Чымындай болсо да, чындык жакшы: Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз. Ачык, адал байлык тапкандар соопчулук иштерин жасайт, арам байлык тапкандар…

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын Кызыл-Алма участогунда Россияда эмгектенген жеке ишкер мигрант Кубатбек Досматов тарабынан 6 миллион сом жумшалып, ага айыл өкмөтү да 200 миң сом кошуп, эки кабаттуу 180 окуучулук имарат курулду.

Ансыз да өлкөдө мектеп жана бала бакча жетишсиз болуп жаткан чакта бул көңүл кубантчу иш. Анткени, буга чейин 5 чакырым алыс жайгашкан мектепке каттаган башталгыч класстардын окуучулары эми убара тартпай калышты. Ал эми жарым кылым мурда курулган Арстанбап орто мектебинде бир жарым миңдей окуучу үч нөөмөттө окуп келишкен. Ушунча окуучуну убара тартуудан бошоткон К.Досматовдун бул иши соопчулуктун (кайрымдуулуктун) үлгүсү десек да жарашат.

Балыкчы шаарынан «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсынын директору Мирлан Исагалиевдин соопчулук иштери да көңүл кубантарлык. Ал 2017-жылы өзү жашаган шаарга 5 аппарат, сууну тазалоочу системасы, муздаткычтары, 100 фильтри жана жадагалса 5 телевизору менен гемодиализ борборун ачкан. Азыркы учурда региондордогу гемодиализге муктаж адамдардын көйгөйүн чечүүгө кошкон анын бул салымын да соопчулуктун үлгүсү деп атасак болот. Бул М.Исагалиевдин соопчулук ишинин акыркысы эмес. Быйыл 13-январда Нарын облустук бириктирилген облустук ооруканага тез медициналык жардам үчүн бардык зарыл жабдуулар менен жабдылган Mercedes-Benz маркасындагы авто-машинаны белекке берди. 25-январда М.Исагалиев Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканага, ага чейин Талас облустук бириктирилген ооруканага да ушундай баа жеткис белектерди тапшырган. Баса, биз М.Исагалиевдин кайрымдуулук иштеринин баарын атаган жокпуз, алар арбын. Ушундан улам азыркы жаап-жашырууга мүмкүн болбогон заманда байлыгын кандай жолдор менен тапканы күмөн ири атка минерлерибиздин, байларыбыздын аялдары, бала-чакалары ар биринин баасы кымбат автомашинага тете сааттарды, сөйкө-шакектерди тагынышып, чет өлкөлөрдө кымбат эс алуу жайларында жүргөндөрү эске түшөт. Алардын айрымдары гана бул дүйнөдөгү жыргал жашоону бала-чакаларына чейин камсыздап алышкандан кийин “аркы дүйнө жөнүндө да кам көрүшүп”, мечит салып коюшканы болбосо, көпчүлүгү байлыктарын жашырышып, декларацияларында да көрсөтүшпөй жүрүшөт…

“Көсөөнүн акылы түштөн кийин” болуп жатабыз

Бишкектин мэри Азиз Суракматов борбордогу абанын булганышы боюнча атмосферага бардык чыгаруулардын чейреги үйлөрүн көмүр менен жагышкан турак-жай массивдерине жана эски райондорго туура келерин билдирди.

Мэрдин сөзүн толуктап койсок, шаардагы коомдук транспорттун (негизинен бустардын) жана менчик автомашиналардын, анан ЖЭБдин “үлүшү” калган 75 пайыз окшойт. Шаар башчысы маселени чечүү жолун жеке менчик секторду газ же электр менен жылытууга өткөрүүдөн, ЖЭБ-2ни ишке киргизүүдөн көрөт. Анын айтуусу боюнча, ЖЭБ-2 ишке киргизилсе, атмосферага чыгаруулар жылына 1 миллион тоннадан 400-500 миң тоннага чейин (эки эсеге) азаймакчы. Ушундан улам, өлкөдө демократиялык процесстер башталган 1980-жылдардын аягынан башталган жеке үй куруу үчүн жерлерди массалык басып алуу жана андан келип чыккан кийинки массалык бөлүштүрүү эске түшөт. Бул процесс ошол кездеги мамлекет башчылары тарабынан өлкө келечеги ойлонулбастан элди убактылуу тынчтандыруу жана жер участокторун сатуу менен айрым жергиликтүү атка минерлердин баюусуна жол ачкан коррупциялык процесске айланган. Ошентип, Чүйдүн дыйканчылыкка берекелүү жерлери варвардык менен конуштарга айланган. Башкасын кой, курулушу аяктаганга аз калган ЖЭБ-2нин территориясы да жер участокторуна бөлүнүп сатылып кеткен! Анын натыйжасында Бишкектин айланасы элүүдөн ашык жаңы конуштар менен курчалып, аларга суу, канализация, электр тартып, жолдорду, социалдык объектилерди салуу үчүн миллиарддаган каражат жумшалды (анын ичинен бир бөлүгү тиешелүү чиновниктердин чөнтөктөрүн кампайтканын да айтып коелу). Азыр да жумшалып жатат. Жакшылап талдап көргөндө бул проблеманын тамыры терең – ал биздин, кыргыздардын 1917-жылга чейин мамлекеттүүлүк шарттарында жашабаганында жатат. Анткени, андай шарттарда жашап, анын (өзүнүн да) эртеңин ойлогон улут дыйканчылыкка жарактуу жерлерди көздүн карегиндей сактоо менен эч качан курулуш курбайт, кайракы жана дыйканчылыкка жараксыз жерлерге гана конуш курат. А биз жыйырма биринчи кылымда көчмөн адатыбыздан арыла албай жана өзүбүз проблема жаратуу менен аны чечүүнү улам кийинки муунга калтырып келатабыз…

Биздеги байлардын“байлыктарынын” сыры

13-январда Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы процедураларын санариптештирүүгө арналган жыйында айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24 пайыздан 43 пайызга чейин экенин билдирди.

Албетте, бул сандардын реалдуу экенине ар бир эле кыргызстандык ишенет. Анткени, ошол эле бажы жана салык тармагында иштеген чиновниктердин байлыгынын кайдан чыкканын эл билет. Андан да кызыгы – биздин айрым коррупционерлер өздөрүнүн байлыктарынын келип чыгышына мыйзамдуу түр көрсөтүү үчүн аялдары, бала-чакалары же жакын туугандары бизнес менен алектенишерин айтып келишет. А чынында юридикалык жактан аларга катталганы менен иш жүзүндө ал ишканалардын иши өздөрү тарабынан башкарылат. Негизи бизде азыр мамлекет башчы тарабынан жарыяланган коррупция менен күрөштүн алкагында мамлекеттик чиновниктердин байлыктарынын толук декларацияланышы, алардын төлөгөн салыктарынын ачык болушу камсыз кылынса эле, ал байлыктардын сыры ачылмак.

Айтматов – Кыргызстандын жүзү 

2006-2012-жылдары Россия Федерациясынын биздин өлкөдөгү элчиси болгон Валентин Власов «Дороги судьбы. Из записок кавказского пленника» аттуу китеп жазган.

Анын ичинен бир бөлүгү Кыргызстанга арналыптыр. Анда Власов улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен жолугушууларын, ар кыл темадагы узак маектешүүлөрүн сыймыктануу менен эскериптир. Мисалы, элчи Бишкекте Арсен Өмүралиев атындагы театрдан “Саманчынын жолу” спектаклин кыргыз тилинде бир нече жолу көргөнүн, ага котормонун кереги жок болгонун, ансыз да чыгарманы түшүнүү менен каармандардын тагдырына кабатырланганын жазган.

Аны менен катар азыр деле Россияда Кыргызстан деген мамлекетти билишпеген, бирок, жазуучу Айтматовду жакшы билишкен адамдар бар экени жөнүндө да жазган. Мына ушундан улам, биздин, кыргыздардын, бактысына Айтматов сыяктуу гений жазылганына жана анын замандашы болуп калганыбызга дайыма сыймыктанып жүрүү керек го дейм.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”