Той алдындагы ой: Абай жана XXI кылымдагы Казакстан

«Абай өзүнүн тууган эли менен түбөлүк бирге жашайт»

Эл башчы Нурсултан Назарбаев

 

«Абай жана XXI кылымдагы Казакстан». Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Казакстандын башкы гезити – «Эгемен Казакстанда» үстүбүздөгү жылдын 9-январында жарыяланган макаласы ушундай аталат. Макаланы окуп чыккандан кийин анын казак эли үчүн чоң идеологиялык мааниге ээ экенин байкадык.

Өткөн жылдын жазында президенттик кызматка киришкен К.-Ж.Токаев көп узабай казактын даанышман ойчул акыны жана агартуучусу Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык юбилейин 2020-жылы жогорку деңгээлде өткөрүү жөнүндө жарлык чыгарган. Ушул себептен жазылган макаласында Президент «мааракенин мааниси туралуу ой бөлүшүп», бул багытта жыл ичинде аткарылууга тийиш милдеттерге токтолгон. Мамлекет башчысы юбилейди өткөрүүнүн максатын мындайча белгилейт: «Мамлекет көлөмүндө жана эл аралык деңгээлде кеңири иш-чараларды уюштуруу мерчемделип отурат. Бирок мунун бардыгы той тойлоо үчүн эмес, ой-өрүшүбүздү кеңейтип, руханий өңүттө өнүгүүбүз үчүн өткөрүлмөкчү».

К.-Ж. Токаев Абайдын ырлары менен учкул сөздөрүндөгү улуттун болмушу, келбети, турмуш-тиричилиги, дүйнөгө көз карашы, мүнөзү, жан дүйнөсү, дини, дили, тили руху таасын көрүнө тургандыгына көңүл буруп, Эл башчы Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен кабыл алынган «Болочокко багыт: руханий жаңылануу» программасын алга жылдырууда Абай таалими жол көрсөткүч боло аларын баса белгилейт. Абай өз чыгармаларында элди билим алууга, илимди өздөштүрүүгө чакырган. Акындын «Илим таппай мактанба» деп башталган ырынын өзөгүн ушул маселе түзөт. «Абайдын «Пайда ойлобо, арды ойло, талап кыл артык билүүгө» деген насааты бүгүнкү күнү да өтө орчундуу. Себеби, ХХI кылымдагы илимдин максаты бийикке умтулуу экендигин көрүп жатабыз», – дейт Казакстандын Президенти.

Абай эл-журтун түрдүү өнөрдү үйрөнүүгө үгүттөгөн. Анын бул миссиясы жөнүндө К.-Ж.Токаев. «Деги эле учурда айтылып жат- кан интеллектуалдуу улутту калыптандыруу идеясы Абайдан башат алды десе болот. Улуу ойчул ар бир сөзү менен улуттун ой-өрүшүн өстүрүүнү көздөдү. Ошондуктан, Абайды терең таанууга баса маани бергенибиз жөн. Абайды таануу – адамдын өзүн-өзү таануусу. Адамдын өзүн-өзү таануусу жана дайыма өнүгүп отуруусу, илимге, билимге басымдуулук берүүсү – баралына келүүнүн көрүнүшү. Интеллектуалдуу улут дегенибиз да – ушул. Ошондон улам, Абай сөздөрү урпактын багыт алчу Темир казык жылдызына айлануусу зарыл», – деп жазган.

Абай адилеттүү коом куруу идеясын көтөргөнү маалым. Бул боюнча макалада: «Менин «Эл үнүнө кулак түргөн мамлекет» концепциям так ушул адилеттүү коом идеясын өнүктүрүү максатында сунушталган. Бийлик менен коом ортосундагы конструктивдүү диалог мамлекетке деген ишенимди күчөтөт. Өкмөт мүчөлөрү, анын ичинде министрлер менен акимдер мамлекеттик жана коомдук маңызы бар чечимдерди кабыл аларда жарандардын сунуштары менен тилектерин эскерүүсү керек. Муну Абай көрсөткөн адилеттүү коом калыптандыруунун бирден-бир шарты деп билем» деп айтылат.

Президент К.-Ж.Токаев макалада Абайдын 175 жылдыгына байланыштуу милдеттерди атап өткөн. Эл аралык, республикалык жана аймактык деңгээлде 500дөн ашуун иш-чаралар уюштурулат. Эң башкылары – август айында Семей шаарында ЮНЕСКО менен биргеликте «Абай мурасы жана дүйнөлүк руханият» аттуу эл аралык илимий-практикалык, ноябрь айында Нур-Султан шаарында «Абай жана руханий жаңылануу» аттуу эл аралык конференциялар өткөрүлөт.

Абай эмгектери он тилге: англис, араб, жапон, испан, итальян, кытай, немис, орус, түрк, француз тилдерине которулат. Акындын өмүрү жана ишмердиги тууралуу даректүү фильм жана «Абай» телесериалы тартылат.. Абайдын чыгармаларынын негизинде республикалык жана эл аралык деңгээлде театр жана музыка фестивалдары өтөт, жыйынтыгы боюнча байгелери ыйгарылат. Адабият жана искусство тармагындагы мыкты чыгармаларга берилүүчү мамлекеттик сыйлыктар быйылдан баштап «Абай атындагы мамлекеттик сыйлык» деп аталмакчы.

Россия, Франция, Улуу Британия жана башка мамлекеттердеги Казакстан элчиликтеринин жанынан «Абай борборлору» түзүлөт. Чыгыш Казакстан облусунун Ак-Чоку өрөөнүндөгү Кунанбай Өскенбай уулунун тукумдарынын бейиттери көрктөндүрүлөт. Абайдын инсандыгын жогорку дара- жада даңазалоо үчүн Өкмөт бир топ иш- чараларды аткарууга тийиш. Улуу Абайдын, Шакаримдин, Мухтар Ауэзовдун ата журту Семей өрөөнүнүн, Семей шаарынын инфратүзүмүн кыска мезгилде жакшыртуу колго алынат. Абайдын туулган жери Жидебай айылына таазим кылып келүүчүлөргө бардык ыңгайлуу шарттар жасалат. Абайдын «Жидебай-Бөрүлү» мамлекеттик тарыхый-маданий жана адабий-маданий мемориалдык корук-музейине арналып «Абай мурасы» аттуу жаңы имарат салынууга тийиш. «Абай» журналына мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөт.

«Абай бизге эмнени керээз кылды, эмнени талап кылды, бизден эмнени күттү, элдин кайсы ишине күйүндү, кайсы ишине сүйүндү? Алардан үйрөндүкпү? Абай айткан беш асыл ишти жүзөгө ашырып, беш душманды өзүбүздөн качыра алдыкпы? Абайдын акылын алсак, айтканын иштесек, зоболобуз бийиктеп, мамлекет иретинде муратыбызга жетебиз», – деп жыйынтыктайт макаласын Казакстандын Президенти.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,

«Кыргыз Туусу»