«Италияга келип, убара болуп калбагыла!»

Бактыгүл МУНДУЗОВА, «Кыргыз Туусу»


Италияда жашаган кыргыз жараны Өмүралиева Миргүл эженин соц-тармактарга жаз- ган макалаларына кызыгып калдым. Батыштын үлгү болчу, бизге пайдасы тийчү жактары абдан көп, биз бардык нерседен өзүбүзгө керектүү нерсени илип ала коюуну унутпашыбыз ке- рек. “Бир нерсе десеў эле, акча жок менен бүтөт, ал эми акча- сыз эле канча жокту бар кылсак болот. Мисалы – маданияттуулук, сабырдуулук, тазалык, билим алуу, улуттук баалуулуктарды сактай билүү. Алардын жаман жактарын алар өздөрү деле билишет, бизге анын эмне кереги бар? Ансыз да өзүбүздүкү толуп жатат. Аны окугум да келбейт, жазгым да келбейт — дейт Миргүл эже.

Четтеги кеп — мекендештен кеңеш

– Миргүл эже, Италияга кантип барып, кантип туруктуу жашоочу болуп кет-тиңиз?

– 13 жыл мурун капыс бир таанышым Италияга кетүүнү сунуштап калды, визам да тез ачылып калып жөнөп кеттим. Албетте, жашоо жакшы болсо, балдарды таштап батышка келишти ким ойлоптур. Анда кыргыздардын саны отуз-кырктай эле болчу, азыр миңден аштык. Баарын үйрөнүүгө туура келди. 48 жашымда келген элем, дагы деле жаштардан калышпай эмгектенип жүрөм, үйгө кетип «болду, калам” деп жүрүп эки жолу кайра келдим. Ден соолугум начарлап кетет. Кантсе да бияктын медицинасы жогорку деңгээлде эмеспи, климаты да жагат.

– Менин кызыкканым, башка чет жерде селсаяктарга мамлекет жакшы ак- ча төлөйт дешет, Италияда кандай?

– Жакырларга мамлекет пособие, пенсияларды төлөп берет анча-мынча суммада, бирок бул жактын жашоо деңгээли өтө жогору болгондуктан, аларга кыйын эле. Европадагы кризис Италияда курчап турган учур. Африкадан жана башка жактан келген мигранттарды жергиликтүү калк жерип жактырбай калган. Кээ бир үй-бүлөлөр жайкы сезондо эле акча табышат, анан жумушсуздук пособиесин алып, жазга жетишет. Мен жүргөн жерди токойлуу тоо жана жомоктогудай кооз деңиз жээги курчап турат, бирөө айтат, “бала кезде токойдон тепек терип, жашылча-жемишин жеп эле жан бакчубуз. Азыр, кудайга шүгүр, өкмөт пенсия, пособие төлөп калып, ал жашоону да унутуп баратабыз” деп.

– Италия эли эмгекчилби, кары-картаңдарына мамилелери кандай экен?

– Булардын кары-картаңдарга болгон мамилеси эң сонун. Ошон үчүн мамлекет да жакшы карабас- ка айласы жок. Айттым го, ар бир адамдын өзүнөн болот деп, сен ата-энеңди канчалык сыйлап, ага  камкордук көрсөң, ошончолук бийликтер да сенин укугуңду сыйлайт. Бул жеке эле ата-эне эмес, бала-бакырага да, улууларга, жетекчилерге, карапайым жумушчуларга да тиешелүү. Кыргыздардын көбү үй кызматында иштешет – бала багышат, кары-картаңдарды карайбыз. Жаштары жумуштан колу бошобойт, ата-энесине көңүл бурганга убактылары чектелүү. Жаштары- быз ресторан, барларда, дүкөндө, эркектерибиз курулушта, пиццерияларда иштеп жүрүшөт. Негизги талап-тилди мыкты билип, легалдуу документиң болушу  керек.

– Ал жакта коммуналдык чыгымдарга канча акча жум- шалат, батир жалдап жа- шоо оор болсо керек?

– Жашоо деген өтө берет экен, үй-бүлө күтүп, батирге үй алып жашаган кыргыздар көбөйдү. Батирдин баасы регионго жараша болот, түштүк тарапта арзаныраак – 2-3 бөлмөнү 300-400 еврого алса болот. Кызым экөөбүз Римде турганда 2 бөлмөлүү үйгө 650 евро төлөчүмүн, башка төлөмдөрү менен 800гө ба- рып калчу. Борбор менен түндүктө батирдин баасы кымбат. Эли эмгекчил, маданияты жогору жана тазалыкты сүйгөн эл. Болбосо, гениалдуу сүрөтчүлөр, саякатчылар, стилисттер, архитекторлор, окумуштуулар кантип чыгат эле булардан. Алар: Да Винчи, Джордано Бруно, Колумб, Армани, Версаче, Бернини, Микеланжело, Феррари, Ламборжини ж.б. ырчылары Паваротти, музыканттары Верди, Пуччини, Страдивари…

– Чет өлкөгө барып чоң ийгиликке жетишүүнүн сыры эмнеде?

– Чет өлкөгө кеткендердин көбү алгач жакшы маяна табуу үчүн кетет деп ойлойм. Анан бара көрө алдыга умтулган, аракетчил адам ийгиликти да ойлой баштайт, ошого шарт түзөт, бардык кыйынчылыктарга чыдайт. Тил үйрөнүү эң жеңил жана алгачкы маселе. Мен деле элүүгө чыкканда итальянча үйрөнбөдүмбү, мага караганда, жаштар ар нерсени тез кабыл алат, жалкоолонбой, аракет кылса, бат эле сүйлөп кетсе болот. Италияда бизнес ишин баштоо абдан кыйын, салыктары өтө жо- гору, ошон үчүн булардын атактуу фирмалары – Армани, Труссарди ж.б. сыяктуу ишканалары да кытайларга сатылып кеткен, кээ бир телеканалдарынын ээси да кытай- лар. Жергиликтүү ишкерлер бизнесин өлкөдөн чыгарып кетип жаткан учуру. Ошон үчүн бул жердин конкуренциясына туруштук берип, бутуна туруп кеткен кыргыз чыга элек. Мыйзамы да күчтүү. Бирок акырын- дап чакан ишкана ачкан кыргыздар пайда боло баштады. Жакында эле Мунара деген кызыбыз Кальяриде “НАСИП” деген ресторан ачты, Айгүл Шейшекеева  түндүктөгү бренд кийимдерди чыгаруучу ишканалардын ортомчулук агентти- гин жетектеп жүрчү эле, мекенибизге кетти. Бишкектен Италиянын атактуу фирмалык кийимдерин сатчу соода түйүнүн куруп алды да, ишин ийгиликтүү жүргүзүп баштады. Кээ бир кыздарыбыз моделдик ишке аралашып башташты, бийчилик өнөрүн көргөзүп жүрүшөт, туризм менен алектенишет, акыры, бизден да аты чыкчулар болоруна  ишенем.

– Сиз канча тил билесиз, тилдерин кантип үйрөндүңүз?

– Өзүм  кыргыз, орус жана италия тилин билем. Албетте, итальянча романдарды жаза албайм дечи. Алардын романдарын түп нускасынан окуп түшүнгөнүмө эле өзүмө ыраазымын.

– Италияда кыздар аз бекен?

– Бул жакта кыз-менен жигиттин пропорциясын так биле албайт экем, бирок түгөйү жок жашагандар абдан көп, эркеги деле, аялы деле карыганча жалгыз жашап жүрө беришет. Үй-бүлө күтүүгө абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Ажырашмагы да тозок, ”сепарационе” деген соттук процедурасы узакка созулат, өмүр бою ажыраша албай жүргөндөрү да көп. Бу да болсо, мыйзамдын  күчтүүлүгү.

– Биздин европалыктар жеткен жашоонун шартына жетпей жатканыбыз- дын себептери эмнеде деп  ойлойсуз?

– Бул суроого эки ача жооп айтаар элем. Италиялыктар деле айтып жатышат, байыгандар байып, жакырлар ого бетер жакыр болбос үчүн байлар жакырларга жардам берип, жумушчу орундарын түзүп, элди да ойлоп баштачу учур келди деп. Демек, бул жеке эле биздин өлкөдөгү эмес, дүйнөлүк процесс. Биздин да мансапкерлер менен байлар элди ойлошу керек. Ал эми кыргызга келсек, тажабастан айтып жүрөм, ысырапкорчулук, өтө эле аша чапкан тойлор, катыштар күндөн-күнгө шоуга айланып баратат. “Кыргыздын – бир тойгону орто байыганы”, – деген менталитет азыр жаңы бир аша чапкан формага айланып, сөзсүз эле “жип” минип, хан сарай курганга каражат жумшайт. Эртең ошону колдоно алабы? Жаштарга билим, жакшы тарбия керек, баарын эле юрист, экономист кы- лып окутабыз. Мен жашаган Вилла- симиуста жаштар ар кайсы кесиптик орто окуу жайларын эле бүтүрүшөт экен. Бири темир уста, жыгач уста, бири пицца, тамак-аш, бири сан- техниктин окуусуна барат. Алардан “мен депутат болом, министр болом, президент болом”, – деген дымагын байкаган да жокмун. Бирок шартына жараша, алгач өз жанын багып, каражат тапканга үйрөнүшөт экен. Миллиардер Берлускони деле жаш кезинде официант болуп иштеп, эл ташыган кемелерде музыканттар менен ырдап жүрчү экен. Эң башкысы, бирөөнү күнөөлөбөй, бирөөнүн колун карабай, жалкоолуктан алыс болгон адамдын ара- кети текке кетпейт. Көз карашты өзгөртүү керек, бизде баладан баштап, пенсионерге чейин коррупцияга көнүп калганбыз, бул качан жоюлат,  билбейм?

– Динге болгон мамилелеричи, мусулмандарды сыйлашабы?

– Алар христиан дининдеги ка- толиктер болгондуктан өз динин абдан урматташып, Иисуска сыйынышат. Жаңы келгенде Ватикандын бир квартирасында бир ай жашагам, ошол монашкалар мага жумуш таап беришкен. Албетте, Римде католик- тердин Папасы олтурган Ватиканга дүйнөдөгү бардык католиктер көп келип турушат. Ватикан башка диндеги жакырларга да көп жардам берет. Италиядагы башка диндерге болгон мамилеси  жакшы. Мисалы, Римде мусулмандардын төрт мечити бар, Европадагы эң чоң деп эсеп- телген мечит турган көчөнүн аты да Москеа (Мечит) көчөсү деп аталат. Католиктердин эң негизги диний майрамын Рождествосун жана Пасхасын эки күндөн майрамдашат. Андан башка да диний майрамдары көп. Мен картаңдар менен көп жыл иштеп, аларды мессиясына жу- ма сайын ээрчитип барып жүрүп, Библиясын жакшы билип калдым, биздин Курандагы эле аяттарга окшоштуктары бар. Сен мусулман экенсиң деп, чиркөө кызматкерлеринин бөлүп-жарганын байкаган жокмун, бирок калкынын арасында мусулмандардын Италияга көп келип, хиджап кийип, жумуш учурунда намаз окугандарына нааразычылыктары көбүрөөк байкала баштады. Католиктердин жерине келип алып, өз динин таңуулабашы керек, деп калышат.

– Италияга барам деген кыргыздарга кандай кеңеш айтаар элеңиз?

–  Мурун түз эле кетем дечүмүн, азыр кээде ойлонуп калам, биякта эле калып калсамбы деп. Италияга келет элем, жумуш тапса болобу? –  деген каттар көп келет. Баарына тең мындай жооп берет элем: жумуш табылбайт, тил билген, легалдуу  документи, тажрыйбасы барлар жумушу жок жүрүшөт, баягы биз жаңы келгендеги Италия жок. Бекер чыгым болосуңар, убара болбогула.