Баткенде абал туруктуу, бирок…

Жаңырган жылдын башында Баткендин кыргыз-тажик чек ара аймагында кайрадан чыр чыкты. 2019-жылдын ичинде кошуна республикалар менен 17 жолу чек ара чатагы катталган. Аны 14ү кыргыз-тажик чек ара айылдарына тиешелүү болду. Он төрт жаңжалдын үчөөсүндөгү кагылышуу курал колдонуу менен коштолгону кооптондурбай койбойт.

Чырдын кесепетинен жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн, күч органдарынын кызматкерлеринен жабыр тарткандары катталды. Айрыкча сентябрь айындагы чыккан кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан мекендешибиз, чек ара кызматкери Р.Муминовдун каза тапканы, артында үч баласы жетим калганы кабырганы кайыштырган. Курал колдонуу окуясы өткөн жылдын 18-декабрындагы жаңжалда да орун алды. Баткендин Көк-Таш айылындагы окуяда алты адам жабыркап, бир милицияга жана Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген болчу. Көрүнүп тургандай, акыркы төрт айдын аралыгында кыргыз-тажик чек арасындагы абал улам оорлошуп бара жатканы айдан ачык байкалып жатат.

Декабрдагы жана өткөн аптадагы чек ара чырында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акрам Мадумаров Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен жолугуп, кырдаалды талкуулашкан болду. Бирок, андай жолугушуулардан эл күткөндөй натыйжа чыга элек. Ушуга байланыштуу жергиликтүү элдин облус жетекчисине ишеничи солгун. Айрым адамдар анын бул кырдаалды оңдоого ыйгарым укугу жетишсиз экенин айтышса, кээ бир жарандар Мадумаровду кызматтан алып, ордуна көкүрөгү курч жетекчи келсе деген пикирде. Чынында аймактагы улам кайталанып жаткан кооптуу жагдай баткендиктердин «чучугуна жете» баштаганы көрүнүп калды.

Хроникага кайрылалы. Тажикстан тараптан 2020-жылдын 9-январында түнкү саат 02.40 башталган ок атуу таңкы 7.30га чейин улам кайталанып токтобой турган. Тажик тараптан кыргыз айылдары жакка башаламан ок атуу улантылды. Алар Ош-Баткен-Исфана жолу менен бара жаткан кыргызстандыктардын «Хонда Одиссей», «Фольксваген Гольф-4» үлгүсүндөгү автоунааларын таш менен уруп, айнектерин сындырышкан. Баштапкы окуя Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк бөлүгүндө, экинчиси Көк-Таш айылынын аймагында болуп өткөн. Машинедеги жарандардын арасында жабыркагандары бар. Тажиктер майда калибирлүү мергенчилик мылтыктан ок атышканын биздин чек ара кызматы да тастыктаган.

Андан тышкары, Дахма аймагындагы кыргыз жарандын үйүн таш менен бутага алышканы ырасталды. Ошондон улам Дахмага бара жатышкан КРнын Мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнө жана милицияларга да тажиктер тараптан ок атылган. Мындай чектен чыккан окуядан улам, Баткендеги чек ара кызматы, ИИМ түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүгө аргасыз болушту.

Ошол коогалаңдуу түнү жергиликтүү баткендик эл тажиктер олуттуу жаңжал чыгарып жатканынан дээрлик кабарсыз болушкан. Жаңжалдан бир аз мурда кыргыздарга жакынкы айылдарынан тажиктер аялдарды, балдарды топтоп, башка жакка кетирип, эркектери эле калып жаткандарын айрым жарандарыбыз байкашыптыр. Буга чейинки кагылыштарда ушул сыяктуу окуялар байкалган эмес. Тажиктер бир кыргыздын үйүн өрттөп жиберүүгө аракет кылышкан. Кыргыз айылдарынын түнкү бейпилдигин бузуп: «Тургула, сыртка чыккыла, тажиктер таш менен согуп, ок атып жатышат!»,- деген чуулгандуу кабардан улам, кыргыздар бири-бирине телефон чала башташкан. Ал жактагы 250гө жакын аялдын, жаш балдардын коопсуздугун сактоо үчүн Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы атындагы орто мектепке тез арада жайгаштырууга аргасыз болушту.

Ушундан кийин КРнын тышкы иштер министрлигине Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси чакыртылып, абал талкууланган жана элчи С.Мухриддинге каршылык нотасы тапшырылган. Премьер-министр М.Абылгазиев ошол эле күнү Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча күч түзүмдөрүнө тапшырма берген. Ал жакта жаңы чыр-чатактардын кайталанбоосу үчүн коопсуздукту күчөтүүчү чаралар көрүлдү. Чубактын кунундай чубалган чек ара маселесин эки өлкөнүн Өкмөттүк комиссиясы биргелешип, мындан аркы сүйлөшүүлөрдөн иштиктүү натыйжа чыгарышпаса болбойт. Бул талапты чек ара чыры жанына батып келе жаткан баткендиктер кабыргасынан коюп жаткан учуру. Өкмөт болсо, эки тарап чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жүргүзүүгө киришкенче абалды турукташтырууну тапшырып, буга чейинки мамлекеттер аралык жетишилген эки тараптуу макулдашуулардын алкагынан чыкпоону тапшырды. Бүгүнкү күндө мектепке көчүрүлгөндөр өз үйлөрүнө кайтышты. Бирок, кыргыз-тажик чек ара чыры эң талылуу маселе бойдон калууда. Ал жактагы жергиликтүү активисттер жана коомчулук өкүлдөрү болушуп, тажиктер мындан бир нече жыл мурда эле «жылма» экспанция саясатын баштаганын кан какшап айтышууда. Алардын Кыргызстанга жамаатташ аймактарынын калкы токтоосуз өсүп жатат. Ворух анклабынын айланасындагы нечен жылдан берки такталбаган чыр, жер, суу көйгөйү бар. Ал эми кыргыз айылдарынан жумушка жарамдуу жаштардын миграцияга агылуу процесси токтобой жатат.

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев:

«Кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо зарыл»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү тапшырмасын берди. Укук коргоо органдарына аймакты туруктуу кайтаруу жүргүзүү жана чектеш аймактардагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана окуянын чыңалышына жол бербөө үчүн чаралардын бардык топтомун ишке ашыруу тапшырылды. Муну менен катар өкмөт башчы кырдаалды тез арада жөнгө салууyну жана чыңалууну толук жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүүнү тапшырды. Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ишти илгерилетүүгө чейин кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалдын курчушуна алып келбөө үчүн чараларды кабыл алуу керектигин өзгөчө баса белгиледи.

 

Чек ара маселелерибоюнча адис, географ Саламат АЛАМАНОВ:

«Тирешүүдөн майнап чыкпайт»

— Чек ара кызматын күнөөлөөгө болбойт. Алар чийип берген сызыкты гана коргойт. Негизи чек ара маселеси 1924-жылдан берки келаткан көйгөй. Муну союз мезгилинде эле Москва чечип койсо болмок. Бирок, эгемендүүлүктү алгандан бери деле бир топ тажик-кыргыз, кыргыз-өзбек чек аралары такталып келаткан. Кийин ошол сүйлөшүүлөр уланбай калды. Эки тарап тең жеке амбицияга алдырып койду. Менимче тирешүүдөн эч майнап чыкпайт. Сүйлөшүүлөрдү тынымсыз улантып турсак эле маселе чечилип калмак.

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон МАМЫТОВ:

«Көйгөйдү чечүүнүн үч жолу бар»

— Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу участоктор боюнча сүйлөшүүлөр 2003-2004-жылдары дагы башталган. Ошондо олуттуу эки чекитти тактаганбыз. Биринчиси, Кыргызстан-Кытай- Тажикстан – үч мамлекеттин чек арасы кошулган жерин аныктап алдык. Экинчисинде, Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстандын бириккен жерин аныктаганбыз. Ал эми кыргыз-тажик чек араларында мурда сүйлөшүлүп, бирок ишти аягына чыгара элек протоколдор бар. 2013-2014-жылдары да тажиктер менен ийри отуруп, түз сүйлөштүк. «Эки тараптын эллин чатакташтырууну биротоло токтотуу үчүн жер алмашалы, Ворух анклабын бизге өткөрүп бергиле. Ал жердеги тажик жарандары жашай беришсин. Аларга паспорт берели. Анын ордуна биз чек аранын четинен силерге жер бөлөлү. Эки тарапты ынандыруу үчүн бир сантиметр жер ашык же кем берилбейт. Мындай тажрыйба дүйнө мамлекеттерде бар», -дедик. Бирок, Тажикстан тарап пауза күтүп туруп алган… Ал түгүл жамаатташ жашаган кыргыз-тажик жарандарынын арасында: «Керек болсо, үйлөрүбүздү алмашалы»- дегендери да чыкты.

Дүйнө мамлекеттеринде чек ара талашын чечүүнүн үч жолу бар. Биринчиси – эки тараптын жер менен жер алмаштыруусу. Экинчи жолу – чек ара талашы көйгөйлүү болуп, узакка созулуп келген болсо, талашкан эки мамлекет биригип, бөлөк бир мамлекетти күбө катары чакырып, эки тараптуу макулдашууну бекитишет. Ал эми үчүнчү жолу – эл аралык сотко кайрылуу.

 

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»