Бардагүл КАЧКАНАКОВА, КРнын эмгек сиңирген мугалими: «Ата жолун улап, мугалим болгонума өкүнбөйм»

Бардагүл Качканакова “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамына ээ болду. Президент сыйлык тапшырып жатып: “Ал директор болуп иштеген учурда Манас районундагы Кызыл-Жылдыз орто мектеби облус боюнча 1-орунда турган. Жыл сайын 3-4 окуучу мектепти артыкчылык менен бүтүрүп, республикалык олимпиадаларга катышып, ийгилик жаратышкан”, – деди. Белгилей кетсек, Б. Качканакова Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалиминдеги” Дүйшөндүн прототиби Дүйшөн Качканаковдун кызы.

– Сыйлыгыңыз кут болсун, эже.

– Рахмат.

– Азыр кайсы мектепте иштеп жатасыз?

– Учурда ардактуу эс алуудамын. Бирок, мектеп турмушу менен тыгыз байланыштамын. Жаш мугалимдер кеңеш сураса, билгенимди айтып, аларга жардам берем. Исак Отунбаев орто мектебинин 1-классына канат башчымын. Алар менен класстан тышкаркы иштерди жүргүзөм.

– Агартуу тармагында баш-аягы канча жыл тынымсыз иштедиңиз?

– 1975-жылы В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун математика факультетин бүтүрүп, ошол эле жылы Манас районундагы Кызыл-Жылдыз орто мектебине ишке киргем. 2016-жылы пенсиягы чыктым. 40 жылдык өмүрүмдү мугалимдик кесипке арнаптырмын. 15 жыл директор болуп кызмат кылдым. Бирок, жана айткандай, эс алууга чыксам деле мектеп менен, мугалимдер, окуучулар менен кол үзбөй келем.

– Сиздин мугалим болушуңузга, атаңыздын тийгизген таасири чоң болсо керек?

– Негизи мен медицина кызматкери болгум келчү. Бирок, атамдын: “Кызым, мугалимдик кесипти танда. Мугалим болгон жакшы. Биринчиден, таза болосуң. Экинчиден, келечек муунга билген билимиңди арнайсың”,-деген сөзүн эки кылган жокмун. Ошол кезде атамдын “таза болосуң” деген сөзүн түз кабыл алып жүрчү экемин. Көрсө, сөздүн төркүнү башкада экен… Мугалимдик кесипти аркалаганыма эч качан өкүнбөйм.

– Атаңыз өмүр бою мугалим болуп иштеген киши болуптур, анын сабак өтүп же, мектептеги башка иштери эсиңиздеби?

– Атамды эстегенде, анын түн жарымында чейин чырактын жарыгына балдардын дептерлерин текшерип отурганы эсиме түшөт. Бир сапар Сейталы Бекмаматов деген агайдын: “Эмне үчүн доска турса, сыртка, жерге, ташка жазып сурайсыңар?”, – деген суроосуна атамдын: “Бала бирде укканын эске тутуп калат. Бирде көргөнүн жаттап калат. Ошондуктан, сыртта ойноп жүргөндө кээде ташка, кээде жерге жазып үйрөтүп, кайра сурап коем”, – деп жооп бергени эсимде.

– Эл оозунда: “Дүйшөн Качканаков Арчагул айылынан чыккан алгачкы мугалим болгон. Ал “Биринчи мугалимдеги” башкы каарман Дүйшөндүн прототиби”, – деп айтылып келет.

– Ооба, дал ошондой. Бирок, атам: “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн менин атам деп мактанбагыла. Мен баатырдык иш жасаган жокмун. Болгону билим бердим. Өз милдетимди аткардым. Мени газетага, радиого чыгарып жатышканы – мугалимдерден үйрөн деген үгүт. Мендей мугалимдер миңдеп саналат”, – дечү. Ошол себептен, биз да атабыз менен мактанган жокпуз.

«Биринчи мугалимдеги» Дүйшөн

Ал тургай кезинде атамдын биринчи мугалим болгонуна деле маани бербептирмин. Бирок, айылдагы улуу муун атамды “Дүйшөн аке” дешсе, кичүүлөрү “Мугалим ата” дешип, кандай гана саамалык болбосун калтырбай чакырып, сыйлуу орунга отургузуп, сөз сүйлөтүп жүрүштү. Ал киши мугалимдик кесипти 1927-жылы баштаган экен. 7-класстык орто билимге ээ болгондон кийин эле, сабакты жакшы өздөштүргөн дилгир бала дешип, аны өзүнөн кийинкилерге сабак бердиртип коюшуптур. Антсе да, өз ишине жан дили менен берилип, сүйүп, өмүрүнүн акырына чейин агартуучу болуп иштеди.

– Бир нече жыл мурун, Билим берүү жана илим министрлиги “Биринчи мугалимдин” айкелин тургузуу боюнча демилге көтөрүп, ага сиздин атаңыздын элеси түшүрүлөрү айтылып жүрдү эле?

– Ооба, эстеликти тургузууга министрликтин астынан жер бөлүнүп, айкелдин сметасы дагы түзүлгөн. Ал Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата тургузулмак. Бул демилгени көпчүлүк колдоп: “Жазуучунун каарманы Дүйшөндүн сүрөтү сакталып калгандыктан, айкелдин бет түзүлүшүн чагылдырууда кинодогу актердун келбетин эмес, чыныгы Дүйшөндүн келбетин чагылдыруу керек”, – деп айтып чыгышкан. Ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков биз менен байланышып, атабыздын сүрөтүн дагы алган. Бирок, алигиче айкел тургузулган жок. Абышкам бир-эки сапар шаарга келип, Премьер-министрге да, Төрагага дагы кире албай койду. Өз күчүбүз менен тургузуп коелу дейбиз, кайра эле каражатка келип такалабыз. Айкелдин сметасы 1 млн. 200 миң сом болгон. Андай акча жок да бизде. Канча жылдан бери баштаган тамыбызды бүтүрө албай келебиз…

– Үй-бүлөңүз, бала-бакыраңыз тууралуу айтып бериңизчи?

– Абышкам Абдылдаев Сүйүнбек экөөбүздүн беш балабыз бар. Кудайга шүгүр, баары жай-жайында. Уулдан-урмат, кыздан-кызмат көрүп, дөөлөттүү карылыкты баштан кечирип жатабыз. 18 неберебиз бар. Колумдагы уулумдун 7 баласы бар. Балалуу үй базар дегендей, неберелердин кучагында бапыраган жашоо…

Анара АРЗЫБАЙ кызы,

“Кыргыз Туусу”