200 миллион сом инвестиция тарта алган айылдар бар

Быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылын 10 миңдей калкы бар Чүйдөгү Октябрь айыл аймагы мыкты ийгиликтер менен жыйынтыктоодо. 6,5 миллион сомго жетпеген бюджети бар, дотацияда отурган бул айыл аймагына 2019-жылы 210 миллион 820 миң сом инвестиция тартылды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү” жарлыгын ашыгы менен аткарган Октябрь айыл аймагынын башчысы Кылычбек Тойчу уулунун иш билгилиги Кыргызстандагы бардык айыл өкмөт башчыларына үлгү болууга тийиш. Эгер өлкөбүздүн жергиликтүү бийлик башчылары Кылычбек мырзадай кыйын иштегенде, кыргызстандыктардын жашоо деңгээли заматта жакшырмак. “Керегем сага айтам, келиним, сен ук” демекчи, Кыргызстандагы 452 айыл аймактарынын башчыларынын кулагына күмүш сырга кылып, Октябрь айыл аймагындагы бир жыл ичинде жасалган алгылыктуу иштерди санап берелик:

  1. Октябрь айыл аймагындагы Торойчу айылында жалпы суммасы 1 млн. 8 жүз миң сомго жетим жесирлер үчүн 144 үй-бүлөгө социалдык турак жай Кувейт фонду тарабынан курулуп жатат. Келерки жылдын жаз айында ачкычтар үй ээлерине тапшырылат.
  2. Чүй айылына Түштүк Корея мамлекетинин «Сэмаыль» кыймылы тарабынан 2 млн. 200 миң сомдук инвестиция сүт багытындагы ферманын курулушуна тартылды.
  3. АРИС тарабынан 700 миң сомго жем тартуучу станоктор коюлду.
  4. Октябрь айылындагы жолго асфальт төшөө үчүн КРнын Каржы министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттан 2 млн. 550 миң сом инвестиция тартылды.
  5. Торойчу жаңы конушуна Кувейт фонду тарабынан таза суу тосмосун курууга 6 млн. сом сарпталды.
  6. Торойчу жаңы конушуна “Катар Хария” кайрымдуулук фонду тарабынан 2 млн. сомго 2000 метр аралыкка суу түтүктөрү тартылды.
  7. Торойчу жаңы конушун Кувейт кайрымдуулук фонду тарабынан 350 орундук орто мектептин имаратын курууга 75 млн. сом инвестиция тартылды.
  8. Торойчу жаңы конушуна электр энергия менен камсыз кылуу максатында трансформаторлорду, электр мамыларын жана чубалгыларын алып орнотуу үчүн “Катар Хария” кайрымдуулук фонду тарабынан 7 млн. 500 миң сом инвестиция тартылды.
  9. Торойчу жаңы конушуна ФАПтын курулушу үчүн жана керектүү инвентарларына Кувейт кайрымдуулук фонду тарабынан 2 млн. 500 миң сом инвестиция тартылды.
  10. Торойчу жаңы конуштагы тигүүчү цехтин курулушуна 2 млн. 500 миң сом инвестиция тартылды.
  11. Лубяное айылынын 3 км. жолун оңдоо үчүн Түштүк Корея КОЙКА фонду тарабынан жалпы суммасы 1 млн. 800 миң сом инвестиция тартылды.
  12. Октябрь айылына таза суу түтүктөрүн куруу үчүн “Катар Хария” кайрымдуулук фонду тарабынан 1 млн. 200 миң сомдук инвестиция тартылды.
  13. Торойчу жаңы конушундагы көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан 250 000 миң сомдук инвестиция тартылды.
  14. Торойчу жаңы конушундагы 2 км. көчөсүнө асфальт төшөө үчүн «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан 6 млн. сомдук инвестиция тартылды.

Тиленбек АЗЫК