, А.Шадиев кайсы облустун чегинен чыгып кайсыл жакка тергөөгө бармак эле, бул жүйөөсүз шылтоо болду”, — деди.

Г.Кашкарова: “Башкы прокуратура тарабынан иш козголгон, эгер тергөөгө келбесе, баш коргоо чарасына бөгөт коюлат. Ал эми А.Шадиевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунушту берем”, — деди.

Ал ФОМСтун директору Улан Эмилбаевге: “Сиз мыйзам боюнча облустук саламаттык сактоо мекемелерине бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды көзөмөлдөөгө жооп бересиз. Сиз ваканттык кызмат орундарга акча каражаттары чегерилип жатканын билген жоксузбу? Демек, жогорудагы кылмыш иштен улам дарыгерлерди ишке алууга аталган мекемеде кызыкчылык, аракет болгон эмес деген ой пайда болот.

Үнөмдөлгөн акча деген каражаттын эсебинен коррупциялык схемага жумшалганы өтө кейиштүү. Сиз катуу көзөмөл жасаганда балким коррупциялык схемага бөгөт коюлмак. Эми жоопкерчиликтен качпаш керек. Мындан ары өз кызмат ордуңузда иштөөгө моралдык укугум бар деп ойлойсузбу? ҮДБнын директору А.Шадиев сыяктуу эле сиздин кызмат ордуңуз боюнча катты саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтөбүз”, -деди.

У.Эмилбаев жоопкерчиликтен качпай турганын, бирок мыйзам бузулуп, миллиондогон каражаттар чегерилип жаткандыгын байкабай калганын айтты. Ал ошондой эле саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тартиптик жаза алгандыгын, Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун жасаган аракеттери бөөдө өзүнүн репутациясына, ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүп, жаманатты кылып, кесепетин тийгизгенин кошумчалады.

Облус прокурору мыйзам боюнча кызматкерге эки жолу удаа жаза берилбестигин, бирок тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин айтты. Облустук прокуратуранын бөлүм башчысы Б.Жолдошев ФОМС боюнча июнь айында мыйзам бузуулар, коррупциялык схемалар орун алгандыгы аныкталып, текшерүү, иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын, облустагы медициналык камсыздандыруудагы адамдарга 50 пайыздын тегерегиндеги жеңилдиктер каралганын, бирок текшерүү учурунда чыгымдалган каражаттар туура эмес жумшалганы аныкталып жаткандыгын айтты.

Г.Кашкарова: “Ар бир рецептин артынан түшүп, дыкаат текшергиле, себеби ошол жеңилдиктерге муктаж болгон үйбүлөлөр арбын. Эгер жетим, жесир, балдар, өспүрүмдөрдүн жеңилдиктерин пайдаланган фактылар болсо менден жакшылык күтпөгүлө. Турмушта андай окуялар кездешкенде соттор менен кармашып, Жогорку Соттон ишти бузуп, күнөөлүүлөрдү каматканбыз”, — деди.

Жыйында дарыканалар кардарлардан да, ФОМСтан акча алышып, бекер акчага туйтунуп жаткандыгы, мисалы, облуста 170 миң адамдын жеңилдиги бар болсо ар бир адамга 70 сомдон каралганда эле болжол менен 11 миллион сом облуска республикалык бюджеттен чыгымдалып келгендиги тууралуу сөз болду. Таңгалыштуусу, жыйынга катышып отурган обулустук күч органдарынын жетекчилеринин баары андай жеңилдиктер тууралуу такыр эле билбей тургандыктарын, эң оболу врачтар пациенттерге ар дайым милдеттүү эстетип, түшүндүрүп туруулары зарылдыгын белгилешти.

У.Эмилбаев 22 дарыкана менен келишим түзүп, кызматташуу жүрүп жатканын маалымдады.