Шпион (Молдакундун аңгемеси)

«Кыргыз Туусу» 2019-жылдын 31-декабры №101 (24397)

       Белгилүү мамлекеттик ишмер, быйыл жайында уулу, небереси, жубайы менен Көкөмерен дарыясына түшүп кетип мерт болгон Молдакун Абдылдаев кошунам эле. Молдакун терең маданияты, улуу-кичүүгө бирдей мамилеси, жугумдуу мүнөзү, кайсы тема болбосун көзүңдү ачып койгон билиминин бийиктиги, мамлекеттик чоң кызматта жүрсө дагы эч качан көтөрүлбөгөн жөнөкөйлүгү менен баарыбызды өзүнө тартып турчу. Ал көптү көргөн, турмуштук тажрыйбасы бай адам болгондуктан сүйлөшө келгенде, башынан өткөргөн тамашалуу окуялардан айтып берип боорду эзчү. Анын бул аңгемесин окурмандарга жеткирип коюуну туура көрдүм. Кайран Молдакунга койгон гүлдестем болсун.

 

1995-2000-жылдары Россиянын Кыргызстандагы чек ара тобунун  командиринин орун басары болуп иштечүмүн. Күндөрдүн биринде Чүйдөгү дунгандардын атактуу байы командирибизге телефон чалып, уулу аскер кызматкери болгусу келип атканын айтып, кызматка алуусун өтүнүптүр. Ал киши кадырлуу адам болгондуктан Кыргызстанда баары эле сыйлап турчу. Командирим мени чакырып, курсагы кулач, эки бетинен май тамган, көзү жүлжүйгөн бир жигитти көрсөтүп, “ушуну кызматка аласың, прапорщик наамында кызмат кылат, кайсы кызматты кылат аны өзүң аныкта”,- деп буйрук берди.

Документтерин карасам мурда армияда кызмат кылбаптыр. “Сен эми адегенде аскердик ашканага башчы болуп иштеп тур. Кызматты ушундан башта”,- деп, үстүнө форма берип, прапорщик чинин ыйгарып, түштүк тараптагы чек ара бекеттеринин бирине жөнөтүп жибердим. Ошону менен иштеп жүргөн. (Атын деле айтты эле күлө берип эсимен чыгып кетиптир. Андыктан өзүм эле Жүсүр деп койдум…Кошкон суум ушул болду. Калганын раматы Молдакун өзү кандай айтса ошондой бердим).

Бир ай өтпөй баягы бай дунган командирибизге кайра чалып, “мен силерге уулумду “анык аскер кызматкери” кылып тарбиялап бергиле дегем. Өзү да ошону каалайт. А силер ашкана башчысы кылып коюпсуңар. Ашканадан башка ага ылайыктуу кызмат жокпу?”,- дептир.

Командирибиз баш болуп ойлонуп калдык. Бир жагынан Жүсүрдүн “анык аскер кызматкери” болгусу келгенин сыйлап да турдук. Бирок чек ара деген чек ара. Атайын даярдыктагы офицерлер, чек ара кызматкерлери, жоокерлер кызмат кыла турган жер. Акыры кеңешип-таңашып жатып, чек арадагы кезметти алмаштыра турган кызматка чектедик. Кыскасы, прапорщик Жүсүрдүн милдети өзүнө бекитилген жоокерлерди баштап барып, чек арада турган жоокерлерди мөөнөтү менен алмаштырып, мөөнөтү бүткөндөрдү кайра алып келип турмай болду.

Ал кызмат кылган чек ара бекети чектеги айылдардын бирине жакын жайгашкан жерде эле. Кайтаруудагы чек ара линиясына жетүү үчүн жолу татаал кокту-колотторду, бел-белестерди басып өтүүгө туура келчү. Бул тоого көнгөн, машыккан жоокерлерибизге кеп болбогону менен, эгерим тоо көрбөгөн, өзү да эткээл Жүсүр үчүн кыйын эле иш болчу. Чыдап көнүп кетсе бир-эки жуманын ичинде курсагы тартылып, атасы айткандай шыңгыттай жигит болуп чыга келээрине көзүбүз жеткендиктен, өзүбүз да аскер кызматкери болгусу келген Жүсүр үчүн кубанып калдык…Бирок, бул кубанганыбыз республикалык, атүгүл Москванын деңгээлинде ызы-чууга айланаарын кайдан билдик.

Кийин белгилүү болгондой, чек ара бекетинин командирлеринин айтымында бул кызматына биринчи жолу киришкен прапорщик Жүсүр, деле бакылдап команда берип, анысына өзү да ыраазы болгонсуп, жоокерлердин астына түшүп, балпаңдап жөнөп кетиптир. Аңгыча кеч кирип, мөөнөтү бүткөн жоокерлер өздөрү келип Жүсүр жок дейт.

—        Прапорщик кайда?

—        Аны көргөн жокпуз.

—        Силерди алмаштыра турган жоокерлерди коштоп кетпеди беле?

—        Алар прапорщик тоого жеткенде баса албай “артыңардан барам, мага кармалбай өзүңөр кете бергиле” деп жолдо калып калганын айтышты.

—        Жолдон жолуккан жокпу анан?

—        Жок, көргөн жокпуз. Биз кайра бекетке кетип калган го деп ойлогонбуз..

Ошону менен чек ара бекетинин курамын тревога менен көтөрүп, издөө башталат. Чек арада аскер кызматчысынын жоголушу чоң ЧП эле. Аргасыздан Бишкекке бизге билдирүүгө туура келет. Биз андан ары Москвага чейин билдирип, республиканын чек ара жетекчилери ызы-чуу түшүп калдык.

Ошентип, офицерлер баш, жоокерлер төш болуп жети түндө кол шамды күйгүзүп алып тоо-ташты тинтип издей башташат. Биз болсо борбордон ар бир жарым саатта «табылдыбы?»,- деп, телефон чалып чек ара бекетинин командирлеринин жандарын сууруп атабыз…Жүсүрдөн дайын жок…

Муну менен шорубуз бүткөн жок. Көп өтпөй коңшу айылдардын биринен “шпион кармалды” деген маалымат түшүп, ого бетер чаң-тополоң түштүк. Бул маалымат жеткенде Бишкектеги Россиянын чек ара кызматынын өкүлдөрү, Кыргызстандын чек ара жетекчилери эки вертолёт менен учуп чыгып, ызылдап жөнөп калдык…

Акыры  Жүсүр табылды…Көрсө окуя мындай болуптур. Буга чейин эң кур дегенде эки кыр ашып көрбөгөн биздин прапорщик Жүсүр бая жоокерлерди баштап чек ара бекетинен чыгып кеткенде балпаңдап жакшы эле бир кыйла жерге барыптыр…Анан тоо таяна бергенде бышылдап-кышылдап, демигип, тердеп-кургап артта калып, жоокерлер аны күтүп жолдо кармала баштайт.

Аскердик тартип катуу. Чек арачыларды мөөнөтүндө алмаштырбаса болбойт. Айласы кеткен Жүсүр “силер бара бергиле, мен артыңардан жете барам” деп жоокерлерди жөнөтүп жиберип өзү калып калат. Калганы курусун жоокерлер кеткен жолду да эстей албай калып, тоодо адашып, түнгө калып кетиптир. Дагы жакшы, ар кайсы кокту-колотту аралап темселеп жүргөндө жарыктары жаркырап күйгөн айылды көрүп, эптеп түшүп барып, четтеги бир үйдүн босогосун аттаптыр.

Чек арадагы айылдарда жашаган элдер кыраакы келишет. Үй ээлери,  адегенде анча деле шек санашпай, түн бир оокумда чарчап-чаалыгып кирип келген прапорщикти жакшы тосуп алышат. Алдына түрдүүлөп тамак аш коюшуп, булоолонто ысык чай сунушат. Тоо-таш кечип эси оогон биздин прапорщик Жүсүр кепке сөзгө келбей, каймак-майдан опурулта алып, нандан бурдай сугунуп, анан курсагы кампайгандан кийин терин аарчып, капталындагы тапанчасын ары көздөй жылдырып салып шектүү суроолорду бере баштаптыр:

—        Бул айыл чек ара бекетине жакынбы?

—        Чек арачылар келип турабы?

—        Телефон байланышы барбы?..Баса, чек ара бекети кайсы тарапта? ж.б.у.с.

Курсагын тойгузуп алып, куураткан суроолорду бере баштаган, көздөрү ашуунун аркы бетиндеги элден келгенсип жүлжүйгөн, оң жагында тапанчасы салаңдаган, түн катып жүргөн бул адамдан шек санаган үй ээси “малыма чөп салып келейин” деп шылтоолоп акырын жылып чыгып, кошуналарын ойготуп “биздин үйдө шпион отурат, тапанчасы да бар, чек арага киши чаптыргыла” деп кабар берип коюп, кайра үйгө кирип “алың-ичиң” деп алаксытып, берген суроолоруна жооп беримиш болуп отурат.

Айылдыктар бир баланы ат менен чек арага кабарга жөнөтүп, өздөрү каалганын артына, үйдүн бурчтарына жашынып аңдып калышыптыр. Бир маалда “шпион” чек ара бекети кайсы тарапта экенин тактап алып (үй ээлери албетте, тетири жакты айтышат) кетмей болот. Жаңы эле сыртка чыгып, курун оңдонуп, тапанчасын тартынып айтылган жакка жөнөй турган болгондо, каалганын артында жашынып турган айылдыктардын бири лопатканын жазы жагы менен төбөгө берип калыптыр. Курган Жүсүр ыргыткандай мүшөктөй күп этип, кулап түшүптүр. Айылдыктар жабылып эсин жыйдырбай, колу-бутун таңып жиберишет. Тапанчасын алып коюшат.

“Кой эми муну, чек арачылардын колуна салып берели”, — дешип Жүсүрдү эшекке артып, алдыга салып айдап алышат. “Шпион жүрөт” деген кабарды уккан чек ара жетекчилиги бир взвод солдат менен уруп-согуп алиги айылга жөнөп калышат. Баратып, айылдын чыга беришинде көмкөрөсүнөн эшекке таңылган, ал аз келгенсип оозуна чүпүрөк тыгылган Жүсүрдү айдап алышкан айылдыктардын алдынан чыгышат.

Аларга бул өзүбүздүн прапорщик экенин, тоодо адашып кетип табылбай жатканын айтышып, кыраакылыктары үчүн ыраазылык билдиришет. Эшекке таңылып, оозуна чүпүрөк тыгылып көрбөгөндү көрүп келаткан Жүсүрдү эшектен чечип алышып, алып келип санитардык бөлүккө жаткырышат…Ал арада борбордон эки вертолет менен учуп барган биз, иштин жагдайын уккандан кийин, сөкчүбүздү сөгүп, айтчубузду айтып кайра жөнөп кеттик.

Көп өтпөй Россия чек ара кызматын чыгарып кетип, Кыргызстан чек арасын өзү кайтарып калды. Мен дагы башка кызматка өткөнүмө байланыштуу чек ара кызматынан кетип, Жүсүрдүн кийинки тагдырынан кабар албай калган элем.

Оо, кийин Бишкектеги базарлардын бирине кире калсам, кайран Жүсүрүм эт чаап отурат. “Анык аскер кызматкери” болбой калган соң, ар кайсы жумушта урунуп-беринип жүрүп, акыры ушул эт чапкыч кесибине токтоптур. Кезиккен сайын баягыларды эстеп бир каткырып алмайыбыз бар. Азыр  этти дайыма Жүсүрдөн алам…деген эле Молдакун бейиши болгур.

 

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,

“Кыргыз Туусу”