Кароол чоку: Убадалардан жана ураандардан тажабаган «Республика»

“Республика-Ата Журт” партиясынын расмий сайтынын баш барагында “Биз эми 401 121биз” деп бадырайып жазылып турат. Андан ары “Партиянын тарыхы” бөлүмүнөн “Республика” партиясы тууралуу маалыматты караганда, анда “Республика” партиясы 2007-жылы түзүлгөнү, 2010-жылдын 5-июнунда партиянын кезексиз съездинде партиянын лидери болуп Өмүрбек Бабанов шайланганы, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 23 мандат алганы, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо СДПКнын лидери А.Атамбаевдин талапкерлигин колдогону, “Республика” “центристтик” партия экени, бүгүн 60 миң мүчөсү бар экени айтылат.

Партия 2010-жылдын декабрындагы парламентте түзүлгөн курч кырдаалда саясий кризиске жол бербей, коалициялык көпчүлүктү түзө алганында, партиянын экономикалык саясатында биринчи кезекте Кыргызстандын экономикалык жана саясий кызыкчылыгы турат деп ак-карасынан жазылып турганында эч талашыбыз жок. Биз болгону “Республика” партиясынын 60 миң мүчөсү болсо, анда 401 121 эмне болгон сан экенин түшүнбөй турабыз. Анда калганы – 341 миңи “Ата Журт” партиясынын мүчөсү болобу, же кандай? Муну бизге “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынын лидери Жыргалбек Турусбеков же “Республика” партиясынын жаңы лидери Мирлан Жээнчороев түшүндүрүп берет деген ойдобуз.

2010-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Республика” партиясынан депутат болуп шайланган Канатбек Исаев, Нурбек Алимбеков, Алмазбек Баатырбеков бүгүн “Кыргызстан” фракциясынын катарында болсо, Бакыт Төрөбаев, Мирлан Бакиров, Тынчтык Шайназаров “Өнүгүү-Прогрессте”, Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов “Бир Болдо”. “Республиканын” тизмеси менен 2010-жылы парламентке келген Нурбек Мурашев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынын тизмесинде 30-орунда турганын билебиз. Эгер, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Республика” партиясынын канатынын алдында Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алгандар 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо төрт партия аркылуу Жогорку Кеңешке өткөнүн эске алсак, анда аталган партия көп саясатчылардын “илбирс секирик” жасашына саясий секи болуп бериптир.

Антип “Республиканын” катарынан өзүнчө түтүн булатып кеткендер канча болсо, анын катарына келгендер да ошончо. “Республика-Ата Журт” партиясынын тарыхында айтылгандай, аталган партия 2015-жылдагы шайлоого карата 2014-жылдын 20-октябрында түзүлүп, партиянын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдер болуп калышты. 2015-жылдын 30-июлунда аларга “Реформа үчүн” партиясы келип кошулду жана алар 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына 182 талапкерди сунуштады. Мыйзамга ылайык, талапкерлердин 30%ын аялдар, 70%ын эркектер түзүп, 32%ы жаштар, 25%ы Кыргызстанда жашаган башка улуттардын өкүлдөрү, 1%ы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер болду. 1 млн. 598 миң 953 шайлоочу катышып, анын 12 миң 275и баарына каршы добуш берген 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Республика –Ата Журт» партиясы 315 миң 446 (20.13%) добуш алып, эң көбүн Жалал-Абад облусу 66 миң 725 (4.25%) берген. БШК “Республика-Ата Журт” 20,13% добуш менен 28 мандатка, шайлоодогу үгүт өнөктүгүнө эң көп каражат короткон “Республика Ата-Журт” партиясы болгонун билдирген. Аталган партия шайлоо өнөктүгүнө карата ачылган фондго топтогон 131 миллион 540 миң сомдун 130 миллиондон ашуунун короткон. Орой эсептегенде, “Республика-Ата Журт” үчүн бир добуш 416 сомдон айланган.

Саясий партиялар каалайбы же жокпу, парламенттик шайлоолор акчага байланган шайлоого айланды. Бул саясий партиялар шайлоочулардын добушун сатып алып жатат деген кеп эмес. Маселе шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү саясий партиялардан аябагандай зор каражатты талап кылат. Акчасы аз саясий партиялар шайлоодон өтүп келе албастыгын башындагы бөркүндөй көрсө болот. Эч кимге жашырын эмес, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программасы, платформасы жана башкасы баланын оюнчугундай эле алдамчы нерсе. Шайлоочулар тиги же бу партиянын программасы үчүн добуш беришпейт. Ал да түшүнүктүү нерсе. Биринчиден, ал программалар эч качан ишке ашпайт. Экинчиден, бардык саясий партиялардын программалары коендой окшош. Анын баарынан эл капкачан тажаган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө коомдук ой-пикирдин калыптанышы тиги же бу партиянын үгүтчүлөрүнүн жүргүзгөн ишинен көз каранды. Муну “Республика” партиясынын командасынын иши көрсөттү. Демек, бул партия шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө үгүтчүлөрүнө жакшы айлык төлөп берди, үгүтчүлөр да “на совесть” иштешти деп айтсак эч жаңылышпайбыз. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 2015-жылдагы шайлоодо шайлоо өнөктүгүнө карата каражат топтоп жана жумшаган боюнча экинчи орунда турган. Добушу да ошого жараша болду. Ал эми аларга салыштырмалуу азыраак каражат топтогон СДПК партиясынын баарынан көп добуш алганы административдик ресурстар колдонулганынан кабарлай турганы шексиз.

Шайлоочулардын добуш бериши партиянын тарыхы же партия лидеринин саясаттагы бедели менен да эч кандай байланышкан эмес. Эгер “Ата Мекен”партиясы сараңданбай, шайлоо өнөктүгүндө 80 млн. эмес андан көбүрөөк каражат жумшап, үгүтчүлөрдөн жана байкоочулардан акчасын аябаганда, алардын деле алган добушу көп болмок. Шайлоодо үгүтчүлөрдөн акчасын аяган “Бүтүн Кыргызстан” мандатка жеткен жок. Шайлоо өнөктүгүнө 8 млн. сомдон бир аз ашуун акча короткон “Мекен Ынтымагы” партиясы тизменин эң аягында калды. Демек, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо да программалардын эмес, акчанын атаандаштыгынын жарышы болот. Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө кайсы саясий партия көп каражат жумшаса, ошол партия өтөт, ким акчасын сараңданса, ал партия башка партиялардын чаңында калат.

Эми “Республиканын” шайлоо алдындагы убадаларына келели. 2014-жылдын 1-июлунда андагы “Азаттыктын” кабарчысы, азыркы СДПК фракциясынан депутат Жанар Акаев “Республиканын” дарегине: “Ашкере саясатташкан Кыргызстанда 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоого саясий лидерлердин тымызын даярдыктары эбак башталган. Сөздү “Республикадан” баштайлы. Бүгүн эле партиянын катарынан 12 депутат чыгарылды. Буга чейин 4 жолу фракция башчысы алмашты, эми да ызы-чуу менен фракция лидерин жаңылашты. Бул фракциянын саясатына макул болбой бөлүнгөндөр дагы үч депутаттык топ түзүп, айрымдары өз алдынча партия түзүп кетишти. Өз фракциясынын депутаттарын биримдикте кармай албаган партия лидери кантип өлкөнү башкарып, ишти илгерилете алат? Шайлоо алдында болсо ”Жаңы адамдар-жаңы кадамдар” деген ураан менен чыкты эле, кана ошол жаңы адамдардын жаңы кадамдары?» — деп кабелтең суроо коюп, бир топ дооматтарды айткан. Ал айтылган дооматка кошулбай коюуга болбойт. «Республикачылар: “Эмне үчүн РЕСПУБЛИКА? Анткени, өлкөгө көптөгөн жаңылыктарды киргизе алчу — ЖАҢЫ ПАРТИЯ. Алар Кыргызстанды өнүккөн күчтүү, стабилдүү жана гүлдөгөн мамлекетке айланта турган жаңы адамдар жана жаңы кадамдар” – деп ураан салып, “Сууга бай Кыргызстанда электр арзан болуш керек, биз муну ишке ашырабыз”, “Кыргызстандын бардык жарандары — электр энергиясына өздүк баада төлөй тургандыгына кепилдик беребиз. Адилеттүү тарифтер — 2011-жылдын 1-июнунан тартып коюлат. Долбоор мөөнөтсүз!”, “Биз — Кыргызстандын бардык жарандары үчүн ипотеканын жаңы шарттарына кепилдик беребиз! Үй-жай менен камсыздоо үчүн кредит — 10 жылга 9 пайыз менен берилет! Биз — Кыргызстандын фермерлерине 7 пайыздык кредит берүүгө кепилдик беребиз! Жетиктүү кредиттер — 2011-жылдын 1-августунан тартып башталат! Долбоор мөөнөтсүз!”, “Биз — өлкөнүн Түштүгүн өзүнүн газы менен камсыз кылабыз. Анүчүн газды чалгындоого, казып чыгарууга, газ куурларын курууга кепилдик беребиз! Кыргыз газынын баасы импорттолуп келүүчү газдан 2,4 эсеге арзан болот! Долбоорду ишке киргизүү: 2011-жылдын 1-январынан башталат!” ж.б.у.с. убадаларды берген.

Тилекке каршы, алардын берген миң убадасынын бири да аткарыла элек. “Коррупцияга жана формачан кылмышкерге, көңүлкош аткаминерлерге каршы күрөшөбүз! Биз — мыйзамдын үстөмдүгүн жактайбыз. Биз — соттордун реалдуу көз карандысыздыгын колдойбуз! Галстукчан жана креслодо отурган бандиттер катардагы кылмышкерлерден алдаганча коркунучтуу” – деп ачуу кыйкырган «Республиканын» айрым мүчөлөрү коррупция боюнча шектелип, кылмыш иштери козголгону эч кимге жашырын эмес. Жанар Акаев айтмакчы, кыргыз саясатында жоопкерчилик түптөлүп, уят, мораль, ишеним пайда болушу керек. Болбосо саясий партиялар убаданы ойлонбой жаадырып, таптакыр эле эл ишениминен чыгып бүттү, «Республика» саясий партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев мырза 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо элди эмне убадалар менен тойгузат экенсиңер, көрө жатарбыз. Эмкиде КСДП партиясынын келкели жана кеткети, ооматы жана башынан тайган бактысы тууралуу сөз болмокчу.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”