Кароол чоку: «БАШКАЛАР УБАДА КЫЛАТ. БИЗ АТКАРАБЫЗДЫ» УНУТКАН «КЫРГЫЗСТАН»

2010-жылдын 23-апрелинде түзүлгөн «Кыргызстан» саясий партиясы бешиктен бели чыкпай жатып, астына парламенттеги көпчүлүктү түзөбүз деген ат көтөргүс амбицияларды коюп, Кыргызстандын бюджети көтөрө алгыс убадаларды айтып, «чабал өрдөктөн» да эрте учту. Шайлоочулар алдында кат-кат убадаларды берип, шайлоо алдындагы саясый өнөктүккө да кабелтең акчаларды чачып, бүгүн парламентте 18 орунду ээлеп отурат.

Партия уюшулганда анын төрагалыгына бүтүндөй Кыргызстанга «АЮ Холдинги» менен таанымал Шаршенбек Абдыкеримов шайлангандай болгон, анан эле 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында «Кыргызстан» саясий партиясынын кезектеги 3-съезди өттү да, 300дөн ашуун делегат катышкан жыйында партиянын жаңы уставы бекитилип, жаңы программасы кабыл алынып, партия лидерлигине Чүй облусунун экс-губернатору Канатбек Исаев келди жана БШКга берилген «Кыргызстан» саясый партиясынан КР ЖКнын 4-чакырылышынын депутаттыгына талапкерлердин партиялык тизмесинде биринчи орунду ээледи. Ал эми «Кыргызстан» саясый партиясынын руханий лидери жана материалдык колдоочусу Шаршенбек Абдыкеримов тизмеде болгону 58чү болуп катталды. Минтип партия «аталыгынын» өзүн жупуну алып жүргөнү, башка партиялардагы айрым азаматтардай депутаттык орун талашпаганы, депутаттык орунду 2,5 жылдан тепетең бөлүштүрбөгөнү дурус көрүнүш деңизчи, бирок «Кыргызстандын» депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде атасы менен кызы, күйөөсү менен аялы, тагасы менен жээни жүргөнү айрым бир кыжалат ойлорду пайда кылбай койбойт. Кызык, аталган партия атасы менен кызынан, аялы менен күйөөсүнөн башка депутаттыкка ылайыктуу талапкер таппай калганы эминеси? Же мунун өзү бул партия мүчөлөрүнүн арасында башка татыктуулар жоктугун түшүндүрөбү, же партия мүчөлөрүнүн санынын аздыгынбы, же эмнени? Айтор, аталган партияга карата соболдорубуз аябай көп.

Ага деле мейли дейли, 2015-жылдагы «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин эске албаганда деле, аларга айтыла турган сындар арбын. Өткөн жылдын 22-сентябрында аталган партиянын кезектеги 6-съезди өтүп, анда алар 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыктарын алгачкылардан болуп жар салышты. Бул жолу да партия лидерлигине Канатбек Исаев кайра шайланды. Партиянын атына карата өздөрүнө өздөрү кат-кат мактоолорду айтышты, өткөндө берген убадаларын, анын ичинде 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдындагы «Кыргызстандын» «Жети кадам» программасын эстешти. «Жети кадам» программасынын биринчи кадамы «Ыймандуу Кыргызстанды куруу» ураан чакырыгы болчу. Бүгүн ыйман тууралуу ким гана айтпайт, мүмкүн мектептеги мугалим айтпай калгандыр, болбосо мечиттеги молдодон баштап, Жогорку Кеңештеги депутаттарга чейин айтат. Мындан Кыргызстан ыймандуу болуп кете элек. «Дени сак Кыргызстан» партиянын экинчи кадамы эле. Бүгүн Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы кандай абалда аны баарыбыз билебиз.

Партиянын жети кадамынын ар бирин терип-тепчип жазып отурбайлы, шайлоо алдындагы саясый роликтеринде аталган партия «Өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 4500 сомду түзөт. Учурда 333700 пенсионер минималдуу жашоо деңгээлинен төмөн пенсия менен күн кечирип келишет. Ошол эле учурда Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 144 миллиард сомду чапчыйт. Андай болсо, эмне биздин жарандарыбыздын пенсиясы өтө аз. Эмне үчүн пенсионерлердин 58%дан ашыгы жакырчылыкта жашайт?» деп кабыргасынан маселе коюп, «Кыргызстан» саясий партиясы бул маселени ишкерлерди кыйнаган оор салыктардан бошотуп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен чече турганын, бул кадам пенсияны үч эсеге, 13 500 сомго көтөрүүгө мүмкүндүк берерин, ал гана түгүл ар бир төрөлгөн балага 50 миң сомдон берүүгө да болорун айтып, убаданы кабелтең берген.

«Кыргызстан» саясый партиясы Кыргызстандын бюджетинин абалын эске албастан туруп, пенсия менен пособиени өз чөнтөгүнөн төлөй тургансып берилген ошол убадалар кана? Ар бир төрөлгөн наристе үчүн 50 миң сомдон берилип жатабы? Пенсионерлердин пенсиясы 3 эсеге көтөрүлүп, 13 500 сом болуп калдыбы? Албетте, убаданын бири да аткарылган жок, бирок кат-кат убадалардын арты менен «Кыргызстан» парламентке келди жана эми да парламенттик шайлоого барабыз деген тейде шайдоот убадаларды даярдап, шайлоочуларды кантип алдасак деп баш катырып жатса керек.

Атамбаев бийлиги тушунда партия лидери К.Исаевге карата «бийликти күч менен басып алууга карата даярдыкка» шектүү катары иш козголгонуна саясый мотивдер болгон деп көз жумуп коелу. А «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат Дамирбек Асылбек уулунун тегерегиндеги сот иштерин кандай түшүндүрсөк болот? Ага жөн-жай айып тагылган эмес, Дамирбек Асылбек уулу «трансулуттук уюшулган топту түзгөндүгү жана жетектегени» жана «экономикалык контрабанда» үчүн айыпталган. Же Токмоктогу кыргыз-казак чек арасындагы ок атышууну алалы. Ошондо бул фракциясынан депутат Урмат Самаевдин жакын тууганы экенин, депутат териштирүү ишине кийлигишип жатканын айтып, күнөөлөп чыккан.

Кыскасы, шайлоодон шайлоого чейинки аралыкта «Кыргызстан» саясый партиясы өз убадаларынын баарын эле аткара алган жок, анысы ал, партиянын ишмердиги да өксүктөр, кемчиликтер менен коштолду, жогоруда биз айткан орошон окуялар да болуп өттү. Убадалар унутта калганын партия лидери Канатбек Исаев өзү да өткөн жылдын күзүндө өткөн съездде мойнуна алды, бирок убадалар аткарылбай калганы үчүн элден кечирим сураган жок. А сураса болмок, себеби 2015-жылы шайлоо алдында «Башкалар убада кылат. Биз аткарабыз» деген ураанды көтөрүп чыккан «Кыргызстан» саясый партиясы болчу. Мезгил аталган партия өтүрүк айтканын, «Кыргызстан» деле убадасы курук көп партиянын бири экенин көрсөттү. Аталган партия коррупциялык кылмыштарды ата-мекенге чыккынчылык менен теңөө сыяктуу үлкөн убадаларын эле эмес, студенттерге берген – стипендияны көтөрүү тууралуу убадасын деле аткарган жок, демек, башкасын айтпасак да болот.

Ушундан соң, өткөн жылдын күзүндө 2020-жылдагы парламенттик шайлоого барабыз деген «Кыргызстанда» шайлоодо жеңип чыгууга канчалык шанс бар?» деген суроо туулат. Айрым эксперттердин пикирине караганда, аталган партия өзүнүн курук убадалары менен коомчулуктун, анын ичинде жүздөгөн шайлоочуларынын көңүлүн кайт кылып алды. Андай болгондо, «Кыргызстандын» эртеңки шайлоодо шансы канчалык болду экен?

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»