31-декабрда Чүй проспектиси убактылуу жабылат

Өлкө боюнча акыркы жумада 111 айдоочу мас абалында кармалган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Ошондой эле маалымат жыйындын жүрүшүндө, 31-декабрь күнү Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабыла турганы маалым болду.

Сатыбалдиев белгилегендей, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат. Себеби, «Ала-Тоо» аянтында кечки саат 20:00дөн баштап түнкү 23:30га чейин концерттик иш-чара өтөт.