Азыркынын алптары: Нургазы абанын чалкыган Чапкулагы…

Калк ичи казына… Кыргыз эли кандай доор, кайсы мезгил болбосун улуттун мактанычы, сыймыгы болгон атуулдардан уучу кур болгон эмес. Ошон үчүн элбиз. Журналист журтунун бир милдети, андай адамдарды көз жаздымында калтырбай, өз учурунда элге жеткирип, эмгегин, басып өткөн жолун, бай тажрыйбасын, адамдык нарк-сөөлөтүн ачып берүү болсо керек. Ушул максатта “Кыргыз Туусу” гезити атайы “Азыркынын алптары” рубрикасын ачып, анын алдында заманыбыздын залкар адамдары, кайталангыс таланттары, мамлекеттик, коомдук ишмерлери, жоктон барды жараткан ишкерлери, бир сөз менен кыргызды кыргыз кылып турган каймактарыбыз тууралуу олуттуу сөз кылууну көздөп жатабыз. Алгачкы каарманыбыз кыргыз дипломатиясынын корифейи, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, быйыл 80 жаштын ашын ичип отурган Нургазы Кемелбаев болмокчу.

Көрөңгө…

Мен Нургазы Кемелбаевич менен көп баарлашып келем. Адатта “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” дейт кыргыз. Бирок, Нургазы абага карата бул сөздү айтыш кыйын. Бул киши жөн киши эмес. Ар бир баарлашкан сайын улам бир кыры ачылган уникалдуу адам. Дипломат катары бийик маданияты, улуу-кичүү дебей бир калыптан жазбаган сылык мамилеси, акылың аңдай албаган билиминин тереңдиги, 80 жашты сермеп койсо дагы таңгалычтуу эс тутуму, айталы телефон номериңди айтсаң, элчилеп телефонго же кагазга жазып отурбай бир угуп жаттап алганы, кандай гана тема болбосун ажарын ача чечмелеп бергени… Айтор, бул кишиге бир жолукканым бир майрам экенин жашыра албаймын.

Баамымда Нургазы Кемелбаевичтин дипломатиядабы же чыгармачылыктабы жетишкен ийгиликтеринин сыры, балжууран бала курагынан нукура көркөм сөз өнөрүнүн мөлтүр булагынан кана ичип, улуу сөз бешигинде термелип өскөнүндө жаткансыйт. Айтып отурса, Саякбай, Дуңкана, Мамбет өңдүү алптардын күн-түндөп айткан манасын, Чапкулак аттуу көрбөгөнү калбаган, билбегени бит, ашкере чечен, аба-ырайынын бүгүн-эртең эмес жыл ичинде кандай болорун так айткан, анысынан эгерим жаңылбаган, бир шумдуктуу адамдын кеп-сөзүн угуп чоңоюптур. Ошентип, Нургазы абанын бүгүн да айтып түгөтө албаган, ар убак дем-күч, чыгармачылык эргүү тартуулап келе жаткан көөнөрбөгөн руханий көрөңгүсү тээ тереңде жатат. Мындайды ар кимдин эле маңдайына жаза бербесе керек.

Чапкулак сүйлөп жатканда Саякбай үндөбөй отурчу ..

Нургазы абанын балалык күндөрү жети жолу барсаң кайра жетимиш жолу көргүң келген Жети-Өгүздүн чоң-кичи Жаргылчак айылдарында, карагайлуу Көк-Булак капчыгайы чөлкөмүндө өтүптүр. Атасы Кемелбай манасчы десе маңдайы жарыла сүйүнгөн, аларды жантыгынан жата калып уккан, андай жерлерден атына өңөрүп же жетелеп алып уулу Нургазыны да калтырбаган, сөзгө үйүр, жан дүйнөсү жайыл адам болуптур. Анын үстүнө ал кезде Саякбай, Дуңкана, Мамбет манасчылардын болуп-толуп, ашып-ташып турган чагы экен. Эң кызыгы Саякбай манасчы Чапкулактын үйүнө жыл маалында кур дегенде бир ирет түшүп, ага Дуңкана, Мамбет манасчылар кошулуп, өздөрү да Чапкулактын керемет сөздөрүнөн жумалап жатып угушуп, айрыкча Чапкулак сүйлөп жатканда, демейде чамынып-теминип, чоктой өчүп-күйүп турчу Саякбайдын өзү да бир демин чыгарбай, дымып калчу дейт Нургазы аба.

Ошону менен эле тарап кетишпей Саякбайдын эмкиде качан келе тургандыгын тактап алышып, ал күнгө карата Чапкулак баштаган кеп кадырын билген айылдын карыялары кой-козуларын, бозо-кымызын, боз үйлөрүн камдашып, алдын ала даярдык көрүп турушчу экен. Кепке үйүр Кемелбай карыя кээде торпогун деле жоголуп кетти шылтоосу менен кемпиринен жашырып, Чапкулакка эртелеп жеткирип, кайран Чапкулак ойдогудай семиртип, анан Сакең келгенде бапырап, береке төгүлүп кетчү дейт. Нургазы аба Саякбай, Дуңкана, Мамбет манасчыларды, чабыты чалкыган Чапкулакты ар кандай шарттарда далай эле көрүп-угуп өсүптүр. Ал кезде жаш-карысы дебей элди Көк-Булак капчыгайынан карагай кыркууга чыгарышып, Кемелбай карыя да элден калбай карагай кыркышып, уулу Нургазыны да ала кетчү экен. Баланы өзү менен ала кеткенинин сыры, карагай кыркууга чыгышкан карыялардын касиеттүү сөздөрүнөн угуп калсын дегени экенин кийин аңдаптыр Нургазы аба. Күндүз карагай кыркышып, кечинде карагайчылардын үйүнө отту улуу жагышып, эттин чүйгүнүнөн салып коюшуп, Чапкулактын сыйкырдуу кебинен уккан карагайчылар, эртеси “сиздердин норманы биз эле аткарып коебуз” дешип, Чапкулак баштаган карыяларга карагай деле кырктырбай, өздөрү жөнөп кетишчү экен. Анан Чапкулак кайда жүрсө ал жерге Саякбай, Дуңкана, Мамбет манасчылар жетип барышып, тестиер Нургазы аба, мандаш токуна отурган атасынын тизесине жөлөнүп, кезек-кезеги менен күпүлдөп манас айтылган, Чапкулактын кулактын курчун кандырган даамдуу сөздөрүнө арбалган бул керемет чөйрөгө аралашып кетчү экен. Баса, кадимки Түгөлбай Сыдыкбеков дагы атайы Чапкулакты издеп барып, коно жатып сөздөрүн уккан күндөрү болуптур.

КРнын Дипломатиялык академиясында Н.Кемелбаевдин 80 жылдыгы белгиленди

Пржевальскийдин ажыдаар аттырганы

Чапкулактын кадимки саякатчы Н.М.Пржевальскийдин кыргыз тоолорунан ажыдаар аттырганы тууралуу кызыктуу аңгемеси Нургазы абанын эсинде калыптыр. Пржевальскийдин жол көрсөткүчү, өзү көзгө атар мерген, жерлиги Тоңдун Ак-Сайынан кыргыз жигити болгон экен. Күндөрдүн биринде Пржевальский көлдүн тескейиндеги улуу тоолордун биринен ажыдаар бар экенин дүрбү салып отуруп байкап калат. Ал жерден кетпей узакка байкоо жүргүзөт. Акыры ажыдаар үңкүрүнөн кайра чыкканда мергенчисине: “– Ажыдаардын анты болот, бир гана көзгө атасың, башка жагына атсаң өлбөйт, жел соккон тарабынан барып атсаң, уусу сен жакка тарабайт”, – дептир. Мергенчиси дал ошондой атып, ажыдаар үйдөй таштарды чамындыдай туш-тарапка ыргыта чаап, коктунун чаң-тозоңун чыгарып, тээ төмөнгө барып жатып калыптыр. Пржевальский “болду эми жакындабагыла, үч күндөн кийин келебиз”, – деп жандоочуларын алып жөнөп кетет. Үч күндөн кийин келишсе ажыдаардын уусу аккан жерлер уунун күчүнөн чагылган тийгендей карайып, ал эми ажыдаардын үстүнө конгон чымын-чиркейлер кырыла берип, калыңдыгы бир кез (бир метрдей) болуп кетиптир дейт. Атүгүл шимшилеп келе калган карышкыр-түлкүлөрдүн баары кырылыптыр. Ошондо Пржевальский “мен баш сөөгүн алып кетишим керек эле. Бирок азырынча уусу тарай элек, кийин келебиз” деп жөнөп баратканда, мергенчиси ырымга деп ажыдаардын түктүү кулагынын учун кесип алыптыр. Мергенчи жигит ажыдаардын кулагын алып келип, үйүнө илип койсо чымын-чиркей эгерим жолобой калганын айтчу экен. Кийин Пржевальскийдин көзү өтүп кетип, ажыдаардын сөөгү атылган жеринде калып кетиптир.

Жети карышкырды жексен кылган тору айгыр

Чапкулактын дагы бир аңгемеси тору айгыр баяны. Кыргыздар коңшу кытайга эл билген, билбеген да жолдор аркылуу катташып, айрымдары аткезчилик да кылышчу экен. Бир ирет жол жүрүп келаткан көлдүк жолоочулар ошондой аткезчилердин жолундагы таш үңкүрдөн жылкынын кишенегенин угушат. Барып карашса, үңкүрдүн ооз жагы өлгөн карышкырларга толуп кетиптир. Ары жакта башын үңкүргө катып, сыртын салган, ээр токуму менен бир тору ат турат. Аттан түшө калышып, сыртка жетелеп чыгышса бар турпаты келишкен, тоодой болгон тору айгыр экен. Кайран тору айгыр башын үңкүргө катып алып, артынан кол салган карышкырлардын мээсин чыгара, өпкө боорун кабыштыра тээп, баарынан кызыгы үңкүрдүн ичине кирип карашса аңырайган тешиги бар экен дейт, андан секирип түшкөндөрүн капталы менен үңкүргө кысып өлтүрүптүр. Баш-аягы жети карышкырды жайлаптыр. Муну көрүп таңгалган жолоочулар тору айгырдын ээси бир кырсыкка кабылганын туюшуп, өлгөн карышкарларды союп, тору айгырга артып алышып жөнөп кетишет. Элге келгенден кийин тору айгыр азанап токтобойт. “Бул өзү тегин жылкы эмес, кайда барса да жакшы жетсин” дешип, мыктылап такалап, ээрин токуп, жүгөнүн канжыгага чалып, эки үзөңгүсүн кайрып ээрдин кашына таңышып, ноктосун башына калтырып бошотуп жиберишсе, тоодой болгон тору айгыр шаңгырап кишенеген боюнча көлдүн баш жагын көздөй салып-уруп жөнөп кетиптир… Кийин угушса ээн калган үйүрүн таап айдап алып, ээсинин үйүнө барыптыр дейт.

Кызыл уурунун кызыктарынан…

Легендарлуу Кызыл ууру жөнүндө көп айтылат. Биринде “кыларын кылып, кыл жип менен бууган” Кызыл ууру үйүнө келгенде, өзүн-өзү устунга эки бутунан астырып коюп, анан оозунан өтү куюлганча Кудайдан кечирим сурап жалынчу экен. Ал эми Чапкулактан Нургазы абам уккан, андан мага жуккан Кызыл ууру баяны мындай. Кезегинде Анжыян-Аркага атагы чыккан Кызыл ууру деген чыгыптыр. Таза эле жер куруткан ууру эмес, жалаң байларды, соодагер-көпөстөрдү уурдап-тоногон, жанына киши албай, жалгыз карышкырдай жойлогон, бирок уурдаган дүнүйө-мүлкүн, айдап кеткен малдарын кедей-кембагалдарга бөлүштүрүп берген, салыштырып айтканда өзүнчө эле Ала-Тоонун Робин Гуду болуптур. Анын жат десе жаткан, тур десе турган, уурдай турган жерине барганда бир дабышын чыгарбай баскан, качса куткарган, кууса узатпаган шумдуктуу аты болот. Өзү дагы бир жак өңүрү кара, бир жак өңүрү ак чапан кийип, атын да ошондой боеп алып, айыл аралап чаап өткөндө, аны көргөндөр, бири боз атчан өттү десе, экинчиси кара атчан өттү дешчү экен.

Кызыл уурудан оозу күйгөн көпөстөр не бир кыйын жигиттерди жалдап, аны жок кылууну көздөшөт. Бир ирет артынан из кубарлар түшкөнүн байкаган Кызыл ууру качып чыгат. Куугунчулар да оңой эмес көрүнөт из кууп барып, кишенебесин деп оозун таңып, карагайга байлап койгон атын таап алышып ошол жерден эле атып салышат. Жандай көргөн атын атып салышканда Кызыл ууру карагайдын башындагы жашынган жеринен секирип түшүп, ай-буй дегенче куугунчу беш жигиттин төртөөнүн башын алып жибериптир. Мылтыкчан жигитке жулунганда ал атып калууга үлгүрүп, Кызыл ууруга ок жаңылат. Ошондо өлүм алдында жаткан Кызыл ууру мылтыкчан жигитке мындай дептир: “…Эр кадырын билген азамат болсоң менин сөөгүмдү куран окуп жакшылап кой. Бул чапанымды чечип ал. Ичинде ширетилген алтын бар. Анын жарымын өзүң алып, жарымын баланча деген жерде уулум, аялым калды эле ошолорго алып барып берип, уулумдун көкүлүнөн сүйүп өт”, – дейт. Берки жигит айтканын айткандай аткарыптыр дечү экен Чапкулак.

Орус окумуштуусунун оозун ачырган Чапкулак

Нургазы аба айтып отурса Чапкулактын билбегени, кылбаганы жок экен. Шаптай жалаңдаган чалгысы менен бедесин беш жолу чаап, чабылган чөбүн тамынын башына тыкыйта жыйып койгонун көргөндөр “Чапкулак абанын жыйган чөбүнөн жамгырдын буту тайгаланат” деп тамаша-чыны айтып калышчу дейт. Ошол кезде Көк-Булак токой чарбачылыгында жаңы көчөттөрдү отургузууга чоң маани берилип, ал ишти атайын Москвадан келген агроном адистер жүргүзүшчү экен. Бирок, көчөттөрдү ат кулак басып кетип, аны мектеп балдарына жаздан күзгө чейин сегиз жолу ототкону менен майнап чыкпайт. Аны байкаган Чапкулак басып барып “балдарды да, өзүңөрдү да кыйнап атасыңар, ушул ишиңерди мен бүтүрүп берейин”, – дептир. Москвалык окумуштуу өзүнүн илимдин кандидаты экенин айтып, “мен билемби, сен билесиңби” дегендей кылса керек, жеңинен жетелеп барып короосундагы тобурчактан өсүп чыккан карагай көчөттөрүн көргөзөт. Көрсө, Чапкулак карагайдын тобурчагынан өндүргөн көчөттөрүн кошуналарына таратып, аны кандай тигип, кантип өстүрүүнү көргөзүп, айылды өзүнчө эле көрктөндүрүп жүрүптүр.

Окумуштуу орус Чапкулактын тегин айтып жатпаганына көзү жетип макул болот. Анан Чапкулак карагайдын көчөттөрүнүн ортосун соко менен айдаттырат. Сыртка чыгып калган ат кулактын тамырын мектеп балдарына чогулттурат. Ушинтип жаздан-күзгө чейин үч гана жолу соко салдырып, ат кулактын тамырын балдарга тердиртет. Андан кызыгы чогултулган тамырларды эшегине артып үйүнө алып барып, андан боёк жасап айылга таратат. Кийинки жылы баягы Москвалык окумуштуу атайы дагы келет. Караса ат кулак түгүл таш балакет жок, көчөттөр көкөлөп өсүп турат дейт. Оозу ачылган окумуштуу “мен сиздин ыкмаңыз боюнча илимдин докторлугун жактайм. Сизди келип ыраазы кылып кетем”, – деген экен. Айтканындай, кийин келиптир. Келгени менен Чапкулак машина берсе да, башкасын берсе да албаптыр. Кийин ошол карагайлар ширеңкедей ширелип өсүп, Көк-Булак капчыгайынын көлгө кошулган булуңунда айтылуу “Ак Кеме” киносу тартылат.

Чыңгыз Айтматовдун назарына түшкөн котормолор

Ошону менен кереметтүү Чапкулактын, Саякбай, Дуңкана, Мамбет манасчылардын укмуштуу сөздөрүн ууздай ичип чоңойгон Нургазы абанын көздөгөнү көркөм адабият, журналистика болгондугуна карабастан, кийинки тагдыр жолу башкача кетиптир. Бешинчи класстан баштап “Кыргызстан пионери” гезитине үзбөй кабар жазган ал, 1959-жылы Барскоон орто мектебин артыкчылык менен бүтүрүп, КМУнун журналистика бөлүмүнө тапшырууга келсе, кабыл алуу бүтүп калган болот. Бирок, ошол жерден чет тилдер факультетинин деканы Виталий Михайлович Карповдун көзүнө илинип, ошол факультетте окуп калат. Аны менен англис тилин атасынын тилиндей үйрөнүп чыккан Нургазы Кемелбаевичтин дипломатиядагы узак жолу СССРдин дипломатиялык академиясына чейин жеткирип (ал ушул окуу жайын бүтүргөн туңгуч кыргыз дипломаты), кийин СССРдин Нигериядагы башкы консулуна чейинки кызматтарды аркалайт. Кыргыз дипломатиясынын кышын кынагандардын бири, Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын негиздөөчүсү, Кыргызстан дипломаттар коомунун ардактуу төрагасы Нургазы Кемелбаевдин дипломатиядагы басып өткөн жолу бир макалага сыйбай турган, өтө олуттуу тема. Аманчылык болсо дагы кайрылармын.

Н.Кемелбаев Ч.Айтматов менен

Айтайын дегеним, ал кайсы гана ишти аркалабасын мыкты жана чыгармачылык менен иштебей кое алмак эмес. Анткени, Чапкулак, Саякбайлардан башталган көрөңгөсү бай эле. Ошол көрөңгөсү, акыры чыгармачылыкка жетелеп кирип, дүйнөнү дүңгүрөткөн Шотландия акыны Роберт Бернстин, Кеңеш Жусупов менен биргеликте Индиянын айтылуу “Махабхаратасын” түп нускасынан которууга алып келди. Учурунда улуу Чыңгыз Айтматов Нургазы абаны дачасына чакырып коноктоп, анын котормосундагы Роберт Бернстин ырларына жакшы пикирин айткан.

Роберт Бернс 

Деңиз жээгинде

Деңиздин жээгинде,

Көрүнөт агыш там.

Чатыры, дубалы,

Бүт баары камыштан.

Жашаган ал жайда,

Бир кедей балыкчы.

Өмүрүн тор салып,

Деңизде карытты.

Калды анда кайыкчы,

Кайра албай кайыгын.

Кайгыда калтырды,

Каалаган зайыбын.

Жүдөдү балдары,

Жүрбөстөн ойношуп.

Кандуу жаш төгүштү,

Деңизди бойлошуп.

Толкубай деңиз да,

Томсоруп айыптуу.

Аяды кээ кезде,

Алсыз бир зайыпты.

Атылып толкундар,

Деңиз да ташыды.

Ак чардак чурулдап,

Аяды, жашыды.

Жай таппай бечара,

Жаш жанын кыйнады.

Табийгат кошулуп,

Шолоктоп ыйлады.

 

Жүрөгүм тоолордо…

Жүрөгүмдү таштап кеттим,

Кайып жүргөн тоолорго.

Кайберенге аралашып,

Кала берди зоолордо.

Калды жүрөк бийик тоодо,

Эчки үркүтүп, бугу кууп.

Мен сенделип мында жүрөм,

Аккан жашка бетти жууп.

 

Кош бол тоолор!

Кош бол түндүк!

Тентип кетип барамын.

Кайда болсо элесиңди,

Как жүрөктөн табамын.

Кечирип кой кетип барам,

Мен түбөлүк балаңмын.

Кош бол аска!

Кош бол чоку!

Кардан чапан жамынган.

Кош бол ойдуң!

Кош бол талаа!

Жер көркөмүн тагынган.

Кош бол токой! Кош бол суулар!

Күүлөр чертип агылган.

Жүрөгүмдү таштап кеттим,

Кайып жүргөн тоолорго.

Кайберенге аралашып,

Кала берди зоолордо.

 

Бир кызга

Сүйдүм сени, жетпей кеттим,

Билбей жанды кейиттиң.

– Сүйүү!, – деген үн угарсың,

Үстүн тыңша,

Денем жаткан бейиттин.

(1964-жыл, “Ала-Тоо” журналы, №1 саны)

Түп нускасынан которгон Нургазы КЕМЕЛБАЕВ

 

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”