Бирдиктүү депозиттик эсептен – мектептер үчүн 799,3 млн. сом бөлүндү

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргыз Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-июндагы №219-р номерлүү буйругу менен бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектеп жана кошумча окуу корпустардын курулушуна 799,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков «Кабар» улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди жана Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларындагы жалпы билим берүүчү мектептер үчүн кошумча окуу корпустарынын курулуштарынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Бирдиктүү депозиттеги эсептен бөлүнгөн миллиондорго Бишкек шаарында жети мектеп, Чүй облусунда жети мектеп, Ош облусунда бир мектеп курулат. Учурда Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында, Бишкек шаарынын №12-мектебинде мектептин кошумча окуу корпустарынын курулуштары аяктоо алдында турат. Орок айылындагы мектеп 500 окуучулук орунга эсептелип, бирдиктүү депозиттик эсептен 41 млн. сом бөлүнгөн. Учурда 32 млн. сомдук иштер аткарылган. №12 мектеп кошумча окуу корпусу 384 окуучулук орунга эсептелип, 41 млн. сом бөлүнүп, 30 млн. сомдук жумуштар аткарылган. Бул объектерди 2020-жылдын августуна чейин ишке берүү пландалган. Ал эми калган 13 объекти ишке берүү 2020-жылдын сентябрына карата пландалган.

Э.Абдыразаков акыркы жылдарда ички миграцияга байланыштуу Бишкекте жана ага жакын аймактарда 375 балага эсептелген мектептерде 2 миңден ашык бала билим алып жаткандыгын белгилеп, ал мектептерде окуучулар 3-4 нөөмөттө окууга аргасыз экенин айтып, буга мисал катары Орок айыл аймагындагы мектепте балдар 4 нөөмөттө окуп жаткандарын, мындай көрүнүш республиканын айрым шаарлары жана облустарындагы мектептерге, асыресе Бишкек шаарындагы көпчүлүк мектептерге мүнөздүү көрүнүш экенин баса көрсөттү.

Мамкурулуштун маалыматына караганда, курулушу пландалган 15 объектин жалпы божомол наркы 941,9 млн. сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө кошумча окуу корпустары курулушу пландалган 15 мектептин ичинен 9 объектте курулуш жумуштары башталган. 3 объект боюнча подряддык уюмдар аныкталып, келишим түзүлүү алдында турат. 2 объект боюнча тендердик билдирмелер ачылып, тендердик комиссиянын кароосунда болсо, 1 объекттин тендердик кагаздарын ачуу 2019-жылдын 26-декабрына белгиленген. Бишкек шаарындагы №12 мектепке 384 орундуу, №69-мектепке 225 орундуу, №54 мектепке 375 орундуу, №18 мектепке 225 орундуу, №59 мектепке 150 орундуу, №72 мектепке 225 орундуу, №16 мектепке 225 орундуу, Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Төмөнкү Ала-Арча орто мектебине 375 орундуу, Кашка-Суудагы Т.Актанов мектебине 100 орундуу, Ново-Павловкадагы Новопавловка орто мектебине 500 орундуу, АтБашы айыл аймагындагы Манас айылындагы Ат-Башы орто мектебине 500 орундуу, Ороктогу орто мектепке 500 орундуу, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү комплекси-лицейине 500 орундуу, Покровкадагы Баранов атындагы №2 мектепке 225 орундуу, Ош шаарындагы Нариман мектеп-гимназиясына 500 орундуу кошумча окуу корпусу курулмакчы.

Мамкурулуштун басма сөз катчысы Азиза Масимованын айтымында, быйыл 96 объектини бүткөрүү каралса, учурда 92 объекттин курулуш иштери аяктаган.

«Учурда 92 объект бүткөрүлүп, 4 объектте иштер аяктап калды. Алардын: 41и капиталдык курулуш объектилери, 33ү — капиталдык оңдоп-түзөө объектери; 9у — таза суу объектилери, бул 9 объект 22 айылды таза суу менен камсыздайт», — деди А.Масимова.

Айтымда, 41 капиталдык курулуш объектисинин – 28и мектеп, алтоо — саламаттык сактоо, бирөө маданият, экөө спорт тармагынын объектилери жана бирөө турак-жай объектиси.

Эске салсак, бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылы түзүлгөн жана бир катар күч түзүмдөрүнө жана фискалдык органдарга: Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге коррупциялык схемалардан кайтарылган каражатты бирдиктүү эсепке которуу милдети жүктөлүп, аны мектептердин курулушуна жумшоо белгиленген.