Лондондогу Евразиялык чыгармачылык гилдиясынын Кыргызстандагы администратору, акын жана котормочу Гүлнар МАМБЕТСАДЫКОВА: “Эң чоң көйгөй – адам баласынын мутацияланып бара жатканы”

Гүлнар Мамбетсадыкова Кочкор районунда туулуп-өсүп, университеттин физика факультетин аяктагандан кийин өзүнүн туулган жеринде эмгек жолун баштаган. 1996-жылы “Сомнение нет в том” аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. Бул орус тилинде жарык көргөн китеп Кытайга кетип бараткан француз жазуучусу Рене Каньянын колуна тийген. Элеттик акындын ырларына таасирленген француз жазуучусу кийин акынды атайылап издеп келген жана Г.Мамбетсадыкованын ырларын Европада даңазалай баштаган. Учурда Гүлнаранын ырлары Европа окурмандарынын кызыгуусун жаратууда. Ошол эле убакта Р.Канья Г.Мамбетсадыкованын бир ырынан таасирленип, кыргыздар тууралуу “Жылдыз – песня небесных гор “ аттуу роман жазып, бул китеп француз, түрк тилдеринде жарык көргөн.

– Мени тынчсыздандырган нерсе – адам баласынын мутацияланып бара жатканы. Аялзатынын да, эркектердин да нукуралыгы жоголуп, аял-эркектин ортосунда кандайдыр бир өзгөрүү пайда болуп бараткандай…

– Ал эмнеден улам болот деп ойлойсуз?

– Адамзаттын мээсинде башаламан түшүнүктөрдүн уюусу, мисалы, айлана- тегеректеги, бүткүл дүйнөдөгү көйгөйлөр… Мунун баарын өзүнө батырып, көтөрүп жүргөн мээ адамдын организмине, анын ичинде түйүлдүк жасоочу клеткаларга, хромосомдорго чейин “үн” жиберет, тактап айтканда таасир этет. Натыйжада, ДНКлардын бузулуусу жана адамзаттын дене түзүлүшүндө адаттан тышкаркы, кандайдыр-бир өзгөрүүлөр пайда болот. Муну айрымдары прогресс катары баалашы мүмкүн, а мен муну адамзаттын деградациясы деп эсептейм. Мындан жүз жылдан кийин адам баласынын кебетеси, дене түзүлүшү кандай болот? Мына ушул мутациялануу процессин кантип токтотсо болот? Мени ойго салган ушул.

– Адам баласын андай өзгөрүүдөн сактап калуу үчүн кандай чара көрсө болот деп ойлойсуз?

– Ар бир эл өзүнүн каада-салтын, өзүн-өзү сактоосу абзел. Өз улутубуздун чегинде айтсам, биз – азыркы аялдар, баарыбыз эле джинсы кийип, америкалык ковбой болуп калдык. Бирок өзүбүздүн чоң апаларыбызды элестетип көрөлүчү. Алардын образы, келбети эс-тутумубузда сакталып турат жана бул биздин жашоо образыбызга кадимкидей жакшы таасирин тийгизет. Айтайын дегеним, биринчи кезекте биз, аялзаты, ошол кыргыз эненин, чоң эненин келбетин, образын сактап, кийнки муундарга мурас катары өткөрүп берүүбүз керек.

Кийим да адам баласынын ички, сырткы дүйнөсүнө сөзсүз таасирин тийгизет. Мисалы, джинсы кийген энелерден туулган кыздарыбызды карап көрүңүзчү. Кыз балага таандык, аялдык, энелик бир керемет сапаттардан кемип туулуп, ошол инерция менен жашай баштагандай. Көзү ачылары менен эле алдыларына кандайдыр максаттарды коюп, ошого жетиш үчүн, өз кызыкчылыгы үчүн баарына даяр, кайыл сыяктуу.

Бул бир чети жакшы сыяктанат, бирок, бул – өксүк. Караңызчы, азыр аялзатынын сырткы көрүнүштөрү да өзгөрүп баратат. Мисалы, мен узчулук кылгандыктан, көп аялдардын бой-келбетинин чен-өлчөмүн алам. Ошондон улам көп аялдар далылуу, бели менен жамбашы жок болуп, эркек сымал болуп баратканына кейийм.

Ошол эле учурда: “Сөзүм өлгүчө, өзүм өлөйүн” деген эркектер жоголуп, майдаланып баратканы жашыруун эмес. Кудай анын бетин ары кылсын, алда кандай күн келсе, биздин эркектер аялдардын артына жашынбаса экен деп коркуп кетесиң.

Мени ойлонто турган дагы бир көйгөй – мамлекеттин идеологиясы. Мал деле талаага чыгаарда жөн эле эмес: “Чөп жеп келейин” деп барат экен. Ал эми биздин мамлекеттин өзүнүн идеологиясы жок. Ошондуктан, башкалар келип өздөрүнүкүн таңуулашууда, башкача айтканда, кебез менен мууздап жатышат. Биз ар кай жакты карап, ар кайсы маданиятка тумшугубузду малып жатабыз. Бир карасаң

Европаны, орустарды туурап, бир карасаң арабдарга кайрылып, биздин улуттук идеология таландыга түшкөн абалда турат. Болбосо, өзүбүздүн жакшынакай, даяр, нукура маданиятыбыз, тарыхыбыз, каада-салттарыбыз бар. Ушуну көрбөй, пайдалана албай жатабыз. Ошонун негизинде байкуш эл ары-бери чарпылып, өзүн-өзү ар кай жактан издеп келе жаткандай. Адам жөн эле курсакты кампайтып, тойгузайын деп жашоого келбейт. Анын бул жашоого келгендеги бир атайын миссиясы бар. Ошол сындуу, мамлекеттин да тутунган туруктуу идеологиясы болуш керек.

 

Жыпар ИСАБАЕВА,

“Кыргыз Туусу”