Ош шаарында ӨКМге караштуу агенттиктин жетекчисин атып кетишти

Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин жетекчиси Сапар Бакыевди атып кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-декабрда милицияга ооруканадан октон жаракат алып Озгур айылынын 35 жаштагы Сапар Бакыев келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.

Сөөктү текшерүүдө Сапар Бакыевдин желкесине ок аткандыгы аныкталып, каза болгон адамдын үйүндө гильза табылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө башталды.

Сапар Бакыевдин артында эки баласы калды.