«Эмгек сиңирген ата» наамын негиздөө сунушталды

Депутат Ирина Карамушкина Кыргызстанда «Эмгек сиңирген ата» наамын белгилөөнү Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-июндагы жалпы жыйынында сунуштады.

Анын пикиринде, республикада энелер үчүн сыйлыктар бар, бирок, аталар үчүн каралган эмес. Андыктан, аталардын статусун көтөрүү максатында өлкөдө мындай наамды түзсө болоорун Карамушкина кошумчалады.

Ал эми, Социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова, эгер, конкреттүү сунуш болсо, министрлик бул маселени карап көрүүгө даяр экендигин билдирди.

Эске салсак, буга чейин эл өкүлү Аалы Карашев дагы көп балалуу аталарга сыйлык кароону сунуштаган.