Мекендештер: Жакшы адамдын жарыгы башкаларга жарыгын чачат…

 Чоочун жерге коноор менен учагың,

Чогулгандыр ичте күчү кусанын.

Бөпөлөбөйм, билем, бирок… боордошум,

Бөтөн өлкө ачты бекен кучагын.

Максат ЖАНГАЗИЕВ

 

 

Чет жакка жакшы жашоо, жаркын келечек издеп кеткен мекендештерибиз арбын. Мына ошондой мекендештерибиздин бири Америкада 20 жылга жакын убакыттан бери жашап жаткан Айгүл Рахмат кызы бизде мейманда.

– Алгач өзүңүз жөнүндө, үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

– Мен Нарын облусундагы Жумгал районунун Дыйкан кыштагынан болом. Бишкектеги Политехникалык институтуна тапшырып, мугалим болуп иштегем. Үсөнбек Осмонов агайым менен ошол жактан таанышып, үй бүлө курганбыз. Эки балалуу болдук. Азыркы учурда Калифорния штатындагы Лос-Анджелес шаарында турабыз. Америкага 2001-жылы келгем. Бир туугандарым, апам, балдарым мен жашаган шаарды көрүп, ушул жерде жашап, өздөрүнө мыкты шарттарды түзүп алып, кайра Кыргызстанга кетишти. Азыр балам, кызым, неберелерим бул жакта. Кызым Элвира Кыргызстанда Кыргыз-орус Славян университетинде эл аралык мамилелер бөлүмүндө окуган. Андан соң 1 жыл Англияда окуп, бул жакка келип окуусун улантты. Азыр бир эле учурда окуп дагы, Глендейл шаарындагы ооруканада кардиология бөлүмүндө менеджер жана башкы медсестра болуп иштейт. Дагы төрт жыл окуса доктор болом деген тилеги бар. Убагында кызым Америкадагы «Мисс Азия сулуусу» конкурсуна катышып, биринчи жолу кыргыздын улуттук кийимин көргөзүп, 27 өлкөнүн ичинен 7-орунга татыктуу болгон. Уулум Жаныш Осмон «North Rich» университетинде программист, менеджер жагында окуп жатат. Ошону менен бирге эле «Rainbow» компаниясын жетектейт. Алия аттуу келиним, эки неберем бар. Небере кызым Арууке тенниске, балетке катышат. Жакында дагы Амир аттуу небере уулдуу болдук.

– Алгач барганда кыйынчылыктар болдубу?

– Маданиятын билбесек, же жетиштүү акчабыз болбосо, экинчи сорттогу адам эле болуп калабыз. Өз жериме кетким келген күндөрүм да болгон. Балдарым бул жакка келгенден кийин гана ошолордун келечеги үчүн калып калдым го деп ойлойм.

Вашингтондогу кыргыз посолствосу
Уулум менин сыймыгым

– Азыр эмне менен алектенесиздер? Өзүңүздүн баштаган бизнесиңиз боюнча айтып өтсөңүз.

– Келип, көнүп калгандан кийин жеке менчик «Жанэля» деген агенттик ачкам. Бул ат балдарымдын атын кошкондон келип чыккан. Бул агенттик кийинчерээк кайрымдуулук фонд катары болуп калды. Калифорния бай штат болгондуктан адамдарга бардык шарттар түзүлгөн. Андыктан жаңы келгендер кыйналып калбасын деп болгон аракетимди жумшап, шарт түзүп берүүгө аракет кылам. Башка жактарга да сүйлөшүп, ал жакка жумушка орноштуруп, болбосо тосуп алгыла деп дайындап коем. Бул жактагылар мени “мать Тереза” деп атап алышкан. Себеби, жумуш издеп келгендерди бекер эле жумушка орноштуруп, котормочу болуп, батирге жайгаштырып, күн-түн дебей кыйналса жандарында болуп, ооруп калышса кошо жүрүп, турмуш шарты оңолгончо жардам берем. Жаңы келген жердештерди мечитке алып барам, өзүм беш убак намаз окуйм. Ар бир жакшылыктын аркасында Алладан кайтарылчу чоң белектер болот. Балдарымдын жетишкендиктери ошол мен жардам берген адамдардын ыраазычылыгы деп ойлойм. Азыр балам жетектеген компания менен бирге элдерге жардам берип, кайрымдуулук иштерин көп жасайбыз. Кыргызстандан келген көптөгөн белгилүү адамдар, артисттер үйүмдө конокто болушту.

– Демек, Кыргызстандан жумуш издеп барган жарандарга жардам көрсөтө аласыз? Алар сиз менен кантип байланышса болот?

– Мен өз телефон номеримди 20 жылдан ашык өзгөртө элекмин. Себеби, жардам издеген адамдар таппай калышабы деп корком. Жакында эле кыргыздар Мексика аркылуу келе жатып, камалып калганын уктум. Аларды ал жактан чыгарып алып, акчаларын төлөп, андан сырткары 4-5 жаш үй-бүлөнүн жайгашуусуна жардам бердим. Жардамга муктаж болуп же ооруп калганда «Айгүл эжеге барбайсыңбы» деп калышат. Бардык эле бул жакка келген жердештер мени тааныйт болуш керек деп ойлойм, ошондуктан таап алуу оңой.

– Америкага баргысы келген жаштарга эмне дейт элеңиз?

– Америкада Кыргызстанга салыштырмалуу көп артыкчылыктары басымдуулук кылат. Тургундардын өз жерине, шаарына, коомуна, адамдарга жана мыйзамына сый мамилеси аябай жогору. Көчөлөрүн кирдетип, таштандыларын туш келди ыргытышпайт, расаларга бөлбөйт жана бирөөдөн өйдө туруп менменсинбейт. Мыйзам ар бир жаран үчүн бирдей. Анан да калктын жашоо стандарты, социалдык абалы жогору. Окуйм деп келген жаштарга сонун шарт түзүп берет. Америкада билимге аябай маани беришет. Жаңы келгенде таң калганым өмүр бою окуп жаткандарды көргөм. Себеби, стипендиянын акчасы менен эле жашап кетсе болот. Жаштар бул жактын билимин, маданиятын, жакшы жактарын алып, Кыргызстанга барып керегин тийгизсе дейм. Жаштар сыртка чыксын, бирок калып калышпаса, себеби мен өкүнгөндөй силердин энеңер
дагы өкүнүп калат дээр элем. Алар неберелерин өзүнүн жанынан, өз элинен көргүсү келет. Кыргыздан куда-сөөк күтүп сыйлашкысы келет. Мындан башка көйгөй кыргыз кыздарынын көбү америкалыктарга күйөөгө тийүүнү көздөгөндөй сезилет. Документ алыш үчүнбү же билбейм. Америкада эркектер аялдарды аябай сыйлашат. Турмушка чыгып бактылуу жашап жаткандар да бар. Эң негизгиси, түгөй тапканда кыздар кыргыздын жигиттерине чыгып, уулдарыбыз кыргыз кыздарын алып таза кандуу балдар төрөлсө деп тилейт элем. Баары бир биздин улуттун өзүнүн бир терең, бийик касиети бар эмеспи.

Кызым Элвира менен

– Америкага жаңы барган кездеги башыңыздан өткөргөн кызыктуу окуялардан, эсиңизде калган олуттуу көйгөйлөрдөн, күлүп эстей турган учурлардан айта кетсеңиз.

– Жаңы келгенде акча жок, тил билбейм, компания аркылуу кыздар болуп келдик, бирок ар кимибиз ар тарапка түшкөнбүз. Март айы болчу. Лос-Анджелесте аба ырайы жылуу экен. А мен болсо калың кийимдер менен келип алгам. Кыргызстандан өзүм менен манты касканымды дагы алып алгам. Себеби жумуш таппай калсам, манты жасап сатам деген ой болсо керек. Манты, ун, эт деген англисче кандай айтылат которулушун билбейм деле. Кийин балам кагазга керектүү сөздөрдү жазып берди. Бир нерсени билбей калсам эле, ошол кагазымды көрсөтө коем. Азыр ошолорду эстеп аябай күлкүм келет.

– Ичиңиздеги айта албай жаткан сөзүңүз барбы, же ушуну эл укса экен деген ой толгооңуз бар болсо биз менен бөлүшө кетсеңиз?

– Эң биринчиден жаштарга кайрылат элем. Жаштар келсин, билим алсын, бирок илимин-билимин
элине, жерине жумшаса мекенибизге салым кошсо жана дагы үй-бүлө курганда өзүбүздүн эле уул-
кыздарыбызга үйлөнүп турмуш курушса дейм. Бирде Италияда ар кайсы өлкөдөн кыргыздын диаспоралары чогулдук. Америкадан балам, келиним, мен болуп үчөөбүз бардык. «Кыргызстанга кошо турган салымыбыз» деген теманын астында конференция өттү. Ошол кезде менде абдан чоң өкүнүч болду. Мынакей, ушул менин кыргызымдеп көрсөтүп мактана карап көзүң тойбогон, абдан акылдуу, билимдүү, таланттуу, уул-кыздарыбыз сыртта жүрүптүр деп ойлодум. Ар бири сахнага чыгып, өздөрүнүн Кыргызстанга кошо турган салымдарын айтып жатканда, кыргызымдын келечегин оңдой турган эр-азаматтар сыртта жүргөнү кейитти. Ушундай терең ойлонгон, ар намыстуу уул-дарыбыз Кыргызстанга барса, бир жылда эмес, жарым жылда экономикабызды көтөрөр беле деп өкүндүм.

– Кыргызстандан өзүңүз айткан бизнестерди ачса болобу? Ушул жетишкендиктерибиз өз жерибизде болсо деген ой кетти беле?

– Эгер мага Кыргызстандан колдоо көрсөтүлсө, кары-картандарга, жаш балдарга шарт түзүп бергим келет. Америкада кары-картаңдарга, жаш балдарга өзгөчө камкордук көрүлгөн. Карыларды камкордукка алгым келет, ошолор үчүн бардык шарты бар үй ачкым келет. Алардын ар бирине өзүнчө көңүл бөлүп, жардам көрсөтсөм деген тилегим бар. Дагы айта кетчү нерсе, америкалыктар шаардын ызы-чуусунан эс алууну жакшы көрүшөт. Табигатта эс алууну аябай жактырышат. Алар эс алган жактарга мен дагы барып көргөм, бирок Кыргызстандын табигатындай сулуу жерди мен көрө элекмин. Ошондуктан чет өлкөлүктөргө өзүмдүн жеримди көрсөтүүгө кызыгам. Биздин жерди көрсө, көп мамлекет тааныса дейм. Эгер туризм жагын өнүктүрсөк, байытабыз десек, ушул жагына көбүрөөк көңүл бөлүшсө болмок. Мен да бул жактан көптөгөн туристтерди жөнөтүүгө жардам бермекмин. Анткени чет өлкөлүктөрдүн ою эс алуу жана дагы эс алуу.

– Кыргызстанды сагынасызбы?

– Албетте, сагынам, АКШнын жакшы нерселерин көрсөм, менин жерим дагы ушундай болсо, ушундай болуп өнүксө деп салыштыра берем. Мени канчалык асырап, пенсиясын берип, балдарым дагы ушул жактан билим алып жаткандыгына карабай, жүрөгүм мекеним деп согуп турат. Балдарым дагы Кыргызстанга барып салымыбызды кошсок деп тилек кылышат. Бул жактан баарын тапсаң болот, бирок ыйман, жан дүйнөдө жылуулук жок. Бизде кубанса да, ыйласа да өңүнө чыгып, жүрөгү менен айтып, бардыгын жүзүнөн көрсө болот. Ошондуктан мен ак көңүл, ишенчээк, ыйманы ысык кыргызыма эле кетким келет. Эки жылда бир барып сагынычымды таратып келем. Барган сайын ыйлап түшүп, келатканда ыйлап келем. Себеби биздикиндей жылуу мамилени, сыйлашууну эч бир жерден таппайсын. Кудай кааласа, бактылуу дөөлөттүү карылыкты мекенимден өткөрсөм деген тилегим бар.

Нуржан БАКИЕВА, “Кыргыз Туусу”.

Айтурган МОМУНБЕКОВА, “Кыргыз Туусунун” Практиканты