Кепилдик фонду ААК: «Ыкчам баюунун жаңы ыкмасын баштадык»

Жайыт такырланбайт, эл жакырланбайт

Бишкектин түндүк тарабындагы Ак-Бата конушунун тургуну, кесиби зоотехник Аралбек Абдырасулов 2014-жылдан бери кой чарбасы аркылуу реалдуу киреше таап, тез баюунун жолун өз тажрыйбасында далилдеп жатат. Фермер болгону 15 сотых короосуна 500 баш кой багат. Койлорун интенсивдүү эттендирүү үчүн ага чоң жайыттардын кереги жок. Жүгөрү, буудай, арпа аралашкан жемди майдалагыч аппараттан өткөрүп койлоруна берет. Мындай жагдайда чөп да абдан үнөмдөлөт. Адатта кой бүкүлү жемдин 55 пайызын араң сиңирет, тез эттенбей фермерди чыгымга тартат. Ал эми майдаланып берилген жемдин аш болумдуулугу 95 пайызга чыгууда. Эгерде бүкүлү берилген жем койдун салмагын бир суткеде 90-100 грамм өстүрө алса, майдаланган жем 130-140 граммга чейин жогорулатып жатат.

А.Абдырасуловдун кой чарбасынын ийгиликтүү тажрыйбасы Кепилдик фонду ААКсынын жетекчилигин абдан кызыктырып калган. Ушуга байланыштуу Кепилдик фонд өткөн жылы “КРда кой чарбасын интенсивдүү өнүктүрүү программасын” иштеп чыгып, анны аймактарга жайылтуу боюнча алгачкы кадамды баштады. 2019-жылдын 25-декабрында Кепилдик фонд фермердин жем майдалоочу заманбап аппаратка ээ болуусу үчүн банктан кредит алуу максатын колдоп, алгачкы жолу аталган программанын алкагында кепилдик берүү чечимин чыгарды. Бул боюнча Кепилдик фонддун башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров төмөнкүлөргө токтолду.

-Бир фермердин 15 сотых жерине 500 кой багылып жаткан соң, мисалы, 30 млн. кой багуу үчүн 9000 гектар эле жер аянты талап кылынат. Ал эми өлкөдөгү жайыт жеринин аянты 1,9 млн. гектарды түзөт. Союз учурундагыдай мал туягынан жайыттар деградацияга учурады деген дооматтар болбойт. Өткөн аптада Аралбек уулу экөө Баткенге барып, ар

бир койдун баасын 8000 сомдон түшүрбөй дүңүнөн 100 койду сатып келишти. Ага кайрадан Ат-Башыдан козулардын орточо баасын 2500 сомдон сатып алып келишти. Аралбектин коюнун орточо салмагы 21 кг. Жетип жатты. Ал эми күзүндө тоодон түшкөн койлордун орточо салмагы 11-14 кг. чейин болууда. Майдаланган жем койду тез семиртет. Эти да экологиялык жактан таза келип, жемге химиялык кошулмалар жолотулбайт. Фермердин чөп тоюту да үнөмдөлөт. Мындай жемди койлорго күнүнө бир эле жолу түштөн кийин беришет.

Бүгүнкү күндө Кепилдик фонду “КРда кой чарбасын интенсивдүү өнүктүрүү” программасын сунуштап жатат. Анын алкагында А.Абдырасуловдун фермердик чарбасынын базасында фермерлерге окутуу борборун түзүүнү пландап жатабыз. Максатыбыз – ар бир региондо 1000-2000ге чейин кой бакан 10-20 кой чарбаны уюштуруу. Анын натыйжасында ар жыл сайын койдун башын 300-400 миңге чейин жеткирүүгө тийишпиз. Ал эми 2023-жылдын аягында өлкөдөгү койдун эсебин 7,5 млн.го жеткирүүнү көздөөдөбүз. Ал учурда кой этин өндүрүүнүнүн көлөмүн бир жылда 144 миң тоннага көтөрүүгө болот. Кой чарбасын өнүктүрүүнүн натыйжасында эт экспортунун көлөмүн камсыздоого эмнеге болбосун? Кепилдик фонд бул программаны турмушка ашыруу үчүн программанын башынан аягына чейин коштоо жоопкерчилигин алып жатат. Иштин баштапкы этабында колунда малынын саны боюнча мүмкүнчүлүгү жетиштүү, түптөлгөн базасы бар фермерлерди ишке тарталы деп жатабыз. Себеби, адегенде өлкөдө кой чарбасын интенсивдүү өнүктүрүүгө боло турганына элетте жашаган калкыбыздын туруктуу ишенимин пайда кылуубуз керек. Кыргызстандын эт азыктары экологиялык жактан таза жана даамдуу экенине кызыгуусу арткан чет элдик өнөктөштөр аз эмес. Мисалы, Россияга, Иранга, Сауд Арабиясына ж.б. мамлекеттерге этти экспорттоого толук мүмкүнчүлүктөр ачылат, — дейт М.Абакиров.

Романов койлору жылына эки төлдөп, төрттөн козу берет

Учурда Аралбек Абдырасуловдун алты жылдан берки кой чарбасы боюнча тажрыйбасын айрыкча Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарынын фермерлери келишип, кызыгып көрүп жатышат. Кой чарбасын ушундай жол менен көтөрүүнү Кепилдик фонд өзүнүн приоритеттүү программасы катары кабыл алууда. Бул тажрыйбаны Кыргызстандын аймагына тезинен таратуу максатында Кепилдик фонд алгачкы аракеттерди баштап жатат. 2018-жылдын жыйынтыгы менен алганда Кыргызстанда 6 млн. 168 миң кой бар экен. (2019-жылдын бул тууралуу жыйынтыгы чыгарыла элек). Кепилдик

фондундагылардын пикирлерине караганда 2023-жылдын аягына чейин республика аймактарында койдун төлүн 7,5 млн.го чейин жеткирүү боюнча программасында реалдуу факторлор жогору. Анткени, бүгүнкү күндө айрым фермерлерибиз Россиядан койдун “Романов” асыл тукум пародасын алып келип багып жатышат. “Романов” койлору жылына эки ирет тууйт жана ар биринде экиден козу берет. Орточо тирүү салмагы 40 кг. Чейин жетүүдө. Муну менен өлкөдө асыл тукум койду көбөйтүүнү колго алып, айыл аймактарын жумуш менен камсыздоого болоруна аталган

орган ишендирип жатат. Жемди майдалоочу жабдууну башка мамлекеттен импорттоп убара болбойт экенбиз. Бишкектин Чолпон-Ата -2 көчөсүндө жайгашкан тажрыйба-эксперименталдык-механикалык заводу жемди майдолоочу жабдууну чыгарып жатат. Фермерлерге жабдуунун сапаты, баасы туура келсе сатып алышса болот. Кепилдик фонду Аралбек Абдырасуловдун кой чарба тажрыйбасын өлкөгө жайылтуу максатында семинарларды өткөрүп, китепчелерди чыгарып берүүгө даяр. Ага эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүшкөнү жатышат. Иштин башталышы жаман эмес. Кепилдик фонд сунуштаган бул программага кызыккан фермерлер күн санап көбөйгөнү байкалууда. КФнын кызматкерлери өткөн жылдын декабрь айында жогорудагыдай шартта кой багууну көздөгөн бир нече фермерге бизнес-план иштеп чыгууга жардам беришти.

 

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,

“Кыргыз Туусу”