Инвесторлорду коргоо – татыктуу жашоону колдоо

Кыргызстандын негизги стратегиялык экономикалык өнөктөшү – Россия. Тышкы саясатыбыз боюнча кандай гана сөздөр айтылбасын, кыргыз өлкөсү үчүн Россиядай көмөк көрсөткөн, колдоп, коштогон өлкө жок. Жакында Кыргызстан менен Россиянын достугун дагы да бекемдеп, кызматташтыгын арттырган зор окуя болгону турат. Жакынкы аралыкта Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен биргеликте “Кыргызстан – Россия ортосундагы кайчылаш жыл” аттуу мыкты саамалыкты расмий түрдө баштаганы турушат. Демек, 2020-жыл кыргыз-орус алакасын жаңы бийиктиктерге көтөргөн маданий, саясий, экономикалык зор окуяларга бай болчудай.

Экономикалык демекчи, ири инвестор “Альянс Алтын” ишканасынын Жерүйдөгү алтын казуу иши дагы быйылкы 2020-кайчылаш жылдын негизги окуяларынын катарына кирген. Ушул жылдын жазында алгачкы алтынды өндүрөбүз деп жаткан “Альянс Алтындын” күжүрмөн ишине ич күйдүлүк кылып, жеке кызыкчылыктары үчүн элге бүлүк салгысы келгендер эски ырын ырдап башташты. Бирок Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин:

– Компания өзүнө жүктөлгөн бардык милдеттерин так аткарууда. Өкмөт келишимдеги талаптар так сакталышы үчүн жооп берет. Бул биздеги инвестициялык климаттын жакшырышы үчүн абдан маанилүү – деп так кесе айтканы бар. Чынында эле бир ууч топтун кызыкчылыгы жалпы мамлекетибиздин инвестициялык жагымдуулугуна эл аралык деңгээлде эч кандай көө жаппашы керек.

Умар АНАРБАЕВ: “Бакубат Талас” фондунун башчысы:

“Бакубат Таластын” көмөгүнөн бир дагы айыл куру калган жок

– “Альянс Алтын” ишканасынын алдында түзүлгөн “Бакубат Талас” фонду бул – Талас облусундагы эң ири финансылык институт болуп калды. “Альянс Алтын” ишканасынын чечими менен фонд Талас облусундагы көптөгөн социалдык, экономикалык программаларды ишке ашыра баштады. “Бакубат Талас” түзүлгөн 3 жылдан бери жылына 100 миллион сомдон бөлүнүп, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл-чарба, спорт, инфраструктура багытындагы долбоорлор колдоого алынды. 2019-жылдан тартып аталган сумма 150 миллион сом болду. 2018-2019-жылга карата 389 ар кандай арыздар, сунуштар түшүп, анын 82 долбоорун “Бакубат Талас” фондунун байкоочу кеңеши жактырды. Ал эми 2019-жылдан 2020-жылдын 1-январына карата 53 долбоор колдоого алынды. Талас облусунда баш-аягы 91 айыл бар. Алардын бардыгын жарыктандыруу боюнча долбоор ишке ашырылууда.

Ал гана эмес, айрым айылдардын арасындагы 3-5 чакырымга чейинки жолдорго дагы жарык коюп, бүтүндөй Талас облусу жаркыраганы турат. “Бакубат Талас” фонду каражаттын 60 пайызын жергиликтүү өндүрүштү колдоо, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу ж.б. иштер үчүн деп 8 пайыздык кредиттерди берүүдө. Каражаттын 40 пайызы социалдык муктаждыктарды чечүүгө жумшалууда. “Альянс Алтын” ишканасынын колдоосунан, тагыраагы “Бакубат Талас” фондунун көмөгүнөн облустагы бир дагы айыл куру калган жок. Албетте эл болгондон кийин өйдө-төмөн ар кандай сөздөр болот. Бирок негизинен эл Жерүй кенинин иштешин колдоп жатат. Булардан тышкары “Альянс Алтын” ишканасы таза кирешенин 2 пайызын жыл сайын Талас облусунун бюджетине төгүп берет. Бул жарым миллиард сом. Жыл сайын ушунча каражат менен Талас облусу бир топ маселесин чечип, элдин жашоо турмушун жакынкы жылдары кескин жогорулатаарына ишеним чоң. “Альянс Алтын” ишканасынын өзүндө эле миңден ашык адам жумуш менен камсыз болду. Айлык акылары жок эле дегенде 500 доллар болоору айтылды.

Мындай колдоо менен миңдеген үй бүлө өзүнүн социалдык муктаждыктарын чечип алат. Жеңилдетилген кредиттер, өндүрүшкө болгон колдоолор дагы жакынкы жылдары жаңы жумушчу орундарын түзөт. “Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар” ар качандан бир качан болуп келген. Талас облусу тапкан пайдадан тышкары “Альянс Алтын” ишканасы республикалык бюджетке жылына 2 миллиард сом төгөт. Ошондой эле ишкана өзүнө алган бардык экологиялык, технологиялык, өндүрүштүк коопсуздук милдеттенмелерин жоопкерчилик менен аткарууга, сактоого кепилдик берүүдө. Буга чейинки жасалган иштер “Альянс Алтындын” убадасына турган ишенимдүү инвестор экендигин ачыктады. Жерүйдүн мурункудан калган 500 миллион долларлык калбырын жаап, алтын өндүрүү иши баштала электе эле өлкө бюджетине 600 миллиондон ашык сом салык төлөп, 273 миллион долларга Европанын акыркы үлгүдөгү технологиясы менен алтын ылгоочу заводду, калдык сактоочу жайды куруп, “Бакубат Талас” фондуна жыл сайын 100-150 миллион сомдон каражат бөлүп келатканын айтпай кетпесек болбос…

Тиленбек АЗЫК