Ишенимдүү инвестор – ийгиликтүү иштин башаты: Экономикабыздын экинчи деми Ат-Башыдан башталчудай…

Ат-Башыдагы индустриалдык-логистикалык борбордун курулушу боюнча коомдо ар кандай талкуулар жүрүүдө. Көпчүлүк колдогону менен ортодон ар кандай ушак-айыңды арбыткандар да жок эмес. Нарын облусунун аттуу-баштуу аксакалдары, Нарынды башкарып кеткен жетекчилер 22-январь күнү атайын маалымат жыйын өткөрүп, Ат-Башы индустриалдык-логистикалык борборунун пайдасы тууралуу аргументтүү ачык кебин айтышты. Аталган борборду курмакчы болгон «Ат-Башы эркин экономикалык аймагы» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Эмилбек Абдыкадыров иштин башталышы, жүрүшү, келечеги тууралуу айтып берди.

Кытайлыктар 5 эле пайыз, калганы биздикилер иштейт

Ат-Башы индустриалдык – логистикалык борборуна жумшалуучу 280 миллион доллар бул ошол жактын инфраструктурасына гана жумшалуучу каражат. 50 мегабаттык электр подстанциясын куруш керек. Ага 240 миллион сом керектелет. Жол маселесин чечишибиз керек, суу түтүктөрүн салып, саркынды сууларды иштетүүчү жайды курушубуз керек. Жашай турган мейманкана, жатаканалар, иштегенге кеңселер салынышы керек. Индустриалдык деп аталып жаткандан кийин өндүрүшкө өзгөчө көңүл бурулат. 80 гектар жерге 10дон ашык завод, фабрикалар курулушу пландалууда. 60 гектарына сактоочу кампаларды куралы деп жатабыз. Себеби Кыргызстан өзүнүн экологиялык таза азыктары менен айрымаланып, бир катар өлкөлөрдүн кызыгуусуна арзыган. Мындан тышкары 10 чакты завод-фабрикалардын курулушу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатат. Эгер ар бири 50-100 миллион доллардан жумшаса, өлкөбүзгө 1 млрд. доллар инвестиция тартылганы турат. Биз башкысы бардык шартты түзүп, инфраструктурасын жасап беребиз.

Социалдык түйүндөрдө бул долбоорго каршы пикирлерин айтып, ар кандай талкуулар жүрүүдө. Жерди кытайларга берип жибериптир деген акылга сыйбаган сөздөрдү да жазып жатышат. Таптакыр андай эмес. Мамлекет жерди Эркин экономикалык аймакка бөлүп берди. Биз ошол ЭЭАдан 49 жылга ижарага алдык. Элдин башын айландырып жаткан дагы бир жагдай, бул кытайлар каптайт деген сөздөр жүрүүдө. Миграция боюнча мыйзамдарда ушундай биргелешкен инвестициялык долбоорлордо жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү калк, 20 пайызы инвесторлор өздөрүнүн кызматкерлерин ала келгенге укугу бар деп жазылып турат. Коомдогу тынчсыздануулардан улам биздин өнөктөш инвесторубуз “One Lead One (HK) Trading Limited” компаниясынын жетекчиси Лю Ин мырзага «мыйзамыбызда ушундай жазылган, чет элдик кызматкерлердин саны 20 пайыздан ашпашы керек» – деп айтсам, «20 эмес, 5 эле пайыз жетет» – деди. Алар кимдер? Бул тармактык адистер, акыркы үлгүдөгү технологиялар менен иштеген кесипкөйлөр. Калган 95 пайызы өзүбүздүн жарандарыбыз болот. Учурда райондук акимчилик, айыл өкмөттөрү менен кеңешип, иштейм дегендердин тизмесин тактап жатабыз. Бу иштер 7-8 айдан бери жүрүп, бүгүнкү күндө 700 адам “иштейт элем” деп каалоосун билдирип, тизмеге жазылып кетишти. Алгач бизге ширетүүчүлөр, кыш кынагычтар, шоопур ж.б. кызматтагылар керек. Биринчи этапта 5 миң чарчы метрге 8 кабаттуу мейманкана, административдик корпусту куруп, суу, свет маселесин чечип, быйыл күзүндө ачылышын кылабыз.

Борбор Азияда жалгыз Кыргызстанда эле жок

Негизи мындай логистикалык борбор Кыргызстанда эчак эле салыныш керек болчу. Кытай менен Казакстандын ортосундагы «Хоргос», Беларусь менен Кытай биргелешкен «Великий камень», Навои шаарындагы өзбек-кытай логистикалык борборлоруна барып, иштин жүрүшү менен таанышып келдик. Мындан сырткары Кытай менен мындай логистикалык борборлор Тажикстанда, Россияда курулуп жатат. Борбор Азияда жалгыз Кыргызстанда эле жок. Биз эми баштап жатабыз. Кудай буйруса жаз айында, апрелде ишти баштайбыз. Бул борбордун техникалык-экономикалык негиздемесинде 10 миңден 15 миңге чейин жумушчу орундары түзүлөөрү так жазылган. Ат – Башы эли менен болгон жолугушууларда бизге 600-700 адам кол койгон кайрылууну беришкен. Анда «8-9 жыл мурун эле башталат дешти эле. Логистикалык борбордун курулушун баштагыла, колдойбуз» деген маанайда жазылган. Нарын облусу 94 пайыз дотацияда. Эгер бул долбоор ишке ашса, Нарын облусу өзүн өзү эле бакпастан, жалпы Кыргызстанга пайдасы зор болмок.

Миллиарддаган долларга жол ачкан долбоор

Биз азыр жогорку технологиялык продукцияларды чыгарбасак, дүйнөлүк жана ЕЭАБдин рыногунда атаандаштыкка туруштук бериш өтө кыйын болууда. Өнөктөштөрүбүз «Борбордук Азиядагы башка логистикалык борборлордон өйдө болушубуз керек. Алардан айырмаланып, жогорку технологиялык продукцияларга басым жасайлы, атаандаштыкка туруштук бергендей жаңыча иш алып баралы. Акыркы үлгүдөгү технологиялары менен таанылган Япония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүкүнөн көбүрөөк үлгү алалы» – деген позицияны карманганы бул борбордун келечеги кең экендигинен кабар берип турат. Туура, сүткө далай ирет оозубузду күйгүзүп, айранды үйлөп ичип калган маалыбыз. Өкмөт менен болгон сүйлөшүүлөрдө дагы кытайлык негизги өнөктөшүбүз «мен эч качан кредит албайм. 280 миллион долларды өзүмдүн акчама курам. Маселе анда эмес. 280 миллион долларга инфраструктураны түзүп, салып коюш оңой эле иш. Негизги жумуш ал жакка салынуучу завод, фабрикалар. Менин башкы максатым, дүйнөлүк ири бизнес-форумдарга барып, жогорку технологиялык өндүрүштөрдү тартып келүү. Бул миллиарддаган доллар менен ченелген долбоор» –деди. Ал ошонун үстүнөн иштеп, дүйнөлүк ири инвесторлор менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кытайлар эле эмес, дүйнөнүн бардык инвесторлоруна эшик ачык

Биз уюлдук телефондун дисплейин жасай турган компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал жакта 80 миң киши иштейт экен. Дүйнөнүн 4 өлкөсүндө филиалдары бар, Кудай буйруса бизге да ачып калышы мүмкүн. Ошондой эле электромобиль чыгаруучу 4 завод менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Түркиялык бир фирма текстилдик фабрика ачат элек деп кызыгып жатат. Беларусь инвесторлору «бизге Кытай чек арасы алыс, силердин логистикалык борбор ыңгайлуу болууда» – дешти. Россиянын 2 компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Улуу Британиялык ишкерлердин Кыргызстандын экологиялык таза жер-жемиштери боюнча мыкты ойлору бар экен. Биздеги кадимки «колированный» алчанын түрү, келечекте киллограмы 5000 сомго чыгаарын айтып, “Жемиш сактоочу кампаны өзүбүз куруп, дүйнөгө өзүбүз ташыйбыз» –  дешти. Хоргосто иштеп жаткан казакстандык ишкерлер дагы «бизде Кытайга жол алыс, силерге барып иштеген ыңгайлуу болчудай» деп жатышат. Өзүңөр байкагандай жалаң эле кытайлык инвесторлор эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү инвесторлор үчүн, ал гана эмес, кыргызстандык ишкерлер, бизнесмендер үчүн дагы эшигибиз ачык.

Аскар САЛЫМБЕКОВ, Нарын облусунун экс-губерантору

Жаштар «Салалы, бекем тургула. Аксакалдар калыс сөзүңөрдү айткыла» – дешти

– Логистикалык борбор ишке берилсе чет жакта жүргөн миңдеген жаштарыбыз өз жеринде иштемек. Ошол жаштарыбыз кайра-кайра чалып жатат «Байке, салалы. Бекем тургула. Аксакалдар калыс сөзүңөрдү айткыла» – деп. Анан эле бул жакта жылуу батиринде, жылуу төшөгүндө жатып алып, интернетке «Кытай басып кетет экен, алып кетет экен» деп жазып коюп атышат. Ишенбеш керек ага. Ал жакка Кытай эле эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн инвесторлорду чакырып жатышат. Курулуш иштери башталса, бир эле Нарындын эмес, бүтүндөй Кыргызстандын жаштары келип иштешет. Айыл өкмөттөр эл менен жыйналыштарды өткөрүп, «макулбуз, иштешсин» – деп протоколдорду түзүшүптүр. Бизге да «аксакалдар чогулуп бир нерсе дегиле. Унчукпай калбагыла» деп жатышат. Ошол себептен Нарында мурда иштеп кеткен жетекчилер чогулуп, маалымат жыйын өткөрүп жатабыз.

Кемел АШЫРАЛИЕВ, Нарын облусунун экс-губернатору:

“Каттоосу да бизде. Териштирүү иштери дагы биздин соттордо каралат”

– Эң негизгиси жер өзүбүздүкү болуп жатат. Кандай убакыт болбосун бул борборго Кыргызстан ээлик кылат. Эгер инвесторлор убадасынан кайтса, биз үстөмдүк кылабыз. Каттоосу да бизде, чатак чыгып калса, териштирүү иштери дагы биздин соттордо каралат. Ушуну эл туура түшүнүп, иштейм дегендерге колдоо көрсөтүшүбүз керек. Сырткы, ички миграциянын агымы токтой элек. Бишкек менен Чүйгө киши батпай калды. Жер-жерлерге ушундай өндүрүштөрдү ачып, элге жумуш орундарын түзүп беришибиз керек.

Шамшыбек МЕДЕТБЕКОВ, Нарын облусунун экс-губернатору:

“Нарын – Кыргызстандагы өндүрүшү өнүккөн эң алдыңкы облуска айланат”

– Ат-Башы логистикалык борбору – бул мамлекеттин кепилдиги жок, жеке тараптын түз инвестициясы. Өтө ыңгайлуу келишим. Кудай сактасын, эртең долбоор ийгиликсиз болуп калса, мамлекеттин мойнуна бир тыйын жүк болбойт. Ушуну элге туура жеткирсек. Экономикалык жактан дагы жалгыз эле Нарын облусу үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстанга пайдасы зор болгону турат. 1,5 миллиард калкы бар Кытайга биздин өтпөй жаткан картошкабыз, баасы чыкпай жаткан этибиз, төө буурчагыбыз жана башка азыктарды эки-үч эсе кымбат баада сатууга шарт түзүлгөнү турат. Жакынкы 2-3 жылда биринчи өндүрүштүк ишканалар өз продукцияларын чыгара башташса, долбоор толук ишке кирген 8 жылдан кийин Нарын облусу Кыргызстандагы өндүрүшү өнүккөн эң алдыңкы облуска айланат деген ишеним бар.

Мелис АБАКИРОВ, Кыргыз Эл жазуучусу

“Ал жакка өзүбүздүн ишкер жигиттерибиз дагы ишкана ачат”

– Бул жерде улуттун кызыкчылыгындагы маселе болууда. Эмне үчүн? Мына 1 миллионго жакын элибиз ар кайсы өлкөгө жумуш издеп кетип, ошол жакта көбү отурукташып калды. Канча бир жылдардан кийин алардын балдары ошол жактын ырын ырдап калат. Ошондуктан ушундай инвестициялык долбоорлорду колдоп, Кыргызстанда жаңы жумушчу орундарынын түзүлүшүнө өзүбүз кызыкдар болушубуз керек. Ат-Башыдагы логистикалык борбор элге пайдасы тийип, мамлекетке кызмат кылаарына ишенип атам. Ал жакка бир эле киши ээлик кылбайт. Ондогон завод, фабрикалар курулат деп атышат. Кыргызстандык ушул эле Аскар Салымбековго окшогон азаматтарыбыз дагы ал жакка ишкана ачат. Жок дегенде эле 2-3 завод, фабриканы ачат ал. Андай ишкер жигиттерибиз бизде толуп жатат. Ички инвестицияны дагы туура колдонууга шарт түзүлүп жатат.

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»