Президент бир катар элчилерди дайындады

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар элчилерди дайындоо боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Ошондой эле Абдилатиф Жумабаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Ал эми Мукашев Данияр Муратбекович Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы, Италия Республикасындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Сан-Марино Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.