Камчыбек УЗАКБАЕВ: «Кыргызстанда бөйрөк алмаштырылып, боор алмаштырылууга даярдыктар көрүлүүдө»

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, КМШ педиатрлар федерациясынын президенти, Түрк элдер педиатрлар ассоциациясынын вице-президенти Камчыбек Узакбаев менен маек.

– Камчыбек Аскарбекович, сиздердин клиникада республикада биринчи болуп бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Ошол операция жөнүндө өзүңүз айтып бербейсизби?

– Бөйрөк оорулары жылдан-жылга көбөйүүдө анын ичинде балдар арасында да өсүүдө. Балдарды бөйрөгү курч форма түрүндө иштебей калганда эң негизги жардам жасалма бөйрөк (гемодиализ) аппараты менен дарылоо. Биздин клиника 1995-жылы ачылганга чейин балдарды гемодиализ менен дарылоо Кыргызстанда жүргүзүлгөн эмес, себеби адистер жок эле. Академик М.Миррахимов атындагы Кардиология илимий изилдөө институтунда жасалма бөйрөк бөлүмү бар эле, бирок, ал жалаң гана чоң адамдарга жардам берчү.

Азыркыга чейин Кыргызстанда балдарга гемодиализ аркылуу дарылоо бизде гана жүргүзүлөт. Азыр дүйнө жүзүндө бөйрөк алмаштыруу операциялары ийгиликтүү жасалууда. Биз өзүбүздүн дарыгерибизди мындан 15 жыл мурун 6 айга Германияга жибердик. Бирок бир адис жетишсиз экен. Кийин мен өзүм Түркияда, Индияда 2 жолудан, Беларуста 3-4 жолу болуп, эмгек өргүүмдү алып Москвага, Кытай, Казакстанга барып, көрүп чыктым. Жасасак болот экен. Бирок аны жасаш үчүн өтө жогорку деңгээлде даярдык талап кылынат. Анан Беларустун башкы транспалонтологу, медицина илимдеринин доктору Олег Валентинович менен сүйлөштүк, ал киши бул жакка келди. Трансплантация жасоодо медицинанын бардык проблемалары камтылат. Операция жасалгандан кийин аны кылдат көзөмөлдөп, тез-тез текшерип туруш үчүн билимдүү нефролог керек. Даярдык көрүүнүн үстүндө 4-5 жыл иштедик. Ошол эле мезгилде бөйрөк алмаштырган чет өлкөдөгү дарыгерлер менен тыгыз байланышта болуп турдук. Алар бизге биринчи 10 операцияны өздөрүнүн анестезиологу, реаниматологу, лаборанты, медсестрасына чейин келип, жасап беришти. Анан биздин бригада Беларуска 4 ирет барды. Баш аягы 16 операцияны чогуу жасадык. Албетте, кыйынчылыктар көп болду. Керектүү аспаптар жетпей жатты. Жогорку Кеңешке кайрылып, социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Садык Шер болчу, 300 миң долларга чечим чыгарып беришип, ошол каражатка операцияга зарыл аспаптарды алдык. Учурдан пайдаланып, Садык Шер мырзага чоң рахматымды айта кетейин. Азыркы күнгө чейин 29 операция жасадык. Азыр бизде бөйрөк алмаштыруу операциясы боюнча чоң бригадабыз бар. Мирбек Байзаков деген дарыгерибизди бир жыл Түркияда окуттук. Мындай операцияны чоң кишилерге да жасоого Саламаттыкты сактоо министрлиги уруксат берди. Буга чейин биздин жарандардын көбү чет өлкөгө барып операция жасатып, кыйналып, же тил билбей, жол кире донору, караган кишиси менен каражаты асмандын башына чыгып, кээ бири каражат таба албай көз жумган учурлар көп эле болуп жүрбөдү беле.

– Бөйрөк алмаштырууда ооруган бөйрөктү алып салбай эле жаңы бөйрөктү коюп коёт экен деген чынбы?

– Адамдын бөйрөккө кетүүчү чоң кан тамырларына эле тигилип жаңы бөйрөктү улап коёт. Ар бир операцияга өзүм катышам. Азыр эми боор алмаштыруу операциясына адистерди даярдап жатабыз. Боор оорулары, өзгөчө тубаса боор оорулары балдардын арасында көп кездешет. Жылына операцияга муктаж 12ден 20га чейин балдар бар. Алардын көбүнүн чет өлкөгө барууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Бул жерде донор табуу дагы жеңилирээк. Энесинин боорунун бир бөлүгүн коюп койсо энесинин да, баласынын да боору тез эле калыбына келип иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Боор эң тез калыптануучу орган да. Эми бул операцияга дагы керектүү адистерди акырындап даярдап жатабыз. Ал операция үчүн бизге дагы 300 000 долларлык аспаптар керек. Өкмөткө, парламентке кайрылып жатабыз, бул маселе эртерээк чечилсе жакшы болмок.

– Бөйрөк алмаштыруу операциясына аспаптарыңыздар жетиштүүбү?

– Аспаптар жетиштүү. Бир гана ткандардын шайкеш келишин текшерген аппараттарыбыз жетишпейт. Биз ал анализди азыр чет өлкөгө жиберип, жасатып жатабыз. Ушул көйгөй бар.

– Ал лаборатория кымбат турабы?

– Андай лаборатория түзүү үчүн азыр бизге дагы кошумча 350-450 миң долларлык аппараттар керек. Аны алсак генетикалык анализдерди да жасоого мүмкүн болмок.

– Жашыруун болбосо, ошол органдарды алмаштыруу канча турат?

– Дары-дармек, операцияга кеткен чыгымдардын бардыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик антимонополия комитети менен макулдашканбыз. 7000 доллар деп эсептеп чыкканбыз. Ошол каражатты деле кыйналып төлөшөт. Бул чет мамлекетке караганда кыйла арзан. Ал каражат толук дарыларына, текшерүүгө кетет.

– Ымыркайлардагы айрым тубаса ооруларды бир жашка чейин дарылоо бөлүмү ачылганынан да кабарыбыз бар…

– Быйылкы жылы биз неонаталдык-скрининг анализди ишке киргиздик. Неонатология бөлүмү – бул жаңы төрөлгөн наристелерди текшерүүчү-дарылоочу бөлүм. Бул Борбор Азия чөлкөмүндөгү бардык өлкөлөрдө киргизилген. Биздин суубузда, жерибизде йод микроэлементинин жетишпестиги бар. Ошон үчүн биз эндомикалык аймак деп эсептелебиз.

Жылына тубаса гипотриез (шал оорусу), акыл-эси өнүкпөй калган 120дай бала төрөлчү. Аны биз 1 жашка чейин дарыласак толук сакайып кетет. 1 жаштан кийин дарылоо эч кандай жыйынтык бербейт. Ошол текшерүүнү быйыл март айынан баштап ишке киргиздик. Буга Жогорку Кеңеш менен мамлекет 27 млн. сом бөлүп берип, ошого аппараттарды сатып алдык. Анын жардамы менен бүт Кыргызстанда төрөлгөн балдарды текшерүүгө болот, бир гана реактивдерди убагында сатып алып турсак.

– Жаңы төрөлгөн баланын канын алыскы айылдардан кантип алып келип текшересиздер?

– Жаңы төрөлгөн наристенин бутунун капталынан алынган тамчы канды соргуч сыяктуу кагазга тамызып, кургатып туруп, жергиликтүү медиктер бизге жөнөтүп жиберишет. Кан бизде текшерүүдөн өтөт. Бүгүнкү күнгө чейин 14000 наристени текшерүүдөн өткөрдүк, ошонун ичинен 7 баладан тубаса гипотриез чыкты.

– Дарылоонун дагы кандай заманбап түрлөрүн киргизип атасыздар?

– Германия мамлекетинин гранттык жардамы менен биздин борбордо заманбап төрөт үйүнүн жаңы блогу курулуп жатат, курулуштун 80%ы бүттү. Германиянын Линхард фонду аркылуу тубаса укпагандар үчүн кохлеарный импланттарды бекер апкелип жатабыз, операция болууда. Бул дагы өтө кымбат жардам. Бир эле аппарат 20-25 миң евро турат, сентябрь айында 12 балага ушундай жардам көргөздүк. Азыр Кувейттик фонд менен биргеликте балдардын көз ооруларын дарылоо колго алынууда. Алар бизге 100 миң доллардык лазердик аппаратты бекер беришти. Алар менен көз ооруларын дарылайбыз, Германия менен бет-жаак хирургиясы боюнча тубаса нышан, таңдайы жок төрөлгөндөрдү операция кылып, тыгыз иштешип келүүдөбүз. Жакында дагы Кувейттин “Ас-Сафа” фондусунун жардамы менен 2 жана 3 кабат имараттын курулушу жүрүп жатат. Биринде балдардын Консультациялык – диагностикалык бөлүмү, экинчисинде, балдардын гематология жана органдарды алмаштыруучу бөлүмдөрү жайгашат. Курулуш жана аспаптар дагы гранттык негизде, бекер. Анан азырынча айтпай турган дагы бир катар долбоорлорубуз да бар.

Жыпар АКУНОВА, “Кыргыз Туусу”