Коопсуздук кеңеши кокуй чиновниктерди кокодон алды

2020-жылдын 24-январындагы Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинде мамлекеттин бутун тушаган маанилүү маселелер (санариптештирүүнү кечиктирүү, коррупцияга каршы күрөш ж.б.) каралды. Эң башкысы, бул жолку жыйында Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди өз убагында аткарбай койгондор мындан ары жазасыз калбай тургандыгы бардыгына сабак болду окшойт.

С.Жээнбеков: «Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарга жетиштик, бирок, иш дагы эле жетишсиз»

Бул жолу Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы каралды. Эске сала кетсек, 2018-жылдын 8-февралында болуп өткөн биринчи Коопсуздук кеңеште сот-укуктук реформаларды аягына чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, ал эми 2018-жылдын 14-декабрындагы жыйынында „Санарип Кыргызстан 2019-2023“ концепциясы, 2019-жылдын 14-январдагы жыйынында “Жер казынасын пайдалануу жана тоо кен казуу тармагындагы маселелер” каралган.

Коопсуздук кеңешинде каралган бул маселелер, бүгүнкү күндө Кыргызстандын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп калганын жакшы билебиз. Бирок, Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди ишке ашырууга келгенде, дагы болсо тоодой кемчиликтербар экендиги жыйында ачык айтылды. Алсак, «Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарга жетиштик, бирок, иш дагы эле жетишсиз»,- деди Президент. Жыйындын жүрүшүнөн көрүнгөндөй, айрыкча санариптештирүү саясаты аксап, тоо-кен тармагына тиешелүү Коопсуздук кеңешинин чечимдери жарым-жартылай гана ишке ашыптыр.

Президент санарип коомду түзүү, коррупцияны жоюу жана ачык коомду түзүү жолу менен мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилелерди киргизүүгө багытталганын, Концепцияны ишке ашыруу — коррупцияны азайтып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кыларын дагы бир жолу баса белгиледи.

Тоо жылса да тоо-кен тармагыбыз жылбай койду

Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 14-январдагы чечими — жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жана тоо кен казуу секторундагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганын, анда кен байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, кен байлыктардын запастарын эсепке алуу, лицензия берүү системасындагы коррупцияны жоюу, лицензияларды кайра сатуу менен алектенүүгө бөгөт кое турган жолдор сунушталганын эске салды Президент… Бирок аткарылышы кандай? Коопсуздук кеңешинде Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов аткарган иштерин көрсөтүүгө канчалык аракет кылганы менен бир нерсе дайын болду. Көрсө, аталган комитет эмдигиче Борбордук лабораториясын бүткөрүп албаптыр. Ага болгону эле 2,5 млн. доллар керек экен. Мына кызык! Тоо-кен тармагында өзүбүздүн ишенимдүү Борбордук лабораториябыз болбосо, анда кандай болуп калат?

Салыштырмалуу айтсак, таш казып жатабыз демиш болуп, алтыныбызды ташый беришсе боло береби?! Тоо-кен тармагы мамлекеттин негизги таянычы экенин эске алсак, муну шалаакылыктын жана кайдыгерликтин жеткен чеги деп айткандан башка аргабыз жок! Анан калса Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде Коопсуздук кеңеши тарабынан белгиленген иш-чаралардын аткарылышы 53 гана пайызды түзөт экен. Президент иштин мындай ачык эле жасалбай жатканын, «саботаж кылуу» катары баалады. Президент: “Коопсуздук кеңешинин жыйналышы өткөн күндөн бери дээрлик бир жыл өттү. Сизге түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн чара көрүүгө убакыт берилген. Бирок мен олуттуу жакшыруулар болгонун көрө алган жокмун. Бир жыл өттү, абал өзгөргөн жок» — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Президент кен казуу тармагындагы чабал саясат жана бул багыттагы мыйзамдын жеткилең эместиги тоо кен казуу тармагына гана эмес, өлкөнүн бүтүндөй экономикасына, анын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасир тийгизип жатканын, ошондой эле Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Коопсуздук кеңешинин чечимин ишке ашырууда жеткиликтүү иш алып баргандын ордуна “инвестор келсе эле жер даяр” деген кыязда четте карап турушканын, иш жүзүндө инвесторлор — жер участкаларын бөлүп берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө туш болуп жаткандыгын ашкереледи. Мамлекет башчы буга чейин Өкмөт тарабынан Тоо-кен тармагын өнүктүрүү жана кен байлыктарды коргоо боюнча концепция иштелип чыкпаганын сынга алды. “Силердин ушул кайдыгер мамилеңер — Коопсуздук кеңешинин чечиминдеги башка иш-чаралардын да аткарылбай калышына алып келүүдө”,- деди ал.

Санариптештирүү саясатын сайга калтыргандар

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңешинин кайсыл тапшырмалары аткарыла элек экендигин айтты. Анын айтымында, “Мектеп медицинасы” жана “Акылдуу мектеп” долбоорун киргизүү чечимдери аткарылган эмес. Ишке ашыруу мөөнөтү 6 айга кечиккен. Андан тышкары, “Санариптик Кыргызстан” Концепциясын ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн атайын парламенттик-өкмөттүк комиссияны түзүү чечими да аткарылган эмес. Ошондой эле ал маалымат алмашуу жүргүзүлбөгөн министрликтерди жана ведомстволорду атады. Алар:

— Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

— Эсептөө палатасы;

— Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы;

— Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

— Мамлекеттик миграция кызматы;

— Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы;

— Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;

— Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

— Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги;

— Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;

— Кыргыз аккредитациялоо борбору;

— Мамлекеттик байланыш агенттиги;

— Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия;

— Жогорку аттестациялык комиссия.

«Абал жакшырбаса айдаласыңар»

Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын июль айына чейин Коопсуздук кеңешинин санариптештирүү чечимин аткаруу боюнча иштери тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй, бул маселе Коопсуздук кеңештин жыйналышында карала турганы маалым болгондон кийин гана мамлекеттик органдар эсине келип, айрым иш-чаралар аткарыла баштаганын айтты. «Санариптештирүү чөйрөсүндө кандай иш-чаралар аткарылбай жаткандыгы тууралуу маалыматтарды Коопсуздук кеңештин катчысы да баяндады. Мен бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине Коопсуздук кеңештин чечимдеринин аткарылбай калышына жол берилбей турганын эскертем. Бул эскертүү — «Түндүк» системасынын алкагында мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну толук камсыз кылбаган мамлекеттик органдардын жана ведомстволук уюмдардын жетекчилерине тиешелүү. Эгерде абал жакшырбаса, жарым жылдын жыйынтыгында өтө катуу тартип чараларын көрөбүз», — деп эскертти Президент.

«Санариптештирүү саясатына тоскоолдук кылуу, саботаж кылуу — бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу»

Сооронбай Жээнбеков Өкмөт кыска мөөнөт ичинде, Коопсуздук кеңештин чечиминдеги ар бир иш-чара өз учурунда жана жогорку деңгээлде ишке ашырылышына бардык чараларды көрөт деген ишенимин билдирди. Ал маалымкаттарды автоматташтырууга, «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санарип мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнүн зарылдыгына токтолуп, мындай деди: «Электрондук форматта көрсөтүлө баштаган кызматтардын сапатына өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Биринчи кезекте, маалыматтар базасын түзө элек жана түзүүнү создуктуруп жиберген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин карап чыгып, өтө катуу тартип чараларын көрөбүз». 

«Санариптештирүү билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында өзгөчө мааниге ээ. «Мектеп медицинасы — Ай-Ти-оорукана» жана «Акылдуу мектеп» долбоорлорун колдонууга киргизүү формалдуу болуп жатат. Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылган чиновниктерге биз кайдыгер карап отура албайбыз. Андай жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылабыз. Өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашырууга дараметиңер жетпей жатса, кызматыңарды таштоого мажбур болосуңар. Санариптештирүү саясатына тоскоолдук кылуу, саботаж кылуу — бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Андан ары Президент “Өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашырууга дараметиңер жетпей жатса, кызматыңарды таштоого мажбур болосуңар», — деп катуу айтты.

«Түндүк» десе түйүлө качкан — Соцфонд

Президент, азыркы учурда бардык мамлекеттик органдар «Түндүк» маалымат алмашуу системасына кошулганын белгиледи. “Натыйжада 40 мамлекеттик орган жана 16 коммерциялык уюм ушул система аркылуу маалымат алмаша баштады. Бул бюрократияны кыскартып, жарандарыбыздын убактысын үнөмдөйт”, — деди ал. Бирок, мамлекеттик Соцфонд мекемеси башка бир аралда жашап жаткансып, «Түндүк» маалымат алмашуу системасына кошулбаптыр. Буга байланыштуу Президент мекеменин жетекчиси Медербек Ирсалиевге: “Биз 2 жылдан бери бул тууралуу кан-какшап келе жатабыз. Ал эми Соцфонд “Түндүккө” кошулгусу келбей өзүнчө иштеп жатат. Бул кымбатка түшүп жатпайбы. Силер эмне өзүнчө мамлекетсиңерби? Эмне үчүн “Түндүккө” кошулбайсыңар? Мындай укукту силерге ким берди? Президент жарлыкка кол коюп, Өкмөт токтом чыгарып жатса, аны аткарбаган силер кимсиңер? Муну менен пенсионерлердин жана коммерциялык банктардын ишин татаалдантып жатасыңар. Мамлекеттик органдар, бизнесмендер маалымат алуулары үчүн системага киргенди тездеткиле”,- деди.

«Санариптештирүү — менин президенттик ишимдин негизги маңызы»

Мамлекет башчы Премьер-министр, Жогорку Кеңеш Төрагасы, Жогорку Соттун төрайымы, президенттик аппаратка кайрылып, министрликтерге, ведомстволорду максималдуу колдоп, санариптештирүү саясатын чогуу алып кетип, ишти тездетүүгө чакырды: “Ар бир министрден, ведомство жетекчисинен тартып, оорукананын, мекеменин, мектептин жетекчиси да санариптештирүү үчүн керт башы менен жоопкер. Санариптештирүү — менин президенттик ишимдин негизги маңызы экенин дагы бир ирет эсиңерге салам. Анткени коррупциянын негизги себепчиси болгон адамдар ортосундагы өз ара алаканы санариптештирүү гана жоё алат. Санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңеш кабыл алган чечимди аткарууну тездетүү деген талап объективдүү факторлор менен шартталган. Маалымат технологиялары абдан тез өзгөрөт. Ар бир күндү текке кетирүү биздин өлкөнүн санарип дүйнөдөн артта калуу тобокелдигин жаратат. Буга жол бере албайбыз».

«Санариптештирүү — коррупцияга каршы негизги курал»

«Коррупцияга каршы күрөшүү улантылат. ЖМК, жарандык сектор колдоп жатышат, мындай колдоо менен биз күрөштү күчөтөбүз» — деген Президент, Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары кабыл алынган бардык чечимдери коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталганын эске салды. “Коррупция деген илдет адамзаттын көйгөйү, биздин коомду да эң түйшөлткөн көрүнүш. Тилекке каршы, коррупция биздин өлкөнүн улуттук коопсуздугунун коркунучу бойдон калууда. Өнүгүүбүзгө жолтоо болуп жатат. Коррупция ар бир жаранга жана чет өлкөлүк инвесторлорго залалы тийген орчундуу маселе бойдон калууда», — деп белгилеген Президент, коррупцияга каршы күрөштө ийгиликке жетүү үчүн негизги курал — санариптештирүү экендигин өзгөчө көрсөттү. «Санариптештирүүнү — эч качан токтоп калбай, дайыма улана турган узак, бирок, зарыл саясат катары карайбыз. Тоо-кен тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу үчүн да жаңы технологияларды активдүү киргизебиз. Бул чөйрөдө ачык-айкындыкты орнотуу менен коррупцияны кескин кыскартабыз», — деди ал.

«Былтыйып гана отурасыңар!»

Президент айрым мамлекеттик органдар, күч структуралары, сот бийлиги боюнча эл арасында жана бизнесте, ЖМКларда сын пикирлер айтылып жатканына өзгөчө токтолду. Айрыкча күч структуралары өздөрүнүн ичинде болуп жаткан коррупцияны жоймоюн иш алдыга жылбай турганын белгиледи. “Колуңардан келбесе, аткара албасаңар кеткиле да”, — деген Президент күйгөнүнөн буларды айтты: “…Алмаматов боюнча. Биринчи сот, 12,5 жыл берсе, кийинки сот бошотуп жиберди. Ал жердеги коррупцияны токтотуш үчүн, коррупциялык схемаларды жоюш үчүн Коррупцияга каршы кызматы канча айлап, күнү-түнү иштеди. Анан бир сот, менен бир прокурор чыгарып койсо? Эмне үчүн сот иштейт, эмне үчүн прокурорду иштен албайсыңар… Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер отурасынар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүнө жасалып жатса, чара көрбөйсүңөр! Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот, өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар. Айтпасам мейли эле, филармонияда салтанатта чоң трибунадан декабрда эле айттым. Эй, үйүңөрдөгү менчигиңер болсо каалаганыңарды кыла бергиле. Бул мамлекеттик кызмат, мамлекеттик иш, эл берген иш. Ичиңердеги коррупцияны жоё албай, кармап берген коррупционерди соттой албай жатып, кантип коррупцияны жоёсуңар?!”

М.Абылгазиев: «2020-жылдын аягына чейин санариптештирүү бүткөрүлөт»

Коопсуздук кеңешинде Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы өлкөнү санариптештирүү толук аягына чыгарын билдирди. “15 пайыздай аткарылбаган иш калды. Ошондой эле санариптештирүү киргизилген айрым тармактарда аягына чыгарылбаган технологиялар жана жөнгө салуулар бар. 2020-жылы толук санариптештирүүгө өтөбүз деп ойлоймун”,- деди ал.

Жыйынтыктар

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев акыркы эки жылда Коопсуздук кеңеши ынандыруу ыкмасы менен иштеп, чечимдерди ишке ашыруу зарылдыгын эскертип келгенин айтты. «Бүгүнкү жыйын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча сунуштарды эсепке албай келгендерди кызматтан бошотууга чейинки конкреттүү чараларды колдоноорубузду көрсөттү», -деди ал.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин чечиминде каралган сунуштамаларды системалуу бузгандыгы үчүн Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевди кызматтан алуу, Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго, анын эки орун басары — Мырза Жаманбаев жана Карыбек Ибраевге катуу сөгүш жарыялоо сунушталганын, ошондой эле 30 мамлекеттик органдын жетекчилери тартип жоопкерчилигине тартыларын айтты.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын 24-январында өткөн Коопсуздук кеңешинин чечими менен мамлекеттик органдардын кен пайдалануу тармагында чечимдерди ишке ашыруу боюнча жумушу канааттандырарлык эмес, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарында коррупция менен күрөшүү жана санариптештирүү боюнча иштер жетишсиз деп табылды. Кийинки жыйындарында Президенттин тапшырмасы менен саламаттыкты сактоо жана энергетика маселелери каралмай болду.

 

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”,

Сүрөттөр С.Досалиевдики